The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesHud [Hud] - Kyrgyz translation
Surah Hud [Hud] Ayah 123 Location Maccah Number 11
Алиф, Лаам, Раа.[1] Бул китептин аяттары (эч качан бузулбай турган кылып) бекемделди жана Даанышман, Кабардар (Аллах) тарабынан (эң жогорку деңгээлде) баян кылынды.
(Мунун себеби) Аллахтан башка “кудайларга ибадат кылбашыңар үчүн. Чынында, мен силерге Аллах тарабынан (жиберилген) эстетүүчү жана куш кабар берүүчүмүн.[1]
Жасаган күнөөңөрдү кечирүүсүн сурап, Аллахка жалбаргыла жана (“экинчи кайталабаймын” деп) тообо кылгыла! (Ошондо) силерди, белгиленген убакытка чейин эң сонун ырыскылар менен пайдалантат жана ар бир пазилеттүү (ихсан-садакалуу) адамга Өзүнүн пазилетинен берет. Эгер жүз үйрүп кетсеңер, мен силерге Улуу Күндүн (Кыяматтын) азабы жетип калуусунан коркомун!
Бардыгыңардын кайтышыңар – Аллахка! Ал – ар нерсеге кудуреттүү!
Уккула, алар Аллахка билдирбеш үчүн көкүрөктөрүн(дөгү каапырлыктарын) жашырышат. Уккула, эгер алар (көкүрөгүнүн үстүнөн) кийимдерин ороп алса да Аллах бардык сырларын жана ашкере нерселерин билип турат. Чынында, Ал көөдөндөрдү ээлеген сырларды Билүүчү.
Жер бетинде (суу түбүндө жана аба мейкиндигинде) кыбырагандын баарынын ырыскысы Аллахтын кепилдигинде. Ал алардын жатар жерин дагы бараар жерин дагы билет. Бардыгы ачык-айкын Китепте (Лавхул-Махфузда жазылган).
Ал асмандарды жана жерди алты күндө жараткан. Анын Аршы суунун үстүндө эле. Кимиңердин амалыңар жакшыраак экенин сынаш үчүн. (О, Мухаммад) Эгер сен: “Силер албетте, өлгөнүңөрдөн кийин кайра тирилесиңер” десең, каапыр адамдар: “Бул анык сыйкырдан башка эмес” дешет.
Эгер Биз азап берүүнү алардан белгилүү мөөнөткө чейин кечиктирсек (шылдыңдашып): “Аны эмне кечиктирди экен?” - дешет. Уккула, (азап) келгенде алардан кайтпайт жана аларга шылдыңдаган нерселери түшөт.
Эгер Биз инсанга ырыскыларыбызды(н даамын) таттырып, кийин аны алып койсок (Бизден) үмүтсүз жана шүгүрсүз болуп калат.
Ал эми, башына түшкөн оор күндөрдүн артынан (көп-көп) жакшылыктарыбызды(н даамын) таттырсак “Оор күндөр өттү (эми келбейт)” деп манчыркап, бирөөнү назарына илбей калат.
Ал эми, (машакаттуу күндөрдө) сабырдуу болуп, салих-жакшы амалдарды кылган адамдар (андай эмес). Аларга Аллахтын кечирими жана чоң сооптор бар.
(О, Мухаммад, мушриктердин) “Ага асмандан казына түшсө же асмандан периште (учуп) келсе болбойт беле” деген сөздөрү себептүү балким, Сенин жүрөгүң сыгылып, өзүңө вахий кылынган кээ бир аяттарды таштагың келээр. (Капа болбо жана андай кылба) сен – эскертүүчүсүң. Аллах ар нерсенин cактоочусу.
Же алар: “Аны (Куранды Мухаммад) ойдон чыгарган” - дешеби? Айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, Аллахтан башка колуңардан келген ар кимдерди чакырып болсо да, ушуга окшош он даана "ойдон чыгарылган сүрө" келтиргилечи, кана!”
Эгер (жардамга чакырган кыйындарыңар) силерге жооп бербесе, анда, билип койгула: бул (Куран) Аллахтын илими менен түшкөн! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Анын Өзү бар! Эми, мусулман болосуңарбы?»
Ким ушул дүйнө жашоосун жана анын кооздуктарын кааласа, аларга (каалаган) иштерин ушул дүйнөдө толуктап беребиз. Жана алар кем болбой жашашат.
Бирок, аларга Акыретте тозок отунан башка эч нерсе жок! Жана дүйнөдө жасаган, аткарган иштери “күйүп”, пайдасыз болуп калат.
Раббиси тарабынан анык далилди (Куранды) кармаган, ал далилин Рабби тарабынан (дагы бир) күбө (таза акыл) коштогон, андан мурдараак жолбашчы жана ырайым болгон Мусанын Китеби (Тоорат дагы тастыктаган) адамдар (Мухаммад саллаллоху алайхи ва салам жана аны ээрчигендер туура жол табуучубу же далил кармабай эле адашып жүргөндөрбү?) Ошол (далил кармаган) адамдар ага (Куранга) ыйман келтиришет. (Ар түрдүү) тайпалардан ким буга каапыр болсо ага убада кылынган жер – тозок. Сен (О, Мухаммад) андан күмөн санаба. Ал – Раббиңден келген Акыйкат. Бирок, адамдардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт.
Аллахка жалаа жапкандардан көбүрөөк залым болгон ким бар?! Алар (Кыяматта) Раббисине жолуктурулат жана (бардык) күбөлөр: “Раббисине жалган жалаа жапкандар – ушулар!” дешет. Уккула, залымдарга Аллахтын наалаты болсун![1]
Алар Аллахтын жолунан тосуп, аны (өз каалоолоруна карай) бурууну каалашат. Алар Акыретке тап-такыр ишенбеген адамдар!”
Алар жер бетинде (Аллахтын өкүмүнөн) качып кутула алышпайт жана аларга Аллахтан башка жардамчы да жок. Аларга (өздөрүнө кошуп башкаларды да адаштырганы себептүү) кошумча азап берилет. Алар (Акыйкатты жек көрүп, аны) укканга да, көргөнгө да жарабай калышты.
Алар өздөрүнө зыян кылган адамдар. Жана (Кыямат жазасы мезгилинде) ойлоп тапкан “кудайлары” алардан жок болуп кетет.
Эч шексиз алар Акыретте эң көп зыян тартуучулар.
Ыйман келтирип, сооптуу иштерди жасаган жана Раббисине моюн сунган адамдар бейиш ээлери болуп, анда түбөлүк калышат!”
Бул эки тайпанын (шордуулар менен бактылуулардын) мисалы сокур, дүлөй менен көрүүчү, угуучу адамга окшош. Ушул экөөнү теңештирип болобу? Эсиңерге келбейсиңерби?!
Биз Нухту өз коомуна элчи кылып жибердик. (Ал айтты:) “Мен силерге анык эскертүүчүмүн.
Аллахтан башкага ибадат кылбашыңарды (эскертемин.) Мен силердин башыңарга кыйноочу Күндүн азабы түшүп калуусунан коркомун”!
Анын коомунун арасындагы каапыр болгон уруу башчылары: “Биздин оюбузча, сен биз сыяктуу эле адамсың. Биз сенин артыңдан акылсыз кедейлер гана ээрчигенин көрүп турабыз. Бизден артыкча жериңерди эч көрбөй жатабыз, тескерисинче биз силерди жалганчылар деп ойлойбуз”- дешти.
(Нух) айтты: “О, коомум! Айткылачы, эгер мен Раббимден келген анык далилге ээ болсом жана мага Андан ырайым – пайгамбарчылык келген болсо, а бирок, бул силерге билине элек болсо, силер аны жаман көрүп турсаңар деле, биз силерди ага мажбурламак белек?!
О, коомум! Мен (динге) даават кылганым үчүн силерден мал-дүйнө сурабаймын. Мага сооп-сыйлыкты Аллах берет. Мен ыйманга келгендерди кууп жибербеймин.[1] Алар Раббисине жолугуучу (жана андан бейиш сыйлыгын алуучу) адамдар. Бирок, мен силердин наадан коом экениңерди көрүп турамын.
О, коомум! Эгер мен ал адамдарды айдап жиберсем, Аллахтын (азабынан кутулууга) мага ким жардам бере алат?! Ойлонбойсуңарбы?!
Мен силерге: “Менде Аллахтын казыналары бар” дебеймин. Мен кайыпты да билбеймин (аны бир Аллахтан башка эч ким билбейт). Жана “мен периштемин” деп да айтпаймын. Жана… Силер көзүңөргө илбеген (бей-бечара) адамдар жөнүндө: “Аллах аларга жакшылык (бейиш) бербейт” дей албаймын. (Эгер ыймандары ыкыластуу болсо, албетте, берет) Алардын жан-дилиндеги нерселерди Аллах көбүрөөк билет. Мен (эгер силер каалаганды айтсам) анда, мен залымдардан болуп калмакмын. (Мушрик-каапырлар Нух алейхи саламдан өздөрү талап кылган жоопту алалбай калгандан кийин мындай)
дешти: “О, Нух! Биз менен көп талаштың! Эгер сөзүңдө чынчыл болсоң, бизге убада кылганыңды (азапты) келтирчи кана!”
(Анда Нух): “Аны силерге эгер кааласа, Аллах гана келтирет. Анда (Аллах Таалага) алыңар жетпей калат!
Эгер Аллах силерди адаштырууну каалаган болсо, мен силерге насаат айтууну кааласам да, насаатым силерге пайда бербейт. Ал силердин Раббиңер жана Өзүнө кайтарыласыңар” - деди.
Же алар: “(Нух) Аллахка жалган-жалаа айтып жатат” дешеби? Айт: “Эгер мен жалган айтсам, күнөөм өз мойнумда. Бирок, мен силердин күнөөңөргө жооп бербеймин”.
Нухка (Аллах тарабынан) вахий кылынды: “Коомуңдун арасынан мурда ыйман келтиргендеринен башка эч ким ыйман келтирбейт. Бирок, алардын (каапырлык) иштери себептүү кайгырба. (Аллах сазайын берет!)
(О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда вахий-таалимибиз боюнча (чоң) кеме жаса жана залым адамдар(ды өлтүрүү) жөнүндө мага кайрылбай эле кой. (Тагдырдагы «иш» бүткөн:) Алар – чөктүрүлгөндөр![1]
(Анан Нух) кеме жасай баштады. Ар качан (анын) алдынан коомунун адамдары өткөндө, аны шылдыңдашты. (Анда Нух): “Эгер (азыр) бизди мазактасаңар, биз да силерди өзүңөрдөй мазактайбыз.
Силер тез эле кимге (ушул дүйнөдө) кор кылуучу азап жана (Акыретте) кимдерге түбөлүк азап келишин билип аласыңар” - деди.
Качан гана Биздин (тагдырда белгилеген) буйругубуз келип, (асмандан сел куюлуп, бардык жерден, жадагалса оттун “уюгу” болгон) тандырлар(дын оозунан да оргуштап суу) атырылып чыкканда, Биз айттык: «(О, Нух!) Кемеңе ар түрдүү айбанаттардан экиден жуптарды, үй-бүлөңдү жана ыйман келтиргендерди чыгар. Ал эми, Биздин (“ага өлүм” деген) сөзүбүз жеткен адамдарды (чыгарба!)» Ага бир аз эле кишилер ыйман келтирген болчу.
(Нух) айтты: «кемеге чыккыла! Анын жүрүшү да, токтошу да Аллахтын ысымы менен. Чынында, Раббим - Кечиримдүү, Ырайымдуу!»
Жана кеме тоолордой толкундардын үстүндө сүзүп баратканда Нух (ыймандуулардан) ажырап калган уулуна: “О, уулум, биз менен бирге кемеге чык! Каапырлар менен болбо! (Анда сен дагы чөгүп өлөсүң)” - деди.
(Баласы атасына ишенбей): “Мен тоонун башына чыгып кетемин. Ал мени суудан сактап калат”- деди. (Нух) айтты: “Бүгүн Аллахтын буйругунан кутултуучу жок. Өзү ырайым кылгандар гана (кутулат.) (Анан) экөөнүн арасын толкун бөлүп койду жана (уулу, каапыр болгону себептүү) чөктүрүлгөндөрдөн болду.
(Кийин Аллахтын буйругу) айтылды: “О, жер, сууңду тарт! О, асман, (жамгырды) токтот!” Ошентип, суу тартылды жана өкүм аткарылды. (Кеме) Жудий тоосунун үстүндө токтоп калды жана “залымдарга өлүм!” деген наалат айтылды.
Анан Нух Раббисине (бийик добуш менен) жалбарды: “Раббим-ай! Уулум менин үй-бүлөмдөн го!? Сенин убадаң акыйкат го!? Сен эң адилет өкүм кылуучусун го!?[1]
(Аллах) айтты: “О, Нух! Ал сенин үй-бүлөңдөн эмес! Чынында, бул (сенин каапырга жан тартышың) жакшы иш эмес! Өзүң (акыбетин) билбеген нерселерди менден тилебе! Мен сага наадандардан болбошуңду насаат кыламын”.[1]
Айтты: “О, Раббим! Мен өзүм билбеген нерсени Сенден сураганымдын жамандыгынан Өзүңдөн коргоо тилеймин! Эгер Сен мени кечирип, ырайым кылбасаң, зыян тартуучулардан болуп каламын!
Айтылды: «Оо, Нух! Биз тараптан берилген амандык менен жана сага, сени менен (кемеде) бирге болгондорго берилген берекелер менен (жерге) түшкүн. Дагы эл-улуттар (болот). Биз аларды (ар түрдүү) нээматтар менен пайдалантабыз. (Эгер шүгүр-ибадат кылышпаса) кийин аларды Биз тараптан келген кыйноочу азап кармайт».
(Оо, Мухаммад!) Булар Биз сага вахий кылган кайып кабарлары. Мындан мурун аларды сен билбейт элең, коомуң да билбейт эле. Эми, сабырдуу бол. Чынында акыбет-натыйжа такыба кишилердин пайдасына!
Жана Биз (Йемен) жериндеги) Аад элине, өздөрүнүн бурадарлары Худду пайгамбар кылып жибердик. Ал айтты: «Оо, коомум! Аллахтын Өзүнө ибадат кылгыла! Силерге Андан бөлөк сыйынууга татыктуу кудай жок! Силер (жалган “кудайларды”) ойлоп чыгарган (мушрик) экенсиңер.
Оо, коомум! Мен өзүмдүн дааватым үчүн силерден акы сурабаймын. Мага сооп-сыйлык берүү мени жараткан Аллахтын вазыйпасы. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
Оо, коомум! (Өткөндөгү күнөөңөргө) Раббиңерден кечирим сурап, тообо кылгыла! (Ошондо) Ал үстүңөргө нөшөрлөгөн (берекелүү) жамгырларды жиберет, кубатыңарга дагы кубат кошот. (Ыйманга келгиле!) Күнөөкөр болуп тескери баспагыла!
(Мушриктер) айтышты: «Эй, Худ, бизге далил (моожиза) алып келбедиң. Сенин сөзүң менен биз кудайларыбызды таштабайбыз жана сага ыйман келтирбейбиз».
Биз «сени кудайларыбыздын бири жинди кылып коюптур» дегенден башка эч нерсе айталбайбыз. (Худ) айтты: «Мен Аллахты күбө кыламын жана силер да күбө болуп койгула: Мен алысмын, (силер) шерик кылып жаткан кудайыңардан».
Аллахты таштап! Эми мага (колуңардан келген) бардык амалыңарды эч кечиктирбей жасай бергиле!
Менин жана силердин Раббиңер – Аллахка өзүмдү тапшырдым. Аллах маңдайынан мыкчыбаган (Өз өкүмүн өткөрбөгөн) эч бир жан жок! Чынында менин Раббим туура жол үстүндө.
Эгер жүз бурсаңар (өзүңөрдөн көргүлө). Мен силерге өзүм алып келген нерсени (динди) жеткирдим (жана милдетимди аткардым). Эми Раббим ордуңарга башка бир (Өзүнө моюн суна турган) коомду келтирет. (Силер каапырлыгыңар менен) Аллахка эч кандай зыян келтире албайсыңар. Чынында Раббим - ар нерсени Сактоочу!
Жана качан гана Биздин буйругубуз (катуу шамал) келгенде Худ жана аны менен бирге болгон ыймандууларды Өз ырайымыбыз менен куткардык. Биз аларды катуу азаптан куткардык.[1]
Мына бул (Аллах жазалаган) Аад коому Раббисинин аяттарын четке кагып, пайгамбарларына күнөөкөр болуп, ар бир тоңмоюн, текебер адамдарга ээрчип калган эле.
Аларды бул дүйнөдө да кыяматта да наалат коштоп жүрөт. Уккула! Чынында, Аад коому Раббисине каапыр болду! Уккула, Худдун коому Аадга өлүм!!!
Жана Самуд коомуна өздөрүнүн бурадары Салихти (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: «Оо, менин коомум! Аллахтын Өзүнө ибадат кылгыла! Силерге (жерде да, асманда да) Андан башка Кудай жок. Ал силерди жерден (топурактан) жаратып, анын үстүндө жашатып койду. Аллахтан кечирим сурагыла жана тообо менен Өзүнө кайткыла! Акыйкатта, менин Раббим жакын жана (дубаларга) жооп берүүчү».
(Каапырлар) айтты: «Эй, Салих, сен биздин арабызда мындан мурун (көптү) үмүттөндүргөн (жакшы, адептүү адам) болчусуң. Эми сен бизди ата-бабаларыбыз сыйынган кудайларга сыйынуудан кайтарасыңбы?! Сен даават кылып жаткан диниңден биз шектенип калдык».
(Салих) айтты: «Оо, коомум! Айткылачы, мен Раббим тарабынан анык далил үстүндө болсом жана Ал мага Өзүнүн ырайымын – пайгамбарчылыгын берген болсо, (силердин далилсиз “кудайыңарга” ыраазы болуп) Ага (Аллахка) күнөө кылсам, Аллахтын азабынан мага ким жардам бере алат?! Силер (бул талабыңар менен) мага зыяндан башка нерсени көбөйтпөйсүңөр!».
«Оо, коомум! Мына бул төө силер үчүн Аллахтын белгиси. Аны жөн (өз эркине) койгула. Аллахтын жеринде оттоп жүрө берсин. Ага эч жамандык кыла көрбөгүлө! Антсеңер, силерге жакын(да) азап жетет!»
(Бирок, каапырлар) төөнү союп жиберишти эле (Салих) айтты: «Короо-жайыңарда үч күн (жашоо нээматынан) пайдалана тургула. (үч күндөн соң Аллахтын азабы келет) бул – акыйкат убада!».
Качан Биздин буйругубуз (азап) келген убакытта Биз Салих менен ыйман келтирген адамдарды Өз ырайымыбыз менен (азаптан) жана ошол күндүн шерменделигинен асырап калдык. Албетте, сенин Раббиң - Кубаттуу, Кудуреттүү.
Жана залым (каапыр) болгон адамдарды катуу добуш (ач кыйкырык) кармады. Бардыгы (жүрөктөрү жарылып) орду-ордунда кырылып калышты.
Алар бул жерлерде жашабагандай болуп (кырылып) калышты! Көңүл бургула, Самуд коому Раббисине каапыр болду эле! Уккула, Самудка өлүм!
Биздин (периште) элчилерибиз[1] Ибрахимге (адам кейпинде) куш кабар алып келгенде, ага салам айтышты. “Салам” – деди (Ибрахим) жана дароо куурулган музоону(н этин) алып келди.
Алардын колу тамакка созулбай турганын көргөндө (бир жамандык менен келишкен болбосун деп), алардан шек санап, кооптоно түштү. (Анда) алар: “Коркпогун, биз Лут коомуна жиберилген (азаптоочу) элчилер болобуз” - дешти.
Ибрахимдин аялы (кызмат кылып) турган. (Болгон сөздү угуп) күлүп жиберди. Биз (периштелер аркылуу) ага (жакында төрөй турган баласы) Исхактын жана Исхактын артынан (жарык дүйнөгө жарала турган небереси) Якубтун кушкабарын билдирдик.
Ал (таңыркап, ишенгиси келбей): «Шорум курсун! Мен төрөйт бекенмин?! Мен кемпир, бул күйөөм чал болуп калган болсок?! Бул кызык нерсе го!» – деди.
(Периштелер) айтышты: “Аллахтын буйругуна таң каласыңбы? Оо, (куттуу) үй-бүлө! Силерге Аллахтын ырайым, берекелери төгүлсүн! Ал – Даңазалуу, Улук!
Ибрахимдин кооптонуусу тарап, ага куш кабар келгенде Биз (жиберген периштелер) менен Лут коому жөнүндө талаша баштады.[1]
Чынында Ибрахим пейили жумшак, Аллахка өтө берилген ибадатчыл киши эле.
«Оо, Ибрахим бул талашты кой. Анткени, Раббиңдин өкүмү эчак эле келген. Аларга кайтарылгыс азап сөзсүз келет!»
Биздин элчилерибиз (Ибрахимден чыгып) Лутка келгенде, булар(дын келиши) себептүү капаланып жана кыжаалат болуп “Бул оор күн болот го!” деди.[1]
Мындан мурун бузук иштерди (бачабаздык) кылып жүргөн коомунун адамдары анын (үйүнүн) алдына чуркаган бойдон жетип келишти (жана “жаш жигиттерге” суктанып турушту). “Оо, коомум – деди Лут – (бул арам иштен көрө) мына, (коомдогу бардык кыздар) менин кыздарым (ошолорго үйлөнгөнүңөр) тазараак силер үчүн. Аллахтан корккула! Мени меймандарымдын алдында шерменде кылбагыла! Силердин араңарда туура жолдогу киши калган эмеспи?!
Айтышты: «Кыздарыңа биздин каалообуз жок экенин билесиң. Чынын айтканда, биз эмнени каалап жатканыбызды билип эле турасың да?»
(Анда Лут мындай) деди: «(Эх,) силерге кубатым жеткенде же болбосо, жөлөнөөр бекем тирегим (жоокерлерим) болгондо кана, атаганат!»
(Ошондо жигит кейпиндеги периштелер) айтты: «Оо, Лут! Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Алар сага катыла албайт. Сен түндүн (таңга жакын) бир бөлүгүндө үй-бүлөңдү (айылдан) чыгарып кет. Эч кимиңер артына карабасын! Бир гана аялыңды (куткарууга аракет кылба). Чынында аларга (каапырларга) жетүүчү азап ага да жетет.[1] Алардын (өлтүрүлүү) убадалары таңга маал. Таң мезгили жакын эмеспи!»
Анан, Биздин (азап жөнүндөгү) буйругубуз келгенде, (айылдын) астын үстүнө төңкөрүп, асмандан токтоосуз чопо-таш жаадырдык.
Ал таштар Раббиңдин алдында (азап белгилери менен) белгиленген. Мындай азаптар (ар кайсыл замандагы Лут коому сыяктуу) залымдардан алыс эмес.
Мадиян коомуна[1] өз бурадарлары Шуайбды (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: “Оо, коомум! Аллахка (эч нерсени шерик кошпой) ибадат кылгыла! Силер үчүн Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Өлчөгөндө жана тартканда кемитпегиле! Мен силерде жакшылыкты (бай-бардар турмушту) көрүп турамын. Силердин үстүңөргө ороп алуучу күндүн азабы түшүүсүнөн коркомун.
Оо, менин коомум! Өлчөөнү, таразаны адилеттик менен толук тарткыла! Адамдардын нерселерин кымтып калбагыла” жана жер бетинде (токтоосуз) бузукулук кылып жүрбөгүлө!
Эгер ыймандуу болсоңор, силер үчүн (адал – таза эмгегиңерден) Аллах калтырган нерселер жакшы. (Эми, өзүңөрдү оңдогула) мен силердин үстүңөрдө корукчу эмесмин.
(Алар) айтышты: “Оо, Шуайб! Бизге, ата-бабаларыбыз сыйынган кудайларды (таштоону) же өз малыбызда (соодабызда) өзүбүз каалагандай иш кылууну токтотууну сенин намазың буюруп жатабы? Сен эмне, (биздин ата-бабаларыбыздан да) айкөл жана туура жол тапкыч болуп калдыңбы?!
(Шуайб) айтты: «Айткылачы, Оо, коомум, эгер мен Раббимден келген бир айкын далилдин үстүндө болсом жана Ал мени Өзүнүн жакшы ырыскы-мүлкү менен сыйлаган болсочу?! Мен өзүм кайтарган нерсеге өзүм каршы чыгууну каалабайм. Мен (силердин бузук абалыңарды) кудуретим жетишинче оңдоону гана каалап жатам. Максатка жетүүмө Аллах гана жардам берет. (Ошондуктан,) Өзүнө моюн сунуп, Өзүнө гана тобокел кыламын!
Оо, коомум! Мага (бул) каршы чыгууңар, Нухтун, Худдун жана Салихтин (каапыр) коомдоруна жеткен азаптын силерге да жетип калуусуна себеп болуп жүрбөсүн! Лут коому(нун жашаган жери жана заманы) силерге алыс эмес го!
(Эсиңердин барында) Раббиңерден күнөөңөрдү(н кечирилишин) сурап, Өзүнө тообо кылып калгыла! Албетте, Менин Раббим - (тообо кылгандарга) Ырайымдуу жана ыймандууларды Сүйүүчү».
Алар айтты: “Оо, Шуайб! Көп сөздөрүңдү түшүнбөй турабыз. Жана биз сени арабыздагы алсыз адам катары көрөбүз. Эгер уруу-жамаатың болбогондо сени ташбараң кылып таштайт элек. Өзүң бизге кадырлуу адам эмессиң!
(Шуайб) айтты: «Оо, коомум! Силерге менин уруу-жамаатым Аллахтан да кадырлуубу? Аны(н буйруктарын) артыңарга таштап койдуңар?! Менин Раббим бардык ишиңерди ороп (билип) алуучу.
Оо, коомум! (Анда) Өз билгениңерди жасап жүрө бергиле, мен да (өз билгенимди) жасаймын. Кимге шерменде кылуучу азап келишин жана ким жалганчы экенин тез эле билип аласыңар. Күткүлө, мен да силер менен чогуу күтөйүн».
Качан аларга Биздин буйругубуз (азап) келген чакта Шуайб жана аны менен бирге болгон ыймандууларды Өз ырайымыбыз менен куткардык. Ал эми, зулум (каапырчылык) жасаган адамдарды катуу добуш (ач айкырык) “кармап”, бардык каапырлар өз короо-жайларында кыйрап,
Ал жерде жашабагандай болуп калышты. Көңүл бургула! Самуд коому кырылгандай, кырылсын Мадян!
Биз Мусаны Өз моожизаларыбыз жана айкын далил менен жибердик,
Фараон жана анын (сарай) адамдарына. Алар (сарай адамдары) Фараондун буйругуна моюн сунушту. А, Фараондун иши (өкүмү) туура эмес болчу.
يَقۡدُمُ قَوۡمَهُۥ يَوۡمَ ٱلۡقِيَٰمَةِ فَأَوۡرَدَهُمُ ٱلنَّارَۖ وَبِئۡسَ ٱلۡوِرۡدُ ٱلۡمَوۡرُودُ [٩٨]
Ал (Фараон) Кыяматта өз коомун жетелеп, тозокко алып келет. Бул келүү кандай жаман!
Аларды ушул дүйнөдө да, Кыяматта да наалат коштоп жүрөт. Кандай гана жаман кошулуу!
(Оо, Мухаммад) Булар Биз сага икая кылып берген шаарлардын кабарлары. Алардын кээ бирлери(нин урандылары) турат. Кээ бирлери теп-тегиз болуп калган.
Аларга Биз зулумдук кылбадык, бирок (ширк, тоңмоюндук жана каапырчылыктары себептүү) өздөрүнө-өздөрүнө зулумдук кылышты. Аларга Раббиңдин буйругу (азабы) келгенде, Аллахтан башка жалбарган “кудайлары” эч жардам бере албай калды жана аларга зыяндан башка нерсени кошумча кыла албады.
Сенин Раббиң эли залым болгон шаарларды (азап менен) кармаганда мына ушинтип кармайт. Чынында, Анын азабы жан оорутуучу, катуу!
Чынында, бул(айтылганд)арда Акырет азабынан корккондор үчүн үлгү-сабактар бар. Бул (Акырет) адамдар чогултулуучу Күн! Бул – күбө болуна турган Күн![1]
Биз бул Күндү санактуу күндөргө (дүйнө жашоосу бүткөнгө чейин) гана кечиктиребиз.
(Ошол Күн) келгенде, Анын уруксаты болмоюнча эч ким сүйлөбөйт. (Ал күндө) адамдардын бактылуусу да бактысыздары да болот.
Ал эми, бактысыз адамдар Тозокто! Анда алардын (жүрөк үшүткөн) өкүрүк-бакырыктары бар.
Алар анда асмандар жана Жер тургуча (түбөлүк) калышат. Бир гана Раббиң каалаган (бул дүйнөдө жашаган жана тозокко кире элек) мезгилде гана (анда болушпайт.) Албетте, сенин Раббиң каалаган нерсесин жасоочу.
Ал эми, бактылуулар болсо, жер-асмандар турганга чейин, түбөлүк бейиште болушат, түгөнгүс сыйлык болгону үчүн! Бир гана Раббиң каалаган (бул дүйнөдө жашаган жана Бейишке кире элек) мезгилде болушпайт.
(Оо, Мухаммад) Тиги (мушрик) адамдар ибадат кылып жаткан нерселердин жалгандыгынан эч күмөн санаба. Алар мурунку ата-бабалары сыйынганы сыяктуу сыйынып жатышат. (Тозокко да ошолор киргендей киришет) Бирок, Биз алардын (бул дүйнөдөгү) насиптерин кыскартпай эле бердик.
Биз Мусага Китепти (Тооратты) бердик эле, ал жөнүндө талаш пайда болду. Эгер Сенин Раббиң тарабынан (жаза Кыяматта болушу жөнүндөгү) Сөз(ү) болбогондо алардын арасында(гы залымдарына ошол замат азап берүү менен) өкүм кылынмак. Чынында алар андан (Курандан) да күмөн санашууда.
Албетте, сенин Раббиң (Кыяматта) алардын ар бирине амалдарын(а жараша сыйлык же жазасын) толук берет. Ал (Аллах) алардын бардык иштеринен кабардар.
(Оо, Мухаммад) сен жана сени менен болгон тообо кылгандар (дин-ишенимиңерде Куранда) буюрулгандай түз болгула! Чектен чыга көрбөгүлө! Ал (Аллах) эмне кылганыңарды Көрүүчү!
Залым (каапыр) адамдарга жан тартпагыла. (Эгер аларга болушсаңар) силерди тозок кармайт жана Аллахтан башка эч бир дос таппай, жардамсыз каласыңар.
(Оо, Мухаммад!) Күндүздүн эки тарабында (түшкө чейин жана түштөн кийин) жана түндүн бир бөлүгүндө намаз оку![1] Чынында жакшылыктар жамандыктарды (күнөөлөрдү) кетирет. Бул – эскерүүчү адамдар үчүн эскертүү.
Сабыр кыл. Аллах жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейт.
Эгер силерден мурунку (апааттан кырылган) муундардын арасында жерде бузукулук кылуудан кайтара турган жакшы кишилерден (бир аз) калган болсо, (алар башкаларды да даават кылмак жана жалпы апааттан кутулуп калышмак). Ал эми Биз (апааттан) куткаргандардын арасында андайлар өтө сейрек болду. Залымдар кумар-лаззаттарга берилип, күнөө-кылмыш жасоочулар(дан) болуп калышты (натыйжада баштарына Аллахтын азабы түштү).
Сенин Раббиң эч качан элдери агартуучу болгон шаарларды адилетсиздик менен кыйраткан эмес.[1]
(Оо, Мухаммад) Эгер Раббиң кааласа, бардык адамдарды бир динде (Исламда) кылып коймок. Бирок, (Аллахтын Өзүнө гана маалым даанышмандыгы себептүү) азыркыга чейин ар кандай (динде) калууда.
Өзү ырайым кылгандардан башкалары. Аллах адамдарды ушундай (кээ бири акыйкатка, кээ бири жалганга ээрчий турган) болушу үчүн жаратты. Раббиңдин: “(Каапыр болгон) бардык жиндер жана адамдар менен тозокту толтурамын!” деген сөзү толугу менен аткарылды.
(Оо, Мухаммад) Биз сага (өткөн) пайгамбарлардын ар бир кабарларынан сенин жүрөгүңө кубат болчуларын баян кылып бердик. Мында (ушул сүрөнүн ичинде) Акыйкат, Насаат жана ыймандуу адамдар үчүн үлгү – сабактар бар.
(Далилдерди тизмектегенден кийин) ыйман келтирбеген адамдарга айткын: “Билген ишиңерди жасай бергиле! Биз да билгенибизди жасай беребиз”.
(Бизге эмне болоорун) күткүлө, биз дагы (башыңарга кандай жаза келээрин) күтөбүз.
Асмандар жана жердеги (көрүнгөн жана) көрүнбөгөн нерселер Аллахтын мүлкү. Бардык иштер Анын Өзүнө кайтат. Эми, Анын Өзүнө ибадат кылгыла жана Өзүнө тобокел кылгыла! Силер жасаган иштердин эч биринен Аллах кабарсыз эмес!