The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesThe night journey [Al-Isra] - Kyrgyz translation
Surah The night journey [Al-Isra] Ayah 111 Location Maccah Number 17
Пендесин түн ичинде Аль-Харам мечитинен Биз айланасын берекелүү кылган Аль-Акса мечитине сейил кылдырган Аллах (каапырлар таңуулаган алсыздык сыпаттарынан) Аруу-Таза! Биз ага (пендебизге) Өзүбүздүн белгилерибизди көргөзүү үчүн (сейил кылдырдык). Ал - Угуучу, Көрүүчү.[1]
Биз Мусага Китепти (Тооратты) берип, аны Исраил урпактары үчүн туура жол кылдык. (Жана аларга): «Өзүңөргө Менден башканы өкүл-башкаруучу кылып албагыла» (дедик).
Биз Нух менен бирге (кемеде) көтөргөн (жана чөктүрбөй, сактап калган) адамдардын урпактары, (уккула:) чынында, ал (Нух) абдан шүгүр кылуучу пенде болгон.
Биз Китепте (Тооратта) Исраил урпактарына: «Жер бетинде эки ирет бузукулук кылып, аябай, чектен чыгып, текеберленесиңер» деп вахий (кабар) кылдык.
Эми, ошол эки убаданын биринчисинин убактысы келгенде, силердин үстүңөргө абдан күчтүү пенделерибизди жибердик эле, үй-жайыңарды аралап (талкалап) киришти. Жана ал (убада) аткарылган убада болду.[1]
Кийин, кезекти алардын зыянына силердин пайдаңарга кайтардык жана силерди мал-мүлк, бала-чака менен кубаттандырып, саныңарды көбөйттүк.
Жакшылык кылсаңар өзүңөргө пайда, жамандык кылсаңар да (зыяны) өзүңөргө кайтат. Акыркы (экинчи) убаданын убактысы келгенде, (силерди жеңип, кул кылып) жүзүңөрдүн кунарын кетириш үчүн, биринчи жолкусунда кирген сыяктуу мечитке (Аль-Аксага) кирүү (жана аны ойрон кылуу) үчүн жана басып алган жерлерин талап-талкалоо үчүн (кубаттуу душманыңар кайтып келди).
(Эгер тообо кылсаңар) Раббиңер силерге дагы эле ырайым кылса ажеп эмес. Эгер (күнөөгө) кайтсаңар, Биз да (силерди жазалоого) кайтабыз. Биз каапырларга тозокту (түбөлүк) түрмө кылганбыз.
«Чынында, бул Куран (инсаниятты) эң туура жолго баштайт[1] жана салих (жакшы) амал кылган ыймандуу адамдар үчүн чоң сыйлыктар бар экени жөнүндө сүйүнүч кабар берет».
Акыретке ишенбеген адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз.
Инсан жакшылык тилеп дуба кылганы сыяктуу, жамандык тилеп да дуба кыла берет.[1] Инсан (ушундай) шашма.
Биз түн менен күндүздү (Өз кудуретибизге далил катары) эки аян-белги кылдык. Анан (элдер тынч эс алсын деп) түн-белгини өчүрдүк (караңгы кылдык). Ал эми, Раббиңердин пазилетин издеп,(тиричилик кылып) жүрүшүңөр үчүн жана эсеп менен жыл санагын билишиңер үчүн күн-белгини жарык кылдык. Биз ар бир нерсени анык-айкын баяндадык.
Ар бир адамдын (жакшы же жаман) ишин өз мойнуна илип койдук жана кыямат күндө ага, таратылган, өзү жолукчу китебин (амал дептерин) чыгарып беребиз. (Жана):
«Китебиңди оку, бүгүн өзүңдүн зыяныңа өзүң жетишерлик эсепчисиң!» (дейбиз).
Ким туура жолго түшсө - өз пайдасы үчүн түшөт. Кимде-ким адашса, өзүнүн зыянына адашат. Эч ким бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Биз пайгамбар жибермейинче (эч кимди) азапка салбайбыз.[1]
Эгер Биз бир шаарды кыйратууну кааласак, анын дене кумарына берилген (бай) адамдарына буюрабыз.[1] Кийин алар шаарда бузукулук кылганда, үстүлөрүнө сөз (азап) түшүүсү ылайык болуп калат. Анан аны жер менен жексен кылабыз.
Биз Нухтан кийин дагы нечендеген муундарды кыйраттык. Раббиң Өз пенделеринин күнөөлөрүнөн жетиштүү Кабардар (жана) Көрүүчү.
Кимде-ким тез өтүүчү (дүйнө)нү кааласа, Биз анда (дүйнөдө) каалаган адамыбызга, каалаган нерсебизди ал үчүн тездетип беребиз. Кийин (Акыретте) ага жек көрүлгөн, шерменде абалында таштала турган тозокту (насип) кылабыз.
Ал эми, кимде-ким акыретти(к соопту) каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса, алардын аракеттери кабыл алынган.
(Бирок, бул дүйнөдө) тигилерге деле, буларга деле жакшылыктарыбызды жеткире беребиз. Раббиңдин жакшылыгы (бул дүйнөдө эч кимден) тосулган эмес.
Карачы, Биз (дүйнөдө адамдардын) бирөөлөрүн башкаларынан кантип абзел-пазилеттүү кылып койдук. Бирок, акыреттик пазилет менен (акыреттик) даражалар чоңураак.
Сен (эч качан) Аллахка дагы бир «кудайды» кошпогун! Анткенде, жек көрүндү болуп, (сооптордон) куржалак олтуруп каласың.
«Раббиң өкүм (буйрук) кылды: Өзүнөн башка (кудай)ларга ибадат кылбайсың, ата-энеңе жакшылык кыласың, эгер алардан бирөөсү же экөө тең сенин алдыңда картайган жашка жетсе, аларга «уф-ф» дебейсиң, аларды(н сөздөрүн) кайрыбайсың жана улук (сылык) сөздөрдү гана сүйлөйсүң».[1]
Сен алар үчүн ырайымдуулук менен кичипейилдик «канатыңды» жаз жана (мындай деп) айт: «О, Раббим! Ал экөөсүнө, мага наристе кезимде мээримдүүлүк көргөзгөндөрү сыяктуу мээримдүүлүк көргөз!»
Силердин ичиңердеги нерсени[1] Раббиңер жакшы Билүүчү. Эгер салих-таза адамдардан болсоңор, чынында, Ал (Өз Жолуна) кайтуучуларга Кечиримдүү.
Тууган-уруктарга, мискин-кедейлерге жана мусапырларга (адамдык акы-укугун жана урмат, жардам) бергиниң. Бирок, ысырапкор-чачуучу болбогун!
Аныгында, ысырапкорлор – шайтандын достору. А, шайтан болсо, Раббисине өчөшкөн каапыр!
Же болбосо, Раббиңдин ырайымынан (байлыгынан) үмүт кылып, аларга (аргасыздан) жүз үйрүсөң, ширин сөздөрдөн айткын.[1]
(Эки) колуңду мойнуңа таңылгандай кылып алба! (Ошондой эле,) Биротоло ачып (чачып) жибербе! Жек көрүндү жана куржалак болуп каласың.
Чынында, сенин Раббиң каалаган пендесине ырыскыны кенен берет, каалаганына ченеп берет. Ал пенделеринин (абалынан) Кабардар, Көрүүчү.
(О, адамдар!) Жокчулуктан коркуп перзентиңерди өлтүрбөгүлө! Аларга да, силерге да Өзүбүз ырыскы беребиз. Аларды өлтүрүү эң чоң күнөө![1]
Зынага жакындабагыла! Ал - бузукулук жана эң жаман жол!
Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жандарды кыйбагыла! Акыйкат менен болсо, мейли. Кимде-ким зулумдук менен өлтүрүлсө, анын (маркумдун) ээлерине (өлтүрүүчүнүн үстүнөн толук) бийлик беребиз. Бирок, өлтүрүүдө ысырап кылбасын! Ал - жардам берилген адам.[1]
Эрезеге жеткенге чейин жетимдердин мал-мүлкүнө жакындабагыла, бир гана жакшы ниет менен болсо, мейли. Жана убаданы аткаргыла. Албетте убада (Акыретте) суралчу нерсе.
Өлчөгөндө (тартканда) өлчөөнү толук кылгыла! Жана туура тараза менен тарткыла! Ушул жакшы жана эң мыкты чечим.
Өзүң (анык) билбеген нерсени ээрчибе! Чынында, кулак, көз жана жүрөк, ушулардын баары (кыяматта) суралуучу нерселер.
Жер бетинде текеберлене-көөп жүрбөгүн! Сен бутуң менен жерди тешип жибере албайсың жана бийиктикте тоолорго тең келе албайсың!
Ушулардып баары Раббиңдин алдында макүрөө саналган жаман кулк-мүнөздөр.
«Булар Раббиң аян-кабар кылган үлгүлүү наасаттардын кээ бирөөлөрү. Эми, сен Аллахка башка «кудайды» кошпогун, анда, (эгер ширк кылсаң) айыпталган, жек көрүлгөн абалда тозокто (түбөлүк) каласың!»
(О, мушриктер) Раббиңер силерге уул перзенттерди тандап, Өзү периштелерди кыз кылып алыптырбы?![1] Чынында, силер чоң күнөөлүү сөздү сүйлөп жатасыңар!
Биз бул Куранда аларга (түрдүү өкүмдөрдү) баян кылдык, эстерине келиши үчүн. Бирок, бул(баянд)ар алардын (чындыктан) качууларын гана көбөйттү.
Айт (о, Мухаммад,) “Эгер алар айткандай Аллах менен бирге башка кудайлар бар болсо, анда алар Арштын Кожоюнуна (каршы, аны жеңүү үчүн) жол издешмек.
Аллах алар сыпаттаган нерселерден Бийик, Улук жана Аруу!
Аллахка жети асман, жер жана алардагы бардык (жандуу-жансыз) нерселер мактоо менен тасбих айтышат. Бирок, алардын тасбихтерин силер түшүнбөйсүңөр. Чынында, Аллах Кеңпейил, Кечирүүчү.
(О, Мухаммад!) Эгер Куран окусаң, сени менен Акыретке ишенбегендердин арасына тосулган парда тартып койобуз.[1]
Жана алардын жүрөктөрүнө Куранды түшүнө албай калсын деп, чүмбөт ороп, кулактарын “дүлөй” кылып койобуз. Качан сен Куранда жалгыз Раббиңди эстесең, артка бурулуп, качып кетишет.
Алар сени(н Куран окуганыңды) эмне себептен угуп жатканын биз жакшыраак билебиз. Андыктан, алар сени укканда, (өз ара) шыбырашканда залымдар “Силер сыйкырланган адамга ээрчип жатасыңар” дешет.
Карачы, алар сага кандай гана мисалдарды келтирип, экинчи жол таба албай турган болуп адашышат.
Жана “биз (өлүп, шагыраган) сөөктөр жана чириген тарп болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилебизби?!”- дешет.
Айткын: «(Ооба! Шагыраган сөөк же чириген тарп гана эмес, эгерде) таш, темир болсоңор да,
Же жүрөгүңөрдө (ойлогон) мындан да олуттуураак нерсе болсоңор да, (Аллах сөзсүз тирилтип алат!) «Ким кайра тирилтет?» деп сурашат. Айткын: «Силерди биринчи ирет жараткан Кудай». Кийин алар сага (ишенбей) баш чайкашып: «Ал качан?» дешет. Айткын: «Жакын калган болсо ажеп эмес».
(Исрафил периште «сур» кернейин тартып, Аллах) силерди чакырганда, Аны даңктап, жооп бересиңер. (Мүрзөңөрдөн тирилип чыгасыңар.) Жана (бул дүйнөдө) бир аз эле убакыт турдук деп ойлоп каласыңар».
(О, Мухаммад), Менин пенделериме айт, эң жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн.[1] Шайтан алардын арасын бузуп жүрөт. Чынында, шайтан - инсандын анык душманы.
Аллах силерди (өзүңөрдөн) жакшыраак билет.[1] (Аллах) кааласа силерге ырайым кылат, кааласа, азап берет. (Оо, Мухаммад!) Биз сени аларга (иштерин текшерүүчү) өкүл кылган эмеспиз.
Сенин Раббиң асмандардагы жана жердеги нерселерди (силерден) жакшыраак Билүүчү. Биз кээ бир пайгамбарларды кээ бирөөлөрүнөн абзел-жогору кылдык жана Даудга Забур (китебин) бердик.
Айткын: «(О, мушриктер) Аллахтан башка (өзүңөр кудай деп) ойлогонуңарга дуба кыла бергиле, баары бир алар силерден эч бир зыянды арылта албайт жана (ишиңерди жакшы же жаман жагына) өзөгөртө албайт.
Алардын[1] өздөрү (Аллахка) дуба кылышып, (Ага) кимиси жакыныраак (сүйүктүүрөөк) болууга жол издешет, ырайымынан үмүт кылышып, азабынан коркушат. Чынында, Раббиңдин азабынан сак болуу зарыл.[2]
Биз (жер бетиндеги) бардык (каапыр) шаарларды, Кыяматтан мурдараак кыйратабыз же болбосо, катуу азап менен жазалайбыз. Бул Китепте (тагдырда) жазылган.
Бизди (мушриктерге) моожиза берүүдөн тоскон нерсе - абалкы (каапыр) коомдордун (моожизаны) «жалган» дегендери. Биз Самуд коомуна анык көрүнгөн төө бердик эле, ага зулум кылып (ишенбей) коюшту. Биз моожизаларды (элдерди жалгыз Аллахтан) коркутуу үчүн гана жиберебиз.
Жана бир кезде Биз сага: «Раббиң (Өзүнүн илими менен) адамдарды ороп алат» дегенбиз. Биз сага (Исра түнүндө) көргөзгөн нерсе жана Курандагы каргыш тийген (Заккум дарагы) адамдар үчүн сыноо. Биз аларды коркутабыз. Бирок, бул (коркутуу) алардын ашынган каапырлыгын гана көбөйтөт.[1]
Бир кезде Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла!» дедик. Иблистен башка баары сажда кылышты. (Иблис болсо:) «Ылайдан жараткан нерсеңе сажда кылат бекенмин» - деди.
Ал (дагы мындай) деди: « Айтчы, мага (оо, Раббим), менден улук кылганың (Адам) ушулбу?! Эгер мени Кыямат күнгө чейин (жанымды албай) кечиктирсең, анын бардык урпактарын азгырып жиберемин. Азыраактары (Сага ыклас менен сыйынгандары) гана калат».
«Жогол! - деди Аллах, - бирок, алардан кимиси сага ээрчисе, силердин толук (ылайыктуу) жазаңар тозок!
Алардын кимисине алың жетсе, добушуң менен (эле) азгырып ал! (Кааласаң) алардын үстүнө атчан жана жөө аскериңди жибер! Жана (кааласаң) алардын мал-мүлкүндө, бала-чакасында шерик бол жана аларга убадаларыңды бер! (О, пенделер!) Шайтан аларга жалган убадаларды гана берет![1]
Албетте, Менин (ыкластуу) пенделериме бийлигиң өтпөйт! Сактоо жаатынан (аларга) Раббиңдин Өзү жетиштүү!»
(О, инсандар) Раббиңер, Өз пазилетинен (ырыскы) издешиңер үчүн силердин пайдаңарга (албууттанган) деңиздин үстүндө кеме жүргүзүп койду. Чынында, Ал силерге Ырайымдуу!
Жана эгер силерди деңиз үстүндө бир апаат кармаса, жалбарып, дуба кылган «кудайыңар» жоголуп, Анын (Аллахтын) Өзү гана калат. (Жана Өзүнө жалбарып: «О, Аллах! Өзүң жалгыз кудайыбызсың! Куткара көр!» дейсиңер). Эми, Ал силерди кургакка чейин (жеткирип) куткарып койсо, (дагы эле бут- кудайыңарга) бурулуп кетесиңер. Инсан жакшылыкка шүгүрсүз болду!
Эмне, силерди кургакта жер жутуп жиберишинен же болбосо, (Аллах) силерге таш бороонун жиберишинен, кийин өзүңөргө (эч бир) өкүл-коргоочу таппай (мукурап) калышыңардан коопсузсуңарбы?!
Дагы силер (Аллах) силерди кайрадан деңизге кайтарып, үстүңөрдөн добул жиберип, каапырлыгыңарга жараша чөктүрүп жиберишинен коопсузсуңарбы?! Кийин Бизге каршы бир да өч алып берчү адамды таба албай каласыңар![1]
Чынында, Биз адам перзенттерин (башка макулуктардан) улук кылып, кургактагы жана деңиз үстүндө(гү нерселерге) миндирип, таза-адал нерселерден ырыскы бердик жана Өзүбүз жараткан көп нерселерден бир кыйла абзел-жогору кылып койдук.
Биз бардык инсандарды ээрчиген жолбашчылары[1] менен (суракка) чакырган (Кыямат) Күндө, кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе, алар өз китептерин (сүйүнүп) окушат жана аларга чел кабыкчалык дагы зулумдук кылынбайт.
Ал эми, ким ушул дүйнөдө сокур (сыяктуу акыйкатты көрбөгөн) болсо, ал Акыретте да сокур жана (бейиш) жолунан адашкан болот.
(О, Мухаммад, Биз сага аян-кабар кылган нерселердин ордуна) Бизге каршы башкаларын ойлоп чыгарышыңды үмүт кылышып, мушриктер сени, Биз сага аян-кабар кылган нерселерден азгырууга жакын аракеттерди жасашты. Анда (аракеттери оңунан келгенде) сени эң жакын дос кылып алышмак.
Эгерде Биз сени (туура жолдо) бекем кылбаганда, аларга бир аз жакындашып калмаксың.
Анда (эгер алардын каалоолорун ээрчигениңде) Биз сага (ушул) жашоодо да, өлүмдө(н кийинки жашоодо) да удаама-удаа азаптарды таттыраар элек. Кийин Бизге (Биздин азапка) каршы эч бир жардамчы таппай калаар элең!
Алар сени (өзүң туулган) жерден чыгарып жиберүү үчүн айдаганга камданып калышкан. Андай болсо, Сенден кийин өздөрү да көпкө турушпайт.[1]
Бул сенден мурда жиберген пайгамбарлардын (Биз түзүп койгон) жолу.[1] Сен Биздин жолубуз өзгөргөнүн көрбөйсүң.
(О, Мухаммад!) Күн чак түштөн (батышка) оогондо, түн караңгысына чейин намаз оку. Жана таңдын намазын да (оку). Чынында, таңдын намазы күбө болунган (намаз).[1]
Түндүн бир бөлүгүндө туруп, өзүң үчүн нафил намаздарында Куран оку. Мүмкүн (ошондо) Раббиң сени макталган орунда тирилтээр![1]
Айткын: «О, Раббим! Мени бир орунга киргизсең жакшылык-чындык менен киргиз жана бир (жамандык болуп жаткан) жерден чыгарсаң да чындык менен чыгар! Өзүң тараптан мага дем болуучу кубат-далилдерди бер!
Жана Айткын: «Акыйкат (Ислам) келип, жалган (диндер) жоголду. Аныгында жалган – жоголуучу нерсе.[1]
Биз ыймандуулар үчүн шыпаа жана ырайым болгон Куранды түшүрөбүз. Ал эми (Куран аяттары) залымдардын зыяндарын гана көбөйтөт.[1]
Эгер Биз инсанга нээмат- жакшылык берсек, (сүйүнүп, оолугуп) Аллахтан четтеп, жүз буруп (шүгүр кылбай) кетет. А, эгер бир жамандык кармаса, (Аллахтан биротоло) үмүтсүз болуп калат.
Айт: «Ар бир адам өз абалына жараша амал кылат. Бирок, Раббиң ким туура жол табуучу экенин жакшы билет.
(О, Мухаммад!) сенден Рух жөнүндө сурашат. Айткын: «Рух Раббимдин (Өзүнө гана таандык) иштеринен» жана силерге (о, адамдар) аз гана илим берилген.
Эгер Биз кааласак сага Өзүбүз вахий кылган нерсени (Куранды сенден) кетире алабыз, анан, өзүң үчүн Бизге каршы (Куранды кайтарып бере турган) жардамчы таба албай каласың.
Ал эми, бир гана Раббиң тарабынан келген ырайым (себептүү гана Кураан сенден кетпей турат). Чынында, Раббиңдин сага берген пазилети өтө чоң.
Айткын: «Эгер (бардык) инсандар жана жиндер ушул Куран сыяктуу (бир китепти майданга) келтирүүгө чогулушуп, бири-бирине жардамчы болушса да, анын окшошун (эч качан) келтире алышпайт».[1]
Биз (акыл-эсине келсин деп) бул Куранда инсандарга ар түрдүү (үлгүлүү) мисалдарды тизмектеп келтирдик. Бирок, көпчүлүк адамдар каапырчылыктан башкасынан баш тарта берет.
(Мушриктер) Айтышты: «(О, Мухаммад) сен качан гана бизге жерден атырылган булак чыгарып бермейинче,
أَوۡ تَكُونَ لَكَ جَنَّةٞ مِّن نَّخِيلٖ وَعِنَبٖ فَتُفَجِّرَ ٱلۡأَنۡهَٰرَ خِلَٰلَهَا تَفۡجِيرًا [٩١]
Же сенин курмадан, жүзүмдөн багың болуп, анын арасынан ташкындаган дарыяны агызып коймоюнча,
Же өзүң айткандай үстүбүзгө асмандын (азаптын) бир бөлүгүн түшүрмөйүнчө, же (өзүңдүн ак-туура экениңе күбө тартуу үчүн) биздин алдыбызга Аллах менен периштелерди алып келмейинче,
Же сен үчүн асыл таштардан (салынган) сарай болуп калмайынча, же өзүң биздин көз алдыбызда асманга учмайынча (сага эч качан ыйман келтирбейбиз) жана эгер асмандан бизге, окуй турган (кадимкидей) китеп алып түшпөсөң, учканыңа да ишенбейбиз» Айт: «Аллах (силер ойлогон сыпаттардан) Таза! Мен болгону, пайгамбар кылып, жиберилген кишимин».
Аларга Хидаят (туура жол) келгенде, адамдардын ыйман келтиришине «Аллах адамды пайгамбар кылып жиберет бекен?!» деген сөздөрү гана тоскоол болду.
Айткын: «Эгер периштелер жер элине көнүп, жер бетинде беймарал жашай алышса, Биз аларга асмандан периштелерди пайгамбар кылып жибермекпиз».
Айткын: «Мени менен силердин араңарда Аллахтын Өзү жетиштүү Күбө. Ал пенделеринен Кабардар (жана) Көрүүчү.
Аллах кимди туура жолго баштаса - ал туура жолдо. Ал эми, кимди адаштырса, ага (Анын) Өзүнөн башка жардамчыны таба албайсың. Жана Биз аларды Кыямат Күнү жүзүн жер караткан абалда сокур, дүлөй, дудук кылып тирилтебиз. Алардын орду - тозок! Ар качан анын оту азайган сайын алар (көбүрөөк күйсүн) үчүн отту көбөйтүп турабыз.
Бул алардын: «Эгер биз(шагыраган) сөөк жана чириген топурак болуп калсак деле, жаңыдан жаратылып, кайра тирилет белек?!» деген сөздөрү жана Биздин аяттарыбызга каапырлык кылгандары себептүү (туш болгон) жазалары!
Асмандар менен жерди жарата алган Аллах, аларды өзүндөй кылып (кайрадан) жаратууга кудуреттүү экенин алар билишпейби?! Аллах алар(дын кайра тирилүүсү) үчүн эч бир шек-күмөн жок болгон белгилүү мөөнөттү (дайын) кылган. Залымдар болсо, каапырлыктан башка бардык нерседен баш тартты.
Айткын: «(О, мушриктер!) Эгер силер Раббимдин Ырайым Казыналарына ээ болуп калчу болсоңор, аны садака кылуудан коркуп, жашырып койоор элеңер. Инсан (ушундай) сараң.
(О, Мухаммад!) Биз Мусага тогуз моожиза бергенбиз. (Эгер шектенсең) Исраил урпактарынан сура.[1] (Муса) аларга барганда, Фараон ага: «О, Муса, мен сени сыйкырланып калсаң керек деп ойлоймун» - деди.
(Анда Муса) айтты: «Сен мына бу(моожиза)ларды асмандар жана жердин Раббиси (Аллах) (пенделерине Өз кудуретинен) көз көрүнөө белги кылып түшүргөнүн билип элс турасың. Демек, мен сени, эй, Фараон, кыйрагандардан болоорсуң деп айта аламын».
Кийин (Фараон) аларды (Мисир) жеринен айдап чыгууну каалады эле, Биз аны жана аны менен бирге болгондордун бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик.
Андан (Фараондон) соң Биз Исраил урпактарына: (Мисир) жер(ин)де жашап тургула, эми качан гана Акырет убадасы келгенде, баарыңарды (амалыңарга жараша сооп же жаза бериш үчүн Акыретке) алып келебиз» дедик.
Биз аны (Куранды) Акыйкат менен түшүргөнбүз жана Акыйкат менен түшкөн. Биз сени (бейиштин) куш кабарчысы жана (тозоктон) коркутуучу болушуң үчүн гана жибергенбиз.
Биз Куранды (Акыйкат менен жалганды) ажыратуучу кылдык жана аны адамдарга шашылбай окуп беришиң үчүн (жыйырма үч жыл аралыгында) бөлүп-бөлүп түшүрдүк.
(Оо, Мухаммад, мушриктерге) айткын: «Силер ага (Куранга) ыйман келтирсеңер да же ыйман келтирбесеңер да (Аллах силердин ыйманыңарга муктаж эмес.) Андан мурунку илимдүү адамдар өздөрүнө Куран окулганда бети менен саждага жыгылышып:
«Раббибиз Аруу-Таза! Раббибиздин (Акырет жөнүндөгү) убадасы сөзсүз аткарылат!» - дешкен.
Алар ыйлаган бойдон бети менен жыгылышканда (Куран) алардын (Аллах алдындагы) кичипейилдиктерин көбөйтөт.
Айт: «(О, момундар кааласаңар) «Аллах» деп дуба кылгыла, (кааласаңар) «Рахман» деп дуба кылгыла. Эмне деп дуба кылсаңар да, Анын эң мыкты ысымдары бар.[1] (Оо, Мухаммад) намазыңдын (кыраатын) бийик добуш менен да (акырын) угулбай турган кылып да окуба! Ушунун аралыгында(гы окуу) жол(ун) изде![2]
Жана айткын: «Баласы жок, мүлктө шериги жок, кордолгон макулуктардан эч бир жардамчысы да жок Аллахка мактоолор болсун!» Жана Аны (Улук Сыпаттары менен ар дайым) даңктап жүр!