The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesJoseph [Yusuf] - Kyrgyz translation
Surah Joseph [Yusuf] Ayah 111 Location Maccah Number 12
Алиф. Лам, Раа.[1] Булар айкын Китеп аяттары.
Чынында, Биз акыл жүгүртүшүңөр үчүн Куранды араб тилинде түшүрдүк.
(О, Мухаммад) Биз сага бул Куранды вахий кылуу менен икаялардын[1] эң мыктысын айтып беребиз. Буга чейин сен муну билбейт болчусуң.
Бир кезде, Юсуф атасына: “О, атаке, мен түшүмдө Күн, Ай жана он бир жылдызды мага сажда (таазим) кылганын көрдүм” деди.[1]
(Анда атасы) айтты: “О, балам! (Бул) түшүңдү агаларыңа айта көрбө сага каршы амалкерлик кылышат. (Анткени,) Шайтан инсанга анык душман.
Раббиң сени мына ушинтип тандап алыптыр. Эми, Ал сага сөздөрдүн (түштөрдүн) маанилерин билдирет жана мурун эки атаң - Ибрахим менен Исхакка толук бергени сыяктуу, Яькубдун үй-бүлөсүнө жана сага Өзүнүн (пайгамбарлык) нээматын толуктап берет.” Албетте, сөнин Раббиң - Билүүчү, Даанышман.
Акыйкатта, Юсуф менен анын бир туугандарында (алар жөнүндөгү икаяда) сурагандар үчүн үлгү-сабактар бар.
Бир кезде агалары (өз ара минтип) сүйлөшүштү: «Юсуф менен анын бир тууганы (Биняминди) атабыз бизден көбүрөөк сүйөт. Акыры, биз бир жамаатпыз го! Чынын айтканда, атабыз анык адашууда калды.
Юсуфту өлтүрүп (алыс бир) жерге таштап койгула. Ошондо, атаңардын жүзү (сүйүүсү) өзүңөргө калат жана ал иштен кийин (тообо кылып) жакшы адамдардан болуп аласыңар».
Алардан бирөөсү (мындай) деди: “Юсуфту өлтүрбөгүлө (бул - чоң күнөө) бирок, эгер (ушул ишти) жасоочу болсоңор, аны бир кудуктун түбүнө таштап койгула, кээ бир жолоочулар алып кетсин. Ушул пикирге бардыгы макул болгон соң, аталарына келип:
Айтышты: “Атаке! Эмне үчүн сиз Юсуфту бизге ишенбейсиз? Биз ага боорукербиз го?
Эртең аны бизге кошуп жибериңиз, ойноп-куунап келсин. Өзүбүз аны абайлап карайбыз”.
(Яькуб) айтты: “Чынында, аны алып кетишиңер мени капалантып койот. Жана силер аны унутуп калсаңар карышкыр жеп кетет деп коркомун”.
(Агалары) айтты: “Эгер биз бир жамаат болуп туруп, аны карышкыр жеп кетсе, анда, биз накта зыянкеч немелер экенбиз да? (Эптеп аталарынын макулдугун алып, Юсуфту “ойноткону” алып чыкмай болушту.)
Качан аны алып кетишип, терең бир кудуктун түбүнө таштамак болуп турушканда, Биз ага: “(убактысы келип) сен агаларыңа бул иш жөнүндө айтып бересиң, бирок алар “унутуп коюшат” деп вахий кылдык.
Алар түндөсү аталарына ыйлап келишип:
“О, атаке! Биз Юсуфту буюмдарыбыздын жанына калтырып, жарышмай ойноп кетип калыптырбыз. Ошондо, аны карышкыр жеп кетиптир. Эми ар канча чынын айтсак да бизге ишенбейсиз!” - дешти.
Жана анын жалган канга бойолгон көйнөгүн алып келишти. (Яькуб аларга ишене бербей:) «Андай эмес! Силерге напсиңер (бир жамандыкты) кооздоп көргөзүптүр. Эми, жакшынакай сабыр (кылуудан башка арга жок.) Силер айткан ишке Аллахтын Өзү жардамчы болоор!» деди.
Анан жолоочулар (кербендер) келип, өздөрүнүн суу издөөчүсүн жиберишти. Ал (кудук башына келип) чакасын таштады. (Арканга Юсуф асылып чыкканда): “Сүйүнчү! Бул бала(га карагыла)!” деди. Жолоочулар аны (бирөө-жарым көрүп, талашпасын деп) буюмдарынын арасына жашырып коюшту. Аллах алардын иштерин Билүүчү.[1]
Аны арзыбаган баага - саналуу гана теңгелерге сатып жиберишти жана андан кутулушгу. (Кербендер Юсуфту Мисирге алып келип, кул базарда сатышты).
Аны Мисирде сатып алган киши (падышанын вазири) аялына айтты: “Аны жакшы орунга жайгаштыр, пайдасы тийип калаар, же болбосо өзүбүзгө (бакма) бала кылып алаарбыз” Мына ушинтип, Биз Юсуфту - түштөрдүн маанисин үйрөтүү үчүн - (Мисир деген) жерге мекендештирип койдук. Аллах Өз ишинде Жеңүүчү. Бирок муну көпчүлүк адамдар билишиейт. (Кичинекей Юсуф сарайда эрке бала болуп, каалаган нерсеси даяр болсо да, илимге кызыкты. Эрезе жашына жеткенге чейин ал өз доорунун залкар аалымына айланган. Буга кошумча...)
Жигит курагына жеткенде, Биз ага даанышмандык жана илим бердик. Биз жакшылык (таза ибадат) кылуучу адамдарды мына ушинтип сыйлайбыз. (Юсуф баралына толгондо залкар аалым гана эмес, эркек аттуунун эң сулуусу болуп чыга келди. Ошондон улам...)
Ал үйүндө жашаган аял (вазирдин аялы) аны “жолдон азгырууну” каалап, эшиктерди (ичинен) кулпулап, “келегой” деди. (Анда, Юсуф) айтты: “Аллах сактасын! Акыры, ал (сенин эриң) мага орун-жай тууралуу (көп) жакшылык кылган кожоюнум го! (Мен кыянат кылбаймын!) Залым адамдар (тозоктон) кутулбайт!”
Аял ага умтулду. Эгер (Юсуф) Раббисинин далилдерин (ыйман жана илимди) билбесе, ал да умтулмак. Ушинтип, Биз андан жамандык, бузукулукту буруп жибердик. Чынында, Юсуф Биздин ыкыластуу пенделерибизден.
Экөө тең эшик тарапка (бири качып, бири кууп) чуркады. Аял анын көйнөгүн аркасынан айрып салды. Экөө (ошол абалда) эшиктин оозунда аялдын эрине жолугуп калышты. (Анда) аял (Юсуфка жалаа жаап): “Сенин аялыңа арамдык каалаган адамдын жазазы же зындан же кыйноочу азап” деди.
“Анын өзү мени азгырууну каалады” деди (Юсуф). Ошондо, аялдын жакын туугандарынан бирөө: “Эгер анын көйнөгү алдынан айрылган болсо, аялың ак, бул жалганчы.
Ал эми, мунун көйнөгү артынан айрылган болсо, бул - ак, аялың жалганчы” деп калыс сөзүн айтты.
(Вазир) Юсуфтун көйнөгү арт жагынан айрылганын көргөндө, (аялына карап): “Бул силердин (аялдардын) амалыңардан турбайбы! Силердин айлакерлигиңер чоң экен!”
“О, Юсуф, сен муну унутуп кой (эч кимге айтпа.) А, сен болсо, (оо, аялым) күнөөң үчүн кечирим сура. Ката кылуучулардан болуптурсуң” - деди.
Шаардагы аялдар (ушак) айта баштады: “(Уктуңарбы), вазирдин аялы өз кызматкерин азгырууну каалаптыр. Аябай сүйүп калган го. (Ошентсе да) биз аны анык адашуучулукта деп билебиз”.[1]
(Вазирдин аялы) алардын айлакер сөздөрүн укканда, адам жиберип, алдыртып келди жана аркаларына жөлөнгүч жаздыктарды коюп, (дасторконду ар түрдүү мөмө-жемиштер менен толтуруп, мөмөлөрдү кесип жеш үчүн) ар биринин колуна бирден бычак карматты жана (Юсуфка): “Алардын алдына чык” - деди. Аны көргөндө улуктап, (акыл-эстерин тап-такыр жоготкондон улам мөмө-жемиш кескендин ордуна) өз колдорун кесе башташты. Жана: “О, (кемчилдиктен) Таза Аллах! Бул адам эмес, кереметтүү периштенин өзү го!” дешти.
(Анда) аял: “Ал жөнүндө силер мени айыптаган жигит - ушул! (Ооба!) мен аны азгырууга умтулдум. Ал өзүн сактады. (Бирок, мен ниетимен кайта элекмин) Эгер менин буйругумду аткарбаса, зынданга ташталып, кордолгондордон болот” - деди.
(Юсуф) айтты: “О, Раббим! Алар сунуштаган нерседен мага зындан жакшыраак! Эгер, ал аялдардын[1] айлакерликтерин менден арылтпасаң аларга көңүлүм жибип, наадандардан болуп каламын!”
Раббиси анын дубасын кабыл алып, андан аялдардын айлакерлигин арылтты. Чынында, Аллах Угуучу, Билүүчү. (Болгон окуя бүт шаарга угулуп, элдин арасында ар кандай ушактар тарап, бирөө Юсуфту, дагы бирөө башкасын айыптап жатышты).
(Юсуфтун күнөөсүздүгүнүн) белгилерин көрүшкөн соң, аны бир мезгилдерге (эл оозу басылганга) чейин зынданда сактап туруу (бийлик ээлерине) макул көрүндү.
Аны менен бирге эки жигит да зынданга түшкөн. Алардын бири: “Мен түшүмдө жүзүм мөмөсүн сыгып, шарап жасап жатканымды көрдүм” десе, экинчиси: “Менин түшүмдө болсо, башыма нан көтөрүп баратсам, аны куштар чокуп жатыптыр” деп түштөрүн айтып: “Биз сени жакшылык кылуучулардан деп билебиз. Бизге (ушул) түшүбүздү жоруп берчи” - дешти.
(Юсуф) айтты: “Экөөңөргө жей турган тамагыңар келгенге чейин мен силердин түшүңөрдү жоруп беремин. Бул - мага Раббим үйрөткөн касиет.[1] Мен Аллахка ыйман келтирбеген адамдардын динин жериген кишимин. (Анткени,) Алар Акырет күнүнө ишенишпейт.
Мен аталарым Ибрахим, Исхак жана Яькубдардын динин ээрчидим. Бизге (оо, досторум), жалгыз Аллахка эч нерсени шерик кылуу ылайык эмес! Бул (Таухид) бизге жана адамдарга Аллахтын пазилети. Бирок, көпчүлүк адамдар шүгүр (ибадат) кылбай жатышат.
О, менин зындандагы шериктерим! Бир нече бытыранды “кудайлар” жакшыбы, же жалгыз, Жеңүүчү Аллахпы?
Аллахтан башка силер сыйынып жаткан нерселер, силер жана ата-бабаңар ат коюп алган ысымдардан бөлөк эч нерсе эмес. Аллах аларга (ошол нерселердин кудай экенине) эч далил түшүргөн эмес. Өкүм жалгыз Аллахка гана таандык. Ал жалгыз Өзүнө гана ибадат кылууңарга буюрат. Ушул гана (бардык жакшылыктарга буюрган) эң туура дин. Бирок (муну) көпчүлүк адамдар билишпейт!
О, менин зындандагы шериктерим! Эми, (силерге түшүңөрдүн маанисин айтсам) экөөңөрдүн бириңер (азат болуп чыгып) өз кожоюнуна шарап куюп берет экен. Экинчиң болсо .., асып өлтүрүлүп, анын башын куштар чокуйт экен. Силер маанисин сураган иштер (ушундай) өкүм (тагдыр) кылыныптыр...
(Юсуф) экөөнүн азат болот деп болжогонуна карап: “Кожоюнуңдун алдында мени тилге алып кой” - деп суранды. Бирок, (азат болуп чыккан соң) Шайтан кожоюнуна эстетүүнү унуттурду. Кийин Юсуф зынданда бир нече жылдар калып кетти.[1]
Падыша айтты: “Мен түшүмдө жети семиз уй көрдүм. Аларды жети арык уй жеп койду. Жана жети даана жашыл машак менен андан башка (жети даана) куурагандарын көрдүм. Кана, оо, эл-журт, эгер түш жоруучу болсоңор, менин ушул түшүмдү жоруп бергиле. (Мамлекет падышасынын бул түшүн сарай адамдарынын эч кимиси жоруй албай:)
Айтышты: “Бул чаташкан түштөр экен. Биз чаташкан түштөрдү жоруй албайбыз».
Андан соң, (ошол жерде турган зындандагы) экөөнүн кутулганы, бир нече жылдан кийин гана аны эстеп: “Силерге бул түштүн маанисин мына мен айтып беремии. Мени (Юсуфка) жибергиле” деди (жана Юсуф жаткан зынданга барып, ага жалына баштады:)
Юсуф! О, чынчыл жигит! Бизге жети семиз уйду жеп койгон жети арык уй жөнүндө жана жети жашыл машак, дагы (ушунча) башка куураганы жөнүндө(гү түштүн) маанисин айтып берчи? Ажеп эмес, адамдарга кайтып барсам алар да билип алышса!”
(Юсуф) айтты: “Жети жыл удаама-удаа (буудай) эгесиңер. Жыйнаган түшүмүңөрдү (жанчып албай) машагында калтырасыңар. Болгону, бир аз гана жегениңерди (жанчып аласыңар).
Андан кийин жети жыл каатчылык келип, ушул жылдар үчүн мурдатан даярдаган камылгаңарды “жеп койот”. Бир аз сактаганыңар гана калат. (Мына ошентип, каатчылыктан чыгасыңар)
Андан кийин (ушундай) бир жыл келет, анда адамдар жамгырдын астында (жыргап) калышат. Жана ошол жылда (көп-көп шараптарды) сыгып алышат.[1]
Падыша айтты: “Аны мага алып келгиле”. Юсуфка анын чабарманы келгенде (зындандан чыгууга шашылбай, өзүнүн актыгын далилдеп, ашкере кылуу үчүн): “Кожоюнуңа кайтып баргын дагы, колдорун кесип алган аялдарга эмне болгонун сурагын. Менин Раббим алардын айлакерлигин Билүүчү” деди.[1]
Айтты: “Юсуфту азгырууну каалаганыңарда эмне болгон элеңер?” Алар айтышты: “Аллах - Аруу, Таза! Биз анын эч бир айыбын билбейбиз”. Вазирдин аялы айтты: “Акыйкат ушул тапта анык болгону калды. (Ооба.) Мен аны азгырган болчумун. Чынында ал акыйкатчыл адамдардан экен.
Муну мен, (ошол) эч ким жок мезгилде ага (күйөөмө) кыянат кылбаганымды билип алсын үчүн (айтып жатам). Чынында, Аллах кыянатчылардын амалын түз жолго салбайт экен.
Мен өзүмдү актабаймын. Чынында, напси деген жаман ишке тынбастан буюрат турбайбы, Раббим ырайым кылбаса! Албетте, Раббим Кечирүүчү, Ырайымдуу”
Падыша айтты: “Аны мага (урмат-сый менен) алып келгиле, өзүмө ынак (кеңешчи) кылып алайын”. (Юсуф) аны менен сүйлөшкөндө, (падыша) айтты: «Бүгүн(дөн баштап) сен биздин алдыбызда туруктуу жана ишенимдүү адамыбызсың».
(Юсуф) айтты: «Анда мени жер казыналарынын үстүнө (башчы) кылып коюңуз. Мен сактай билген жана билимдүү кишимин».[1]
Мына ушинтип, Биз Юсуфту (Мисирдеги) жерден өзү каалаган жайда жашай турган кылып орноштурдук. (Бул) Өзүбүз каалаган адамдарга бере турган ырайым-рахматыбыздын насиби. Биз жакшылык кылуучулардын сообун текке кетирбейбиз.
Чынында, ыйман келтирип, такыба болгон кишилерге (бул дүйнө жыргалынан) Акыреттик сооп жакшы.[1]
Агалары Юсуфка келип, (дан тарттырып алуу үчүн) алдыга киргенде, аларды (дароо) тааныды. Бирок, алар аны тааныган жок.
Аларга жүктөрүн даярдап берген убакта (мындай) деди: «Аталаш бир тууганыңарды да мага алып келгиле. Өлчөгөндө толтуруп бергенимди жана жакшылап конок-зыяпат кылганымды көрбөй жатасыңарбы?»
«Эгер аны алып келбесеңер, мага жакындашпайсыңар жана менден силерге (буудай) өлчөп берилбейт».
Алар: «Айтканыңызды сөзсүз аткарабыз, инибизди атасына жалынып болсо да алып келебиз» дешти.
Ал (Юсуф) өзүнүн жигиттерине айтты: «(Буудайдын акысына төлөгөн) буюмдарын төөлөрүнүн үстүндөгү жүктөрүнө (билдирбей) салып койгула. Ажеп эмес, үйлөрүнө жеткен кезде аны таанып (данды бекер бергенибизди билип) кайтып келишсе».
Аталарына кайтып барышканда, айтышты: «О, атаке, (эгер биз менен Биняминди жибербесең, эмкисинде) бизге (дан) тартуу токтотулду! Инибизди биз менен жибер. (Дан) тарттырып келели. Аны (Биняминди) өзүбүз сактайбыз».
(Яькуб) айтты: «Мурда силердин колуңарга агасын ишенип тапшыргандай «ишенип тапшырайынбы». Сактоо жаатынан Аллах гана жакшы. Өзү гана ырайымдуулардын эң Ырайымдуусу».
(Агалары) жүктөрүн ачканда ичинен кайтарылган буюмдарын таап алышып атасына: «Бизге дагы эмне керек? Мына буюмдарыбыз кайтарылып берилди. Үй-бүлөбүздү багабыз, инибизди коргойбуз жана бир төө буудайды ашыгыраак алабыз. Бул (барып-келүү убактысы) аз эле мөөнөт го?!» дешти.
«(Мейли), бирок, бир кокустук силерди ороп калбаса эле аны мага кайтарып келүүгө Аллахтын алдында ант-убада берсеңер гана жиберейин» деди. Ага балдары ант-убада бергенде, айтты: «Бул сөзүбүзгө Аллах күбө!»
Айтты: «О, уулдарым! (Шаарга) бир эшиктен кирбегиле. Ар башка эшиктерден киргиле. Бирок, муну менен Аллах тарабынан белгиленген нерседен эч бирин силерден тосо албаймын. Өкүм Аллахка гана таандык. Өзүнө гана тобокел кылдым. Тобокел кылуучулар Анын Өзүнө гана таянсын!»[1]
Алар (шаарга) аталары буюрган абалда кирсе да, (бул иш) алардан Аллах тарабынан тагдыр кылынган эч нерсени өзгөртө албайт. Бирок, бул Яькубдун жүрөгүндөгү бир муктаждыкты аткарып (жүрөгүн жеңилдетип) алуусунан башка эч нерсе эмес. Ал биз үйрөткөн илимдии ээси болгон. (Тагдырды өзгөртүп болбостугун билет) Бирок, адамдардан көпчүлүгү билишпейт.
Алар Юсуфтун алдына киргенде, инисине үйүнөн(өз алдынча) орун берип: «Мен сенин агаң (Юсуф) боломун. Алардын ишинен капа болбо (бардыгы жайында болот)» деди. (Кийин аны шек туудурбай бирге алып калуу үчун ойлогон эрежесин ишке ашырууга киришти.)
(Юсуф) алардын жүктөрүн даярдап (жөнөтөөр алдында) инисинин жүктөрүнүн ичине (кымбат баалуу) чөйчөктү салып койду. Кийин бир жарчы(сы): «О, кербендер! Силер ууру экенсиңер!» деп кыйкырды.
Агалары алар тарапка басып: «Эмне жоготтуңар?» - деди.
«Падышанын чөйчөгүн - дешти алар - кимде-ким аны тапса, жүгү менен бир төө берилет. Буга мен кепилмин».
«Биз (бул) жерге бузукулук кылганы келбедик! Аллахка ант, силер муну билесиңер! Биз ууру эмеспиз!» - дешти (Юсуфтун агалары).
(Анда жарчылар): «Эгер алдасаңар, жалганчынын (уурунун) жазасы эмне?» - дешти.
Алар айтты: «Кимдин жүгүнүн арасынан (чөйчөк) табылчу болсо, ошол табылгандын өзү - анын жазасы! Биз (өз динибизде) залымдарды ушундай жазалайбыз!»[1]
(Издөөчү) инисинин жүктөрүнөн мурда агаларынын жүгүнөн баштады. Кийин аны (чөйчөктү) инисинин буюмдарынын арасынан сууруп чыкты. Биз Юсуфка ушундай амал үйрөттүк. Себеби ал (мисирлик) падышанын дини боюнча («ууру») инисин алып кала алмак эмес. Бирок, Аллах кааласа (башка жол менен да) алып калмак. Биз каалаган адамыбыздын даражасын көтөрөбүз. Бардык илим ээсинин үстүндө Билүүчү (Аллах) бар. (Юсуфтун агалары Биняминдин «уурулугу ачылып» калганын көрүп, жамандап башташты:)
«Бул уурдаган болсо, мурдараак мунун бир тууган агасы (Юсуф) дагы уурулук кылган» Юсуф бул сөздөрдү(н таасирин) аларга билдирбей «жутуп» койду жана: (ичинен:) «Өзүңөр эң жаман адамсыңар. Айткан сөзүңөрдү(н чын-төгүнүн) Аллахтын Өзү жакшы билет» - деди.
Алар айтты: «Оо, улукзаада! Бул (ууру) баланын картайып калган атасы бар. Анын ордуна биздин бирөөбүздү алчы?! Биз сени жакшылык кылган кишилерден деп билебиз».
«Аллах сактасын! - деди (Юсуф) - буюмубуз кимден табылган болсо, ошону гана алып калабыз. Антпегенде, биз зулум кылуучу болуп калабыз».
Андан (Юсуфтан) үмүттөрү үзүлгөндө, өз алдынча чогулуп кеңешишти. Алардын чоңу айтты: «Билбейсиңерби, атаңар силерден Аллахты ортого коюп (Биняминди алып келесиңер деп) ант-убада алган. Мурдараак, Юсуф жөнүндө да ушундай (акылы) кыскалык кылгансыңар. Эми, мен качан мага атам уруксат бермейинче же Аллах (инибизди азат кылуу менен) менин пайдама өкүм кылмайынча ушул ордуман козголбоймун. Аллах - өкүм кылуучулардын мыктысы!».
А, силер болсо атаңарга баргыла дагы (мындай) дегиле: «Ата! Уулуң уурулук кылды. Биз билгенибизди гана айтып жатабыз биз кайыпты (келечекти) билүүчү эмеспиз. (Эгер келечекти билсек, сага жалдырап атып Биняминди алып кетпейт элек).
(Эгер ишенбесең) Биз болгон шаардан жана биз келген кербендерден сура. Биз чын сүйлөп жатабыз».
(Яькуб): «Напсиңер силерди (дагы бир) жаман ишке баштаган го! Жакшынакай сабыр кылуу(дан башка аргам жок!) Аллах баардыгын чогуу берип калса ажеп эмес! Чынында, Аллах - Билүүчү, Даанышман!» деди.
(Кийин) аларга далысын салып, айтты: «О, Юсуф байкушум!» Кайгы-кападан (көз жашы куюла берип) көздөрүнө ак түшүп кетти. Ал (бардыгьн) ичине жутат болчу.
(Балдары) айтты: «Аллахка ант! (ушул) Юсуфту эстей берип, өлгөнү калдыңыз же (жакында) өлүп каласыз!»
(Яькуб): «Кайгы-капам менен арыз-муңумду Аллахка гана айтамын! Мен силер билбеген нерселерди Аллахтан (келген вахий аркылуу) билемин!» - деди.
О, балдарым! Баргыла, Юсуф менен инисин издегиле! Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө! Аллахтын ырайымынан каапыр адамдар гана үмүтсүз болушат!
Алар (кайра Мисирге келип) Юсуфтун алдына киргенде (мындай) дешти: «О, урматтуу таксыр! Биз жана үй-бүлөбүз (баарыбыз) кыйналып калдык. Жана сага (бул ирет, болгон) биртике буюмдарды гана алып келдик. Бизге садака кылып, өлчөмдү толтуруп бер эми. Албетте, Аллах садака кылуучуларга сооп жазат!? (Юсуф агаларынын жүдөгөн абалдарына боору ооруп, өзүн таанытып, бир аз жемелеп,)
(Мындай) деди: «Тээ наадандык жасаган кезиңерде, Юсуф менен анын инисине эмне кылганыңар эсиңердеби?»
«Сен (ошол) Юсуфсуңбу?!» - деди бардыгы (таң калып). «(Ооба) мен Юсуф боломун. А, бул болсо - иним. Аллах бизге ырайым көргөздү. Чынында, кимде-ким Аллахтан коркуп, сабырдуу болсо, Аллах жакшылык кылуучулардын сыйлыгын текке кетирбейт» - деди.
(Анда) агалары: «Аллахка ант, Аллах сени бизден абзел-жогору кылды. Биз ката кылуучулардан болдук!» дешти.
(Юсуф) айтты: «Бүгүн силерди айыптамай жок. Силерди Аллахтын Өзү кечирсин! Ал - ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусу![1]
Менин бул көйнөгүмдү атама алпарып, бетине жапкыла - көзү ачылат. Анан (атам-апамды алып) баарыңар үй-бүлөңөр менен мага (кайтып) келгиле» - деди.
Ал эми, качан кербен (Мисирден) козголоору менен, (Палестинада, туугандаынын арасында отурган) атасы: «Эгер (акылынан адашкан деп) үстүмөн күлбөсөңөр, мен Юсуфтун жытын сездим!» - деди.
«Аллахка ант, сен кадимки эле адашуучулугуңдасың!» дешти (анын жанындагылар).
Ал эми, качан сүйүнчүлөгөн адам (жетип) келип, аны (Юсуфтун көйнөгүн) анын бетине таштаганда, көзү мурунку абалына кайтып, көрүп калды (жана): «Силерге: «Мен Аллахтан (келген вахий себептүү) силер билбеген нерселерди билемин» дебедим беле?» - деди.
(Балдары) айтты: «О, атаке! Биздин күнөөбүздү(н кечирилишин) Аллахтан сураңыз. Чынында, биз ката кылуучулардан болдук!».
(Яькуб) айтты: «Албетте силердин күнөөңөрдү кечирүүсүн Аллахтан сураймын! Аныгында, Ал Кечирүүчү, Ырайымдуу.[1]
Юсуфка киришкенде, ата-энесин үйүнө түшүрүп: «Мисирге кош келдиңиздер! Аллах кааласа тынч келдиңиздер!» - деди
жана ата-энесин (жетелеп падышалык) тактыга алып барды. (Ошондо) бардыгы ага сажда (таазим) кылып жыгылышты. (Анда Юсуф): «О, атаке! Бул менин мурунку (балалыгымдагы) түшүмдүн мааниси. Раббим ал түшүмдү акыйкатка айлантты. Ал мени зындандан чыгарганда, силерди ээн чөлдөн (аман-эсен) алып келгенде жана шайтан мени менен агаларымдын арасын бузгандан[1] кийинки кездерде мага (чоң) ихсан-жакшылык кылды. Чынында, Раббим каалаган ишти кылдаттык менен иш жүзүнө ашырып коюучу! Чынында, Ал - Билүүчү, Даанышман!
«О, Раббим! Сен мага мүлк-бийлик берип, түштөрдүн маанисин үйрөттүң! Оо, асмандар жана жердин жаратуучусу! Менин дүйнө-Акыреттеги сактоочум Өзүңсүң! Мени мусулман абалда өлтүрүп (наркы дүйнөдө) жакшы адамдарга кошкунуң!»
(О, Мухаммад!) Биз сага вахий кылган бул икая кайып кабарларынан. (Болбосо, Юсуфтун агалары) айлакерлик кылып, өз иштерин чогуу эрежелештирип жатканда, сен алардын алдында жок болчусуң.
Эгер сен умтулсаң да адамдардын көпчүлүгү ыймандуу болушпайт.
Сен ал (дааватың) үчүн алардан акы деле сурабайсың. Ал (Куран) ааламдар(дагы бардык адамдар) үчүн эскертүү гана.
Асмандар жана Жерде (Аллахтын жалгыз Кудай экенин билдирген) канчалаган аян-белгилер бар. (Бирок,) адамдар алардан жүз бурган бойдон (ыймансыз) өтүп кетишүүдө!
Алардан көпчүлүгү Аллахка, мушрик болгон абалда ишенишет.[1]
Алар өздөрүнө Аллахтын ороп алуучу азабы келишинен же болбосо, сезбей турган мезгилдеринде капыстан Кыямат келип калышынан көңүлдөрү бейпил бекен?!
Айт: «Ушул менин жолум! Мен адамдарды Аллахка (эч нерсени шерик кылбай сыйынууга) чакырамын! Мен жана мага ээрчигендер анык далилдин үстүндөбүз. Аллах (мушриктер сыпаттаган кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Жана мен мушриктерден эмесмин!”
Сенден мурда Биз (периштеден же аялдардан эмес) шаар элинин эркектеринен пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Жер бетинде саякат кылышпайбы жана өздөрүнөн мурункулардын (каапырлардын) акыбеттери кандай болгонун көрүшпөйбү? Ал эми, такыба адамдар үчүн Акырет Үйү жакшы. Акыл калчап көрбөйсүңөрбү? (Акырет үйү жана андагы бейиштерге жетүү үчүн бул дүйнөдөгү оор сыноолордон өтүш керек. Чынында сыноо өтө оор. Кээ бир учурда каапырлардын запкысы ушул даражада күчөп...)
Аллахтын пайгамбарлары деле, «Биз алдандыкпы» деп ойлоп калышкан(да гана) аларга Биздин жардамыбыз (каапырлардын башына түшкөн азап түрүндө) келген жана Биз каалаган адамдар куткарылган. Кылмышкер коомдордон болсо, Биздин азап (эч качан) кайтарылбайт!
Алардын баяндарында акылдуу адамдар үчүн сабак бар. (Ошол икаяларды баяндаган Куран болсо, Мухаммад тарабынан) ойлоп чыгарылган сөздөр эмес. А, бирок, өзүнөн мурунку (китептерди) тастыктоочу, бардык нерсенин толук баяны жана ыймандуу адамдар үчүн туура жол жана Ырайымдыр!