The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesJonah [Yunus] - Kyrgyz translation
Surah Jonah [Yunus] Ayah 109 Location Maccah Number 10
Алиф, Лам, Ра.[1] Булар даанышман Китеп (Куран) аяттары!
Өздөрүнүн арасынан (Биз тандап алган) кишиге: (Мухаммадга) “Адамдарды (тозоктон) эскерт жана ыймандууларга Раббисинин алдындагы толуп-ташкан чыныгы сыйлыктар жөнүндө кушкабар бер” деп аян-кабар жиберишибиз (каапыр) адамдарга таңкалычтуу болдубу? Каапырлар (Аллахтан ушул аян-кабарды алып келген пайгамбар жөнүндө:) “Бул анык сыйкырчыдан башка эч ким эмес” - дешти.
Чынында, силердин Раббиңер Жер менен асмандарды алты күндө жаратып, андан кийин (жер-асмандардан да кең болгон) Арштан бийик болду.[1] Ал (бүт ааламдардагы) ишти (жалгыз Өзү) башкарат. Анын уруксаты болмоюн, (Анын алдында) эч ким (башка бирөөгө) шапаатчы (колдоочу) боло албайт. Ушул Аллах – Раббиңер. Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Эми, эсиңерге келбейсиңерби?!
Аллахтын убадасы - акыйкат: (Анын убадасы боюнча) бардыгыңардын кайтып барарыңар - Өзүнө. Ал оболу калк-калайыкты жаратат. Кийин ыйман келтирип жакшы иш кылгандарды адилет сыйлаш үчүн жаратууну (экинчи жолу) кайталайт. Каапыр болгон адамдарга болсо, каапыр болгонунун жазасына жан ооруткан азап жана кайнак суудан шарап бар!
Ал Күндү жарыткыч, Айды Нур кылып койду. Жана силер эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн Айга бир нече орундарды белгилеп койду. Аллах муну акыйкат менен жаратты жана биле турган адамдар үчүн аяттарды ачык-айкын баян кылып жатат.
Чынында, түн менен күндүздүн алмашып турушунда жана жер-асмандардагы Аллах жараткан нерселерде такыба адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
Бизге жолугууну үмүт кылбай (ишенбей), дүйнө жашоосуна гана ыраазы болуп, ошого жөлөнүп жүргөндөр жана Биздин аяттарыбызга көңүл бурбай койгондор…
Алардын жазасы – тозок, кылмыштарына жараша!
Чынында, ыйман келтирип салих амал кылган адамдарды, ыймандары себептүү Раббиси туура жолго баштайт. (Натыйжада) Бейиш бактарында алардын (жайгашкан орундарынын) астында дарыялар агып турат.
Бейиште алардын дуба-ибадаттары: “О, Аллах! Сен бардык кемчилдиктүү сыпаттардан Тазасың!” деген сөздөрдөн, учурашуулары “салам-салам” деген сөздөрдөн. Дубалары(нын аягы) болсо: “Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!” (деген сөз менен бүтөт).
Эгер Аллах (каапыр) адамдарга жакшылыкты (алар өздөрү) шаштырышканы сыяктуу жамандыкты да шаштырып келтирчү болсо, (качан эле) алардын жашоо мөөнөттөрү бүтүп (кыйрап) калмак. (Бирок) Бизге жолугууну үмүт кылбаган адамдарды өз адашуусунда, тентиген кейипте таштап койобуз.
Жана эгер бир инсанды (ооруу, апаат сыяктуу) зыян кармаса, жатып да, отуруп да, турган абалында да Бизге (жалбарып) дуба кылып калат. Эми, качан андан зыянды арылтсак, зыян кармаганда Бизге дуба кылбаган сыяктуу (тескери) басып кетет. Чектен чыккан адамдарга жасаган иштери ушинтип кооз көргөзүп коюлат.
Биз силерден мурун да көп муундарды каапыр болуп кеткенде кыйратып салганбыз. Аларга өз пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде, ыйман келтирбей коюшкан болчу. Биз күнөөкөр элди ушинтип жазалайбыз.
Кийин, алардын артынан силерди жерде орунбасар кылдык. Кандай амал кылышыңарды (сынап) көрүү үчүн.
Эгер аларга Биздин анык аяттарыбыз окуп берилсе, Бизге жолугууну үмүт кылбаган (мушрик) адамдар: “(О, Мухаммад,) бизге мындан бөлөк Куран алып кел же аны (биздин каалоолорубузга ылайыктап) өзгөрт”- дешкен. Айткын: “Мага аны өз оюм менен өзгөртүү мүмкүн эмес. Мен (Куранды өзүм ойлоп чыгарбаймын) болгону, өзүмө (Аллах тарабынан) вахий кылынган нерселерди гана ээрчиймин. Эгер мен Раббиме күнөө кылсам, Улуу Күндүн азабынан коркомун!”
Айткын: “Эгер Аллах каалаганда мен силерге муну окуп бербейт элем жана Ал (Аллах) да аны силерге үйрөтпөйт эле. Мен өмүр бою өзүңөрдүн араңарда (жашап) келем го! Акылыңарды иштетпейсиңерби?».[1]
Аллахка жалаа жаап, аяттарын "жалган" деген адамдардан залым ким бар?! Чынында, күнөөкөр адамдар эч качан жеңишке (бейишке) жетпейт!
(Мушриктер) Аллахтан башка, пайда да, зыян да жеткире албай турган нерселерге ибадат кылып: “Ушулар Аллахтын алдындагы биздин колдоочуларыбыз” - дешти. Айткын: «Силер Аллахка асмандар жана жердеги билбеген “шериктерин” билгизип коймок болдуңарбы?!» Ал (мушриктер ойлогондой болуудан) Таза жана алардын ширктеринен Бийик!
(Мурун) адамдардын бардыгы бир динде болушкан. Кийинчерээк (пикирде) чачыранды болуп кетишти.[1] Эгер Раббиң тарабынан өткөн (каапырларга бул дүйнөдө мөөнөт берүү жөнүндөгү) сөз болбогондо, каршы чыккан иштеринде аларга (кыйратуу менен) өкүм кылынмак.
(Каапырлар): “Ага Раббиси тарабынан (көзүбүзгө көрүнгөн) бир белги-моожиза түшүрүлбөйт бекен!” дешти. Айткын: “Кайып (илими) жалгыз Аллахка таандык. (Силер менин акыбетимди) күткүлө, мен да силер менен бирге (силердин акыбет-натыйжаңарды) күтүүчүлөрдөн болоюн.
Эгер Биз адамдарга, жеткен (оору, каатчылык сыяктуу) машакат-мүшкүлдөрдүн артынан (ден-соолук, байлык, тынчтык сыяктуу) ырайым-рахмат даамын таттырсак, капыстан Биздин аяттарыбыз жөнүндө амалкөйлүк кылып (жалган айтып, шылдыңдап) башташат. Айткын: “Аллахтын амалкөйлүгү (силердикинен) тезирээк!” Чынында Биздин (периште) элчилерибиз силердин айла-амалыңарды жазып турат.
Ал (Аллах) силерди деңизде жана кургактыкта жүргүзгөн. Кайсыл бир убакытта силер деңиз койнунда – кемелерде болгонуңарда, кемелер жагымдуу жел менен аларды сыздырып баратканда жана аны менен сүйүнүп турушканда (капыстан) аларга добул шамалдар, ар тарабынан толкундар келип, оролуп калганын сезишкенде Аллахка чын ыкыластары менен: “Эгер ушундан куткарсаң шүгүр кылуучулардан болобуз!” - деп дуба кылышат.
(Аллах) аларды куткарып койгондон кийин болсо, жер бетинде акыйкатсыздык менен (Аллахтын жалгыз Өзүнө сыйынбай) зулумдук кылышат. О, адамдар! Силердин зулумуңар өзүңөргө гана зыян. (Силер) дүйнө жашоосунун пайдаларын гана (үмүт кыласыңар) кийин (кыяматта) Өзүбүзгө кайтарыласыңар жана Биз силерге кылган ишиңердин кабарын билдиребиз.
Чынында, дүйнө жашоосунун (лаззат-кооздуктарынын) мисалы - Биз асмандан түшүргөн сууга (жана ошол суу менен жер кооз болуп калганда бир апаат менен жок болуп калганга) окшош: (оболу) ал суу менен адамдар жана айбандар жей турган жер өсүмдүктөрү аралашып, (суу алардын тамыр-денесине сиңип) жер көркүнө келип, кооздоно жасанганда, жер элдери “Биз жер үстүндө кудуреттүүбүз” деп калышты. (Ошондо гана) түндөсү же күндүзү жерге Биздин буйругубуз (азабыбыз) келип, аны кечээ гана дөөлөттүү болбогон сыяктуу кыйратып койдук! Биз пикирин иштеткен адамдарга аяттарды ушинтип баян кылабыз.
وَٱللَّهُ يَدۡعُوٓاْ إِلَىٰ دَارِ ٱلسَّلَٰمِ وَيَهۡدِي مَن يَشَآءُ إِلَىٰ صِرَٰطٖ مُّسۡتَقِيمٖ [٢٥]
(О, инсандар! Силерди) Аллах Тынчтык Үйүнө (бейишке) чакырат жана Өзү каалаган пенделерин туура жолго (Исламга) баштайт.
(Аллахка ибадатты) Эң сонун кылган адамдарга эң сонун нерсе (бейиш) жана ашыкчасы (Аллахтын Жүзүн көрүү) бар. Алардын жүздөрүнө эч бир чаң, эч бир кордук (белгиси) жукпайт. Алар бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат.
Ал эми, жаман иштерди жасаган адамдар үчүн, өзүндөй жаман жаза (тозок) бар. Аларды кордук ороп алат жана Аллах тарабынан эч бир сактоочу болбойт. Алардын жүзү тим эле караңгы түндүн бир бөлүгүнө оролуп алган сыяктуу (болуп калат). Дал ошолор тозок ээлери, анда түбөлүк калышат.
Биз алардын бардыгын чогулткан (Кыямат) Күндө, мушриктерге: “Силер (Мага шерик кылган) көп “кудайыңар” менен ордуңардан жылбай тургула!” дейбиз. Кийин алардын арасын ажыратып койобуз. (Ошондо) алардын (Мага) шерик кылган “кудайлары” (мушриктерге карап): “Бизге сыйынган эмессиңер!
Силер менен биздин арабызда Аллах жетиштүү Күбө: биз силердин ибадат кылганыңарды билген эмеспиз” - дешет.[1]
Ошол жерде ар бир жан өзү жасап өткөн иштерин сыноодон өткөрөт. Жана чыныгы кожоюндары – Аллахка кайтарылышат. Ойлоп тапкан жалган “кудайлары” алардан жоголуп кетет.
(О, Мухаммад, мушриктерге) айт: “Силерге асмандардан жана жерден ким ырыскы берет? Же болбосо, кулактардын, көздөрдүн ээси ким? (Ким ал экөөнү жаратып, угуу, көрүү касиетин берди?) Ким өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгара алат? (Ааламдагы) иштерди ким башкарат?” Алар дароо: “Аллах” – деп жооп беришет. Анда сен айткын: (Ошол Аллахтан) коркпойсуңарбы?”.
Ушул Аллах силердин чыныгы Раббиңер. Чындыктан кийин адашуучулуктан башка эч нерсе келбейт. Кайда бурулуп бара жатасыңар?!
Ошентип, бузулган элдерге, ыйман келтирбегени себептүү Раббиңдин (азап жөнүндөгү) Сөзү аткарылды![1]
Айт: «(О, мушриктер!) силердин (Аллахтан башка) “кудайыңардын” арасында калк-калайыкты башта жаратып, (кийин өлтүрүп) анан кайра жарата ала турганы барбы?» Айт: «Аллах (гана) башта жаратып, (аны өлтүргөндөн) кийин кайра жарата алат! (Ошол Аллахка сыйынбай) кайда бара жатасыңар?!
Айткын: “Силердин “кудайыңардын” арасында акыйкатка баштай ала турганы барбы? Айт: “Аллах гана акыйкатка баштай алат! (Айткылачы), ким артынан ээрчигенге көбүрөөк татыктуу: акыйкатка баштай ала турганыбы же баштай албай, тескерисинче, өзү баштоочуга муктаж болгонубу?! Силерге эмне болгон? Кандай өкүм чыгарып жатасыңар?!
Алардан (мушриктерден) көпчүлүгү шек-күмөндөрдү гана ээрчийт. Чынында, күмөн деген акыйкаттын ордун баса албайт. Аллах алардын иштерин Билүүчү.
«Бул Куран Аллахтан башка эч кимден келбеген. Ал (Куран) өзүнөн мурунку (Тоорат, Инжил, Забур сыяктуу) китептерди тастыктайт, (адал-арам маселелерин) толук баяндап берет. Анын ааламдардын Раббиси тарабынан келгенине эч бир шек-күмөн жок».
Же алар: “Аны (Мухаммад) ойдон чыгарган” - дешеби? Айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, Аллахтан башка колуңардан келген ар кимдерди чакырып болсо да, ушуга окшош бир гана сүрө келтиргилечи?!”
Жок! Алар Куранды үйрөнбөй туруп, анын түшүнүк-маанисин билбей туруп эле “жалган” дегенге шашылышат. Алардан мурунку каапырлар дагы (өз пайгамбарына келген чындыкты) ушинтип “жалган” дешкен. Эми, залымдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой!
Алардын арасында Куранга ыйман келтиргендери да бар, ыйман келтирбегендери да бар. Сенин Раббиң бузуку адамдарды Билүүчү.
Эгер сени “жалганчы” дешсе (көңүл бурбай, даават ишиңди уланта бер, жана) аларга айт: “Менин ишим - өзүмө, силердин ишиңер - өзүңөргө. Менин иштериме силер жооп бербейсиңер, силердин ишиңерге мен жоопкер эмесмин”.
Алардын арасынан кээ бирөөлөрү сага кулак салышат. Сен дүлөйлөргө кантип угузмак элең, (өздөрү) акылдарын иштетпей жатышса.
Алардын дагы бирөөлөрү сени(н аракетиңе сын тагып) тиктеп турушат. Эгер (акыл көзү менен) көрө алышпаса, сен сокур адамды кантип туура жолго баштамаксың?
Аллах адамдарга эч зулумдук кылбайт. Бирок, адамдар өздөрүнө-өздөрү зулумдук кылып алышат.
Ал (Аллах) адамдарды чогулткан (Кыямат) Күндө, алар (бул дүйнөдө) күндүздүн бир саатын гана (жашап) тургандай болушат. Бири-бирлерин таанып турушат. (Ошондо) Аллахка жолугууну “жалган” дегендер зыян тартып калышат. (Анткени,) алар туура жолго түшкөн эмес!
(О, Мухаммад!) Эгер Биз аларга убада берген нерсени (ушул дүйнөдө жазалоону) сага көрсөтсөк да, же (көргөзбөй эле) сенин жаныңды алсак да (капа болбо, акырында) алар Өзүбүзгө кайтып келишет. Анан, Аллах алардын бардык кылмыштарына Күбө болот.
(Тарыхтагы) ар бир эл-үммөт үчүн пайгамбар (жиберилген). Качан аларга пайгамбарлары келгенде (кээ бирөөлөрү ыйман келтирип, көпчүлүгү жалганчыга чыгарышкан. Ал эми, Кыяматта) аларга эч бир зулумдук кылынбай, адилеттик менен өкүм кылынат.
(Мушриктер): “Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы, о мусулмандар, Аллах бизди жазалайм деген) ошол убада качан?”- дешет.
Айткын: “Мен өзүмө Аллах каалагандан башка не пайда, не зыян жеткире албаймын (мен болгону силер үчүн эстетүүчүмүн). Ар бир үммөттүн белгиленген мөөнөтү бар. Качан ошол мөөнөтү келгенде, алар бир саатка да кечиктирилбейт жана тездетилбейт.
Айткын: “Эмне деп ойлойсуңар, Аллахтын азабы силерге түндөсүбү же күндүзүбү келсе (силер үчүн анын айырмасы канчалык?!) Кылмышкерлер азапты эмне мынча шашылтырышат?
Кийин (капыстан) ал азап келгенде, (дароо) ыйман келтирдиңер. Эмиби?! (Эми ыйманыңар кабыл болбойт. Кеч болуп калды!) Силер аны шаштырбадыңар беле?!
Кийин (Акыретте) залым адамдарга: “Түбөлүк азапты таткыла! Силер кылмышыңарга жараша гана жазаланасыңар” - деп айтылат.
Жана алар сенден: “Ушул чындыкпы?” деп сурашат. Айткын: “Ооба, Раббиме ант: бул – чындык! Силер Аллахты алсыз кыла албайсыңар!
Жана (Кыяматта) ар бир зулумдук кылган жан үчүн бүт жер жүзүнүн байлыгы (күнөөсүнө) төлөм катары берилсе да, азапты(н бар экенин өз көзү менен) көргөндө, ичтен сызып, бушайман чексе да, аларга эч зулумдук кылынбаган абалда, адилеттик менен өкүм кылынат.
Көңүл бургула! Чынында, асмандар жана жердеги нерсенин бардыгы Аллахка таандык! Көңүл бургула! Чынында, Аллахтын убадасы – Акыйкат! Бирок муну алардын көпчүлүгү билишпейт!
Ал өлтүрөт жана тирилтет. (Мында Ага эч ким шерик боло албайт) Жана Анын Өзүнө кайтарыласыңар.
О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан насаат, көкүрөктөгү бузулууларга шыпаа, туура жол жана бүт ааламдар үчүн ырайым (болуп Куран китеби) келди.
Айт: “Аллахтын пазилети (Куран) жана ырайымы (дин-ыйман) – ушулар менен сүйүнүшсүн! Бул алар чогулткан (мал-дүйнө сыяктуу) нерселерден жакшы!
Айт: “(О, мушриктер!) айткылачы, Аллах силерге түшүрүп берген ырыскыларды(н бирин) арам, (бирин) адал кылдыңар”. Айткын: “Кабар бергилечи, силерге (бул жоругуңарга) Аллах уруксат бердиби, же Аллахка жалаа жаап жатасыңарбы?[1]
Аллахка жалгандан жалаа жаап жаткан адамдар Кыямат күнү кандай ойлонушат болду экен? Чынында, Аллах адамдарга пазилеттүү. Бирок, адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт.
(О, адамдар!) Силер кандай гана абалда болбогула, Курандан эмнени гана окубагыла, кандай гана иш жасабагыла – Биз силердин ошол иш менен алек болгонуңарга Күбө болуп турабыз. (О, Мухаммад!) Сенин Раббиңден асмандар жана жердеги кыпындай нерсе да жашыруун боло албайт. Ошол нерседен чоң же кичине болгон нерселердин бардыгы Анык Китепте (Лаухул-Махфузда) жазылган!
Уккула! Чынында, Аллахтын досторуна (келечекте) эч коркунуч жок жана алар (өтмүштөгү иштерине да) кайгырышпайт.
Алар ыйман келтирип, такыба болгон адамдар.
Алар үчүн Дүйнөдө жана Акыретте сүйүнчү кабарлар бар. Аллахтын сөздөрү (эч качан) өзгөртүлбөйт. Бул – Улуу Жеңиш!
(О, Мухаммад) Сени алардын (динге жана сага багытталган ыпылас) сөздөрү капа кылбасын. Бардык урмат-ызаат Аллах үчүн! Ал – Угуучу, Билүүчү!
Уккула, чынында асмандар жана жерде болгондун бардыгы Аллахтын гана мүлкү. Аллахтан башка “кудайларга” дуба (ибадат) кылып жаткандар шек-күмөндөрдү гана ээрчишет жана жалгандарды гана божомолдошот.[1]
Ал (Аллах) силерге анын койнунда бейпил дем алышыңар үчүн түндү жана (анда турмуш-тиричилик кылууңар үчүн) жарык күндүздү чыгарып берди. Албетте, бул нерседе (аң-сезим менен) уга билген адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.
(Каапырлар) “Аллахтын баласы бар” дешти. Ал (каапырлардын сыпаттоосунан) Таза! Ал – Беймуктаж. Асмандар жана жердеги бардык нерселер Анын менчиги. (Оо, каапырлар!) Силердин алдыңарда бул сөзүңөргө далил жок! Эмне, силер Аллах жөнүндө билбеген (далилсиз) нерселерди сүйлөй берсиңерби?!
Айткын: “Аллахка жалгандарды ойлоп тапкан адамдар (тозоктон) кутулушпайт!”
(Алар үчүн) Дүйнөдө (өз жалгандары менен бир аз) пайдалануу бар. Анан, Өзүбүзгө (кайтып) келишет. Анан, аларга каапырчылыктары себептүү катуу азап таттырабыз!
(О, Мухаммад) Аларга Нухтун кабарын окуп бер: Бир кезде Нух коомуна (кайрылып) айтты: “О, коомум! Эгер менин (динге даават кылып, көп жылдар араңарда) турушум жана Аллахтын аяттарын эскертишим силерге оор келген болсо, Аллахка тобокел кылдым, (мага каршы) бардык амал-күчүңөрдү жана Аллахка шерик кылган бардык “кудайыңарды” чогулта бергиле. Ишиңер өзүңөргө белгисиз болуп калбасын. Анан мага эч мөөнөт бербей, (колуңардан келгенин) кылгыла![1]
Эгер (насааттарымды кабыл албай) кетсеңер, мен силерден (динге чакырганым үчүн) акы сураганым жок. Сооп-сыйлыкты мен Аллахтан гана сураймын. Жана мен мусулмандардан (Аллахтын Өзүнө гана моюн сунуучулардан) болууга буюрулганмын”.
Андан соң коому аны (дагы бир ирет) “жалганчы” дешти. Анан Биз аны жана аны менен бирге болгондорду кемеде куткарып, (топон суудан кыйрагандарга) орунбасар кылдык жана Биздин аяттарыбызды “жалган дегендерди чөктүрүп салдык. Эскертилген адамдардын акыбалы кандай болгонун көрүп кой.
Кийин Биз анын (Нухтун) артынан (көп) пайгамбарларды өз коомдоруна жибердик. Алар коомдоруна анык далилдерди (моожизаларды) көргөзүштү. Бирок, алар, (моожизаларды көрсө да) мындан мурун “жалган” деген нерселерине (динге) ыйман келтиришпеди. Биз чектен чыгуучулардын жүрөгүн ушинтип мөөрлөп койобуз.
Андан соң пайгамбарлардын артынан Муса (бин Имран) менен (агасы) Харунду Фараон жана анын сарай кызматчыларына, Өзүбүздүн моожизаларыбыз менен жиберген кезде алар текеберленип, кылмышкер коом болуп калышты.
Анан качан аларга Биздин алдыбыздан Акыйкат келгенде: “Бул – анык сыйкыр” дешти.
Муса айтты: “Силерге Акыйкат келгенде (бул – сыйкыр) деп жатасыңарбы?! Ушул сыйкырбы? Сыйкырчылар максаттарына жете албайт!”
Алар айтышты: “Силер бизди ата-бабалар жүргөн динден тосуу үчүн жана (биздин) жердеги бийлик силерге ооп калуу үчүн (жана бизди өз жерибизден чыгарып жиберүү үчүн) келдиңерби?! Биз экөөңө (эч качан) ыйман келтирбейбиз!”[1]
Анан Фараон айтты: “Мага (Мисир жериндеги) бардык илимдүү сыйкырчыларды алып келгиле!”
Качан сыйкырчылар (Муса менен жарышканы) келгенде Муса аларга: “Эмнени таштоону кааласаңар таштагыла”- деди.
(Сыйкырчылар колдорундагы жиптерди, таякчаларды) таштады эле, (кадимки эле ийрелеңдеген жыландарга окшоп калды. Анда) Муса айтты: “Силер жасаган (ушул) иш (анык) сыйкыр! Аллах тез эле анын жалганын чыгарат! Чынында, Аллах бузукулардын ишин оңдобойт».[1]
Аллах кылмышкерлерге жакпаса да, Өзүнүн сөздөрү менен Акыйкатты бекемдеп койот.
Мусага (көпчүлүк) ыйман келтирбеди. Өзүнүн коомунан бир тайпа жаш жигиттер гана[1] Фараон менен анын адамдары аларды (күч менен) динден кайтарып коюусунан корккон абалда ыйман келтиришти. (Анткени,) Фараон жер бетинде багынтуучу (каардуу) жана чектен чыккандардын бири эле.
Муса айтты: “О, коомум! Эгер Аллахка ыйман келтирген жана мусулман болсоңор, (ыйман милдетин аткаргыла жана) Аллахка тобокел кылгыла!
Алар (Мусанын коому анын сөзүнө муюп) айтты: “Аллахка тобокел! О, Рабби! Бизди залым адамдарга кор (жеңилген) кылып койбо!
Жана Өз Ырайымың менен бизди каапыр коомдон куткар!
Биз Муса менен агасына (Харунга): “Экөөң коомуңар үчүн Мисирде (ибадат кылуучу) үйлөрдү кургула жана (эгер жалпы ибадатканада намаз окууга тоскоолдук болсо) өз үйүңөрдү ибадаткана кылып, намаз окугула. Жана адамдарга (жакында келе турган Аллахтын жардамы тууралуу) сүйүнүчтүү кабар айткыла!”- деп вахий кылдык.
Муса айтты: “О, Раббим! Сен Фараон менен анын адамдарына (бул) дүйнө жашоосунда (ар түрдүү) зыйнаттарды жана мал-мүлктү бердиң! О, Раббим! (Сен дүйнөнү аларга) Өзүңдүн жолуңдан адашып кетүүсү үчүн гана бергенсиң. О, Раббим! Алардын мал-мүлкүнө апаат берип, жүрөктөрүн катырып сал! Качан гана жан чыдагыс азапты көрмөйүнчө ыйман келтире албай калышсын!
(Анда Аллах): “Экөөңөрдүн дубаңар кабыл болду. Эми, (диниңерде) түз болуп, (дааватыңарды улантып) илимсиз адамдардын жолуна ээрчибегиле!”- деди.
Биз Исраил урпактарын деңизден (аман-эсен) өткөрдүк. Фараон менен анын аскерлери зулумдук жана душмандык кылуу үчүн аларды кууп келди. Качан гана Фараон (деңизге) чөгө баштаганда: “Ыйман келтирдим! Чын эле, Исраил урпактары ишенген Аллахтан башка кудай жок! Мен да мусулмандардан биримин!”- деди.[1]
Эмиби?! Кечээ эле күнөөкөр болуп, бузукулардан болуп жүрдүң эле!
Бүгүн (сени өлтүрүп, бирок) денеңди куткарабыз, сенден кийинкилерге сабак болушу үчүн. Чынында, көпчүлүк адамдар биздин аяттарыбыздан кабарсыз калышкан.
Биз Исраил урпактарын эң мыкты орундарга (Фараондон калган кооз жерлерге) орноштуруп, таза-адал нерселерден ырыскы бердик. Алар качан өздөрүнө илим (ыйык китеп) келгенге чейин (чындык жөнүндө) талашып-тартышышкан жок. Чынында, (Оо, Мухаммад,) Сенин Раббиң, алардын арасындагы талашкан нерселерине Кыямат Күндө Өзү өкүм чыгарат.
(О, Мухаммад) Эгер Биз сага түшүргөн нерседе (туурабы же туура эмеспи деп) экиленип калсаң, өзүңдөн мурунку китепти (Тоорат, Инжилди) окуган (ынсаптуу) адамдардан сура.[1] Аныгында, сага Раббиңден Акыйкат (Куран) келди. Эми сен шектенүүчүлөрдөн болбогун!
Жана сен Аллахтын аяттарын “жалган” деген адамдардан болбогун! Анда зыян тартуучулардан болуп каласың!
Чынында, Раббиңдин сөзү (азабы аларга келиши) чындык болуп калган адамдар ыйман келтиришпейт.
Эгер аларга (Аллахтан) бардык далил-моожизалар келсе да, жан кыйноочу азапты (өз көздөрү менен) көрмөйүнчө ынанышпайт.[1]
(Башына азап келе жатканын көрүп) ыйман келтирсе, ал ыйманы өзүнө пайда берген эл-журт жок, бир гана Юнустун коомунан башка. (Юнустун коому азапты көрүп) ыйман келтирди эле, Биз алардан дүйнө жашоосундагы кордук азабын арылтып койдук жана (белгилүү) бир убакытка чейин (жашоо менен) пайдаландырдык.
(О, Мухаммад) Эгер сенин Раббиң кааласа жер бетиндеги бардык адамдар (бири калбай) ыйман келтиришмек.[1] Эмне, сен адамдар (өз ыктыяры менен) ыйманга келгенге чейин эле аларды мажбурлайын деп турасыңбы?!
Аллахтын каалоо-уруксатысыз эч бир жан ыймандуу боло албайт. Ал эми, акылын иштетпеген адамдарды (Аллах таала) азапка (дуушар) кылат.
(О, Мухаммад) Айткын: “Асмандар жана жердеги (Анын кудуретине белги болгон) нерселерге карагыла. Бирок, (бул) белгилер жана (азаптан) эскертүүлөр ыймансыз адамдарга пайда бербейт.
(Каапырлар) өздөрүнөн мурун өткөн каапырлардын күнүнө окшош (азаптуу) күндү гана күтүп жатышат. (Аларга насаат пайда бербей калды. Ошондуктан,) аларга «күтө бергиле, мен да силер менен бирге (силердин азапка жолугууңарды) күтүүчүлөрдүн биримин» деп айткын.
(Азап келгенден) кийин Биз Өз пайгамбарларыбызды жана ыйман келтирген адамдарды куткарабыз. Ыймандуу адамдарды ушинтип куткаруу - Биз үчүн милдет.
Айткын: “О, адамдар! Эгер менин динимден күмөн санасаңар, мен Аллахтан башка силер ибадат кылып жаткан “кудайларга” ибадат кылбаймын. Бирок, силерди өлтүрө турган Аллахка ибадат кыламын жана мен ыймандуулардан болууга буюрулгамын.
(О, Мухаммад) жүзүңдү эң туура Динге бур жана мушриктерден болбо!
Аллахтан башка өзүңө не пайда, не зыян жеткире албаган “кудайларга” дуба кылба! Эгер ошентчү болсоң, анда сен залымдардан (мушриктерден) болуп каласың!
Эгер Аллах сени бир зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. А, эгер сага Аллах бир жакшылыкты кааласа, Анын пазилетине эч ким тоскоол боло албайт. Аллахтын жакшылыгы пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына жетет. Ал – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
Айткын: “О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан Акыйкат (Куран) келди. Ким (анын өкүмү менен жашап) туура жол тапкан болсо – өз пайдасына. Ким адашса – өзүнүн гана зыянына. Мен силер үчүн (ишиңерди текшерип жүрүүчү) өкүл эмесмин».
Өзүңө вахий кылынган нерсени (Куранды) гана ээрчип, (эгер сени бирөө “жалганчы” десе, араңарда) Аллах өкүм кылганга чейин сабыр кыл. Ал - өкүм кылуучулардын мыктысы!