عربيEnglish

The Noble Qur'an Encyclopedia

Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languages

Taha [Taha] - Kyrgyz translation

Surah Taha [Taha] Ayah 135 Location Maccah Number 20

Таа – хаа.[1]

(Оо, Мухаммад!) Биз сага Куранды бактысыз болушуң үчүн түшүрбөдүк.[1]

Тескерисинче, (Аллахтан) корккон адамдар үчүн эскерме катары түшүрдүк.

(Бул Куран) Жерди жана жогорку асмандарды жараткан Зат – Аллахтан түшкөн!

(Ал – ) Чексиз Ырайымдуу (Аллах), Арштын үстүнө көтөрүлдү.[1]

Асмандардагы, Жердеги нерселердин бардыгы жана Жер астындагы нерселердин баары жалгыз Ага гана таандык мүлк болуп саналат!

Эгер сен ашкере сүйлөсөң да (шыбырап сүйлөсөң да) Ал купуя сырлардын баарын билет.

Аллах, эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, бир Анын Өзү бар. Анын керемет ысымдары бар![1]

(Оо, Мухаммад!) Сага Мусанын окуясы жетти беле?

Бир кезде ал (алыстан) от(тун жалынын) көрүп, үй-бүлөсүнө: «Ушул жерде(н эч кайда жылбай) тургула. Мен от көрүүдөмүн. Мүмкүн, андан бир аз чок таап келээрмин же болбосо оттун жакынынан бир жол көргөзүүчү табаармын» – деди.[1]

Отко» жакындаганда: «Оо, Муса» деген добуш угулду.

«Мен сенин Раббиң боломун! Чокойуңду чеч! Сен Ыйык Тува өрөөнүндөсүң![1]

Мен сени (пайгамбарлык үчүн) тандап алдым. Эми, (өзүңө) аян-кабар кылынчу нерселерди угуп ал:

Мен – Аллах боломун! Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Мен гана бармын! Демек, Өзүмө ибадат кыл жана Мени эстөө үчүн намаз оку!

Ар бир жан өз кылмышына жараша жаза (же сооп) алышы үчүн Кыямат сөзсүз келет. (Бирок) Мен аны(н болоор убактысын) сыр кылып койдум.

(Оо, Муса) Сени Кыяматтан (диний-акыреттик иш кылуудан) ага ишенбеген жана өз каалоосуна ээрчиген адамдар тосуп койбосун, (анда) бактысыз болуп каласың!

Оң колундагы эмне, оо, Муса?».[1]

«Бул – менин таягым» – деди Муса – мен ага таянамын жана койлорума аны менен (жалбырактарды) күүп беремин. Жана башка максаттарга да пайдаланамын».

(Аллах) айтты: «Оо, Муса аны жерге ташта».

Аны таштады эле, сойлогон (чоң) жыланга айланып калды.

«Аны колуңа ал жана коркпо. Биз аны абалкы абалына келтирип коёбуз».

Жана колуңду колтугуңа кат – жамандыгы жок, ак-нурдуу болуп чыгат. Бул дагы бир керемет.[1]

(Таяк менен ак кол) Биздин чоң кереметтерибизден. Сага көргөзүп (билгизип) коюшубуз үчүн.

Эми, Фараонго (аны Акыйкатка кайтаруу үчүн) бар. Ал чектен чыгып кетти».

(Муса) айтты: «Оо, Раббим! Менин көкүрөгүмдү кенен кыл!

Жана менин иштеримди жеңил кыл!

Тилимдеги түйүндү чечип кой.

Адамдар (сөзүмдү) түшүнгөндөй болсун![1]

Мага өз үй-бүлөмдөн вазир-жардамчы дайындап бер:

Бир тууганым Харунду.

Ал себептүү менин кубатымды көбөйт.

Аны ишиме шерик (пайгамбар) кыл!

Сени көп аруулашыбыз үчүн.

Сени көп зикир кылышыбыз үчүн,

Өзүң бизди көрүп туруучусуң!»

(Аллах) айтты: Оо, Муса! Сураганыңдын баары сага берилди.

Биз сага бир жолкуда мындан башка да жакшылык кылган элек.

Ошондо, Биз апаңдын көңүлүнө (мындай деп) илхам салганбыз:

«Аны сандыкка салып, (Нил) дарыяга таштагын, дарыя аны жээкке чыгарат. (Кийин) аны өзүнүн жана Менин душманым (Фараон) таап алат». Жана Биздин көз алдыбызда, (коргообузда жана камкордугубузда) тарбияланышың үчүн, сага Өзүбүздөн бир махаббат (нур) бергенбиз.

Анда сенин эжең барып: «Аны кепилге ала турган (эмизе турган) аялга баштап барайынбы?» деди.[1] Ошентип, кайгырбай, сүйүнүп калышы үчүн Биз сени апаңа кайтардык. Жана бир жанды өлтүрүп койдуң. Биз сени (ошол) кайгыдан да куткардык. Кийин сенин башыңа көп сыноолорду салдык. Анан Мадиян элинде бир нече жылдар туруп калдың. Кийин (Биз белгилеген) тагдыр боюнча (бул жерге) келдиң, оо, Муса!

Мен сени Өзүмө (пайгамбар кылып) тандадым.

(Эми,) сен жана бир тууганың (Харун) экөөң Мен берген (тогуз) кереметтерди алып баргыла. Мени эстөөдө (жана эскертүүдө) алсыздык кылбагыла!

(Оболу) Фараонго баргыла. Анткени ал аябай чектен чыгып кетти.

Анан ага (адегенде) сылык-сыпаа сөз айткыла,[1] (Мени) эсине алса же (Менден) коркуп калса ажеп эмес.

(Экөө) айтты: «Оо, биздин Рабби! Биз (үгүтүбүздү баштай электе) бизге каршы шашылып (чара колдонуп) коюусунан жана чектен чыгып зулумдук кылуусунан коркуп жатабыз».

«Коркпогула! Мен силер мененмин! (Бардыгын угуп, көрүп турамын)

Баргыла дагы: «Биз Раббиңдин элчилери болобуз. Исраил урпактарын биз менен (өз ата журттарына) жибер. Аларды азапка салба. Биз сага Раббиңден керемет алып келдик. Хидаятка (Аллахтын туура жолуна) ээрчигендерге салам болсун!»

Чынында, бизге: «(Менин аяттарымды) «жалган» деп, жүз бурган адамдарга азап бар» деп вахий кылынган» – деп айткыла. (Ошондо Фараон…)

Айтты: «Оо, Муса, силердин Раббиңер ким?!»

(Муса) айтты: «Биздин Раббибиз бардык нерселерге (өзүнө жарашкан) келбет-шекилин берип (жараткан) жана (өз багытына) жолдоп койгон Аллах».

(Фараон) айтты: «Өткөн кылымдын элдерине эмне болгонун билесиңби?»

Алар жөнүндөгү илим Раббимдин алдындагы Китепте. Раббим (ал Китепте) адашкан эмес, эч нерсени унуткан да эмес».

(Аллах) силерге жерди жашоого ыңгайлуу кылып жайып берди, анда силер үчүн жол салып берди. Жана силерге асмандан суу түшүрдү. Кийин Биз аны менен ар түрдүү өсүмдүктөрдү чыгардык.

(Алардан) жегиле жана мал-жаныңарды баккыла. Бул нерселерде акылдуу кишилер үчүн сабактар бар.

Биз силерди ошол жерден жаратканбыз жана ошого кайтарабыз. Жана (Кыяматта) экинчи ирет дагы ошондон чыгарып алабыз.

Биз ага (Фараонго арналган) бардык кереметтерибизди көрсөтсөк, «жалган» деп, (акыйкатты кабыл алуудан) баш тартты.

(Жана мындай) деди: «Оо, Муса сен өзүңдүн сыйкырың менен бизди жерибизден чыгарып жиберүү үчүн келдиңби?

Биз деле сага ошонун өзүндөй сыйкыр келтирип бере алабыз. Эми, биз менен өзүңдүн ортоңдо бир тегиз жерди убада кылгын. Ал жер өзүңө да, бизге да ылайыктуу болсун.[1]

(Муса) айтты: «Силерге майрам күндү – адамдар шашке маалда чогулган күндү убада беремин.

Фараон барып өзүнүн айлакер-амалкерлерин жыйнап (убадаланган күндө, убада кылынган жерге) келди.[1]

Муса аларга (сыйкырчыларга насаат) айтты: «Оңбой каласыңар! («Аллахтын шериги бар» деп) Аллахка жалаа жаппагыла! Ал силерди азап жиберип кыйратып салат! (Аллахка) жалаа жапкандар оңбой калат!»

Алар иштеринде талашып калышты жана өз ара шыбырашып сүйлөшө баштады.

(Кийин элдерге Муса менен Харунду көргөзүп мындай) дешти: «Бул экөө анык сыйкырчы! Силерди жериңерден чыгарып жиберүүнү жана алгылыктуу жолуңарды (сыйкырчылыкты) жоюп жиберүүнү каалап жатат!» (Анан Фараон сыйкырчыларга айтты:)

«Болгон амалкерлигиңерди жыйнап, сапка тизилип келгиле. Бүгүн ким үстөмдүк кылса, ошол жеңишке жетет!»

«Оо, Муса (дешти сыйкычылар) же сен (башта колуңдагы таягыңды) ташта же болбосо, биз биринчи таштайлы».

(Муса) айтты: «Жок, силер таштагыла!» (Ташташты эле,) капыстан жиптери жана таяктары, алардын сыйкырынан улам ага (Мусага) кыймылдагандай көрүндү!

Муса ичинен бир сестенип алды.[1]

Биз (ага): «Коркпогун сен (алардан) жогору(боло)суң» – деп айттык.

Колуңдагы нерсени (таякты) ташта, алардын жасалмаларын жутуп жиберет. Алар жасаган нерселер сыйкырчынын гана көз бойоосу. Сыйкырчы деген кайда болбосун, максатка жетпейт» дедик.[1]

Анан сыйкырчылар сажда кылган абалда жерге бой таштап: «Муса менен Харундун Раббисине ыйман келтирдик!» дешти. (Муну көргөн Фараон аябай ачууланды:)

«Эмне силер мен уруксат бербей туруп эле, ага (Аллахка) ыйман келтире бересиңерби?! Демек, ал (Муса) силерге сыйкырды үйрөткөн чоңуңар экен да. Эми мен силердин кол бутуңарды каршы-терши (оң кол-сол бут) кесип, өзүңөрдү курма дарагына асып байлап коёмун. Анан кимибиздин (Аллахтынбы же менинби) азабыбыз катуураак жана узунураак экенин билип аласыңар!»

(Сыйкырчылар) айтышты: «Биз эч качан өзүбүзгө келген аят-белгилерден жана бизди жараткан Аллахтан сени жогору койо албайбыз. (Бизге) Эмне өкүм кылсаң кыла бер! Себеби, сен ушул дүйнөдө гана өкүм кыла аласың!

Биз Раббибизге, каталарыбызды жана сен бизди мажбурлаган сыйкыр(ыбыз)ды кечиришин үмүт кылып, ыйман келтирдик. Аллах эң жакшы жана Түбөлүк!».

Чынында, ким (Кыяматта) Раббисине күнөөкөр (каапыр) абалда барса ага сөзсүз тозок бар. (Ал анда) же өлө албайт, же жашай албайт![1]

Жана ким Раббисине жакшы амалдарды жасап, момун-ыймандуу абалда жолукса, аларга эң жогорку даражалар:

Түбүнөн дарыялар аккан, бейиштер бар. Алар анда түбөлүк калышат! Бул (күнөөлөрдөн жана каапырчылыктан) таза боло алгандардын сыйлыгы![1]

Биз Мусага: «Менин пенделеримди түндөсү алып чык жана (таягың менен) уруп, алар үчүн деңизде кургак жол кылып бер. (Фараондун) жетип алуусунан да коркпо, (сууга чөгүүдөн да) кооптонбо» - деп вахий кылдык.

Фараон аскерлери менен алардын артынан (деңиз «жолуна») түштү. Деңиз аларды ороп жутуп кетти!

Фараон элин адаштырган, өзү да адашкан болчу!

Оо, Исраил урпактары! Биз силерди душманыңардан куткардык. Жана (силерге диний-дүйнөлүк жакшылыктарды камтыган Тоорат китебин берүү үчүн) Тур тоосунун оң тарабын убадалаштык. Силерге асмандан шириндиктерди, (кармоого жеңил болгон) куштарды түшүрдүк (жана мындай дедик:)

«Биз ырыскы кылып (түшүрүп) берген таза ырыскылардан жегиле, бирок анда чектен чыкпагыла (жеп алып күнөө кылбагыла) (эгер ошентчү болсоңор), үстүңөргө Менин азабым түшөт. Кимге Менин азабым түшсө, анын өлгөнү – ошол!

(Бирок) Мен, тообо кылып, ыймандуу болуп, жакшы амал кылып, туура жолго түшкөндөрдү албетте, кечиремин».[1]

«Оо, Муса, сен коомуңдан эмнеге мынча шашылып, озуп кеттиң?».[1]

(Муса) айтты: «Алар мына, артымда келе жатышат. Оо, Раббим, ыраазы болушуң үчүн, мен Сага шашып баратамын!»

(Аллах) айтты: «Сен чыккандан кийин Биз коомуңа сыноо түшүрдүк. Жана аларды Самирий адаштырды».

Анан Муса коомуна ачууланып, бушайман болуп кайтып барды да: «Оо, коомум! Раббиңер силерге («Тоорат түшүрөмүн» деп) жакшынакай убада бербеди беле?! (Мен ошол убада үчүн кетпедим беле?!) Эмне, силерге (араңарда мен жок болгон) убакыт узун болуп кеттиби?! Же болбосо, үстүңөргө Раббиңердин каары түшүшүн кааладыңарбы?! Силер Мага берген убадаңарды буздуңар![1]

Алар айтышты: «Биз Сага берген убаданы өз эркибиз менен бузбадык. Бирок, биз (Мисирден чыгып келе жатканда жергиликтүү) коомдун (алтын) зыйнаттарынан турган «күнөөнүн» астында калганбыз.[1] Биз аны (эритиш үчүн отко) таштадык. Самирий дагы таштады (жана)

аларга (жаны бар сыяктуу,) мөөрөп добуш чыгара турган музоонун сөлөкөтүн жасап берди. (Кийин Самирий жана ага азгырылгандар) айтышты: «Ушул – силердин да Мусанын да кудайы. (Муса муну) унутуп койду (жана кудайды издеп башка тарапка кетти)».

Алар көрбөй жатышабы (музоо – «кудайы») сөзүнө жооп кайтарбаганын жана аларга не пайда, не зыян жеткире албаганын?!

Ошого чейин аларга Харун: «Оо, коомум! Силер бул (музоо) менен сыналдыңар (азгырылдыңар) силердин Раббиңер – Чексиз Ырайымдуу! Мени(н сөзүмдү) ээрчигиле жана буйругума моюн сунгула!» дегенде...

Алар айтышты: «Бизге Муса кайтып келмейинче (жана бир нерсе демейинче) буга табынууну токтотпойбуз».

(Муса кайтып келип, коомун бул абалда көргөн соң орун басарына) айтты: «Оо, Харун, алардын адашканын көргөнүңдө сени эмне токтотту,

мага (кабар бериш үчүн) ээрчип (тез) баруудан?! Менин буйругума каршы чыктыңбы?![1]

(Харун) айтты: «Оо, апамдын баласы, сакалымдан, чачымдан тартпачы. Мен (сага кабар берүүнү ойлогом, бирок артыңдан барганымда менден капа болуп): «Менин сөзүмдү (өзүмдү) күтпөй, Исраил уруусун бөлүп жибериптирсиң!» дешиңден корктум».

(Анан, Муса): «Эй, Самирий, бул эмне кылганың?!» – деди.

(Анда, Самирий): «Мен алар көрбөгөн нерсени көрүп калгам.[1] Анан элчинин (атынын) изинен бир чеңгел алып, музоого сээп жибердим эле (ал жан кирген сыяктанып, мөөрөгөн добуш чыгарды). Нафсим мени ушуга жетелеген» - деди.

(Муса) Айтты: «Эми (бул жерден) жогол! Сага эми жашоодо (жийиркеничтүү ооруга кабылганың себептүү, безилдеп:) «Мага тийбегилечи» деп айтышың гана бар. Жана (Акыретте) сага кутулгус убада (тозок) даяр! Өзүң азырга чейин табынып жаткан «кудайыңа» карачы? (Сага эмне пайда бере алды?) Биз (азыр) аны күйгүзүп, (күлүн) деңизге сапырып жиберебиз!

Силердин (чыныгы) кудайыңар – Өзүнөн башка кудай жок болгон Аллах! Ал бардык нерселерди Өз илими менен камтыган!».

Ошентип, Биз сага (оо, Мухаммад), өткөндөрдүн кабарларын баяндадык жана алдыбыздагы Зикирди (Куранды) бердик.

Ким андан жүз бурса, кыяматта (күнөөсүнүн) жүгүн көтөрөт.

Ал жүктөн түбөлүккө ажырабайт. Кыяматта алар көтөргөн жүк кандай жаман!

Сур (кернейи) тартылган күн... Ошол күнү күнөөлүүлөрдү (коркуудан жана кордуктан улам) ыраң-түсү көгөргөн абалда чогултабыз. (Алар азап периштелери тарабынан кордолуп адамдар чогултула турган тарапка сүрүп алып барыла жатканда…)

Бири-бирине: «(Дүйнөдө) он күн гана турдуңар-э?» деп, шыбырап сүйлөшүшөт.

Биз алардын эмне дегендерин эң жакшы билебиз. Ошондо алардын билермандары: «Жок, силер бир эле күн турдуңар» дешет.

(Оо, Мухаммад) Сенден тоолор (жана алардын Кыяматтагы абалы) жөнүндө сурашат. (Аларга): «Раббим аларды (чаң сыяктуу) чачып жиберет» – деп айт.

Жана (жер менен) тегиз кылып салат.

Сен ал (Кыяматта элдер чогулчу) жерден эч кандай ийри-буйру же эч кандай өйдө-ылдый чуңкур жерлерди көрбөйсүң.[1]

Ошол күнү (элдер) бир жарчынын артынан (адамдар чогултула турган майданга) ээрчип жөнөшөт. Анын жар салган сөздөрүндө эч бир ката жок. (Шуулдаган) дабыштар Чексиз Ырайымдуу (Аллахтын) урматына акырын болуп, шыбыраган үндөрдү гана угуп каласың.

Ал күнү Чексиз Ырайымдуу[1] уруксат бергендерге жана сөзүнөн Аллах ыраазы болгондорго гана шапаат пайда берет.

(Аллах) пенделердин келечегиндеги, өтмүшүндөгү бардык нерсени билет. Алардын илими Аллахты камтый албайт.

Бардык жүздөр(дүн ээлери) Түбөлүк Тирүү (бардык ааламдарды башкарып) Туруучуга баш ийишет. Зулум көтөрүп баргандар (каапырлар) максатка жетпей калат.

Жана ким ыймандуу болгон абалда жакшы амалдарды жасаган болсо, зулумдан жана соопторунун кемитилип калуусунан коркпойт.

(Оо, Мухаммад) мына ушинтип, Биз Куранды араб тилинде түшүрдүк жана анда эскертүүчү аяттардын түрлөрүн баяндадык. Балким, эми алар коркушаар же (бул эскертүүчү аяттар) аларда эскерүүнү (сергектикти) жаратаар.

Акыйкат Падыша болгон Аллах эң Жогору! (Оо, Мухаммад,) сага вахий кабары түшүп бүтө электе, Куранды окуганга шашылба жана: «Оо, Раббим! Менин илимимди көбөйткүн!» – деп айткын.

Биз (Бейиштеги бир даракка жакындабоо жөнүндө) Адам менен убадалашкан элек. Ал аны унутуп койду. Биз анда сабырдуулукту көрбөдүк.

Ошондо Биз периштелерге: «Адамга сажда кылгыла» дегенде, бардыгы сажда кылды, бир гана Иблис (текеберленип; «Мен андан абзелмин» деп) баш тартты.

Биз айттык: «Оо, Адам! Чынында, бул (Иблис) сага жана аялыңа душман! Экөөңдү азгырып бейиштен чыгарып койбосун! Анда бактысыз болуп каласың!

(Анткени,) Сен бейиште ач-жылаңач калбайсың.

Анда суусабайсың, күндүн ысыгына да күйбөйсүң».

Шайтан (Иблис) аны азгырып (мындай деди): «Оо, Адам мен сага түбөлүктүүлүк дарагын жана түгөнгүс мүлк көргөзөйүнбү?»

Анан, экөө ал дарактан жеп, (натыйжада убаданы бузганы үчүн Аллахтын каар-жазасы себептүү) уяттары ачылып калды эле, бейиш жалбырактары менен өздөрүн (уяттуу жерлерин) тосо башташты. Адам Раббисине күнөөлүү болуп, (ушинтип) азгырылды (жана экөө тең Раббиcине жалбарып; «Бизди кечир, өзүбүзгө зулум кылып койдук» деп тообо кыла баштады)

Кийин Раббиси аны тандап, тообосун кабыл алып, Өз жолуна баштады.

(Аллах) Айтты: «Бардыгыңар бири-бириңерге (адам шайтанга, шайтан адамга) душман болгон абалда бейиштен түшкүлө! Эми, (оо, инсандар) силерге менден туура жол (дин) келет. (Ошондо) ким менин жолума ээрчисе, адашпайт жана бактысыз болбойт.

Ал эми, ким менин зикиримден (Китебимден) жүз бурса, ага тар (оор) жашоо бар. Аны кыямат күнү сокур абалда тирилтебиз.

Ал айтты: «Оо, Раббим! Эмнеге мени сокур абалда тирилттиң? Мен (дүйнөдө) көзү соо адам элем го?»

(Аллах) айтты: «Дал ушул сыяктуу, сага да (дүйнөдө) Биздин аяттар келгенде, (аларды) «унутуп» калгансың. (Көрсөң да, көрмөксөн болгонсуң). Дал ошол сыяктуу бүгүн сен да «унутуласың!»

Биз ысырап кылган (чектен чыккан) жана Раббисинин аяттарына ишенбеген адамдарды ушинтип жазалайбыз. Чынында, Акыреттин азабы катуу жана түгөнгүс!

Биз алардан мурун (өздөрү сыяктуу) нечен-нечен муундарды, үй-жайларында (эч нерседен бейкапар) жүргөндө (капыстан балээ жиберип) кыйратып койгонубуз аларга ачык-айкын болбодубу?! Мында акылдуу адамдар үчүн сабактар бар го!

Эгер Раббиң тарабынан (айтып) өтүлгөн («күнөөлүүлөрдү белгиленген убактысында гана жазалайбыз» деген) сөз жана белгиленген мөөнөт (Кыямат) болбогондо, аларга азап ошол замат келмек.

(Оо, Мухаммад!) Сен алардын (сени жана динди айыптап) сүйлөгөн сөздөрүнө сабыр кыл жана Күн чыгаардан мурун жана Күн батаардан мурун Раббиңди даңазалап тасбих айт. Жана Раббиң сенден ыраазы болушу үчүн күн-түн дебей тасбих айт.[1]

Биз аларды сынаш үчүн жуп-кошмок түрдө берген дүйнө жашоосунун жыргал-кооздуктарына назарыңды салба! Раббиңдин (Акыретте берчү) ырыскылары жакшы жана түбөлүктүү!

Үй бүлөңдү намазга буюр жана ага (намазга) сабырдуу болууга көндүр. Биз сенден ырыскы сурабайбыз, Өзүбүз сага ырыскы беребиз. (Жакшы) акыбет такыбалар үчүн!

Алар: «Эгер Мухаммад бизге Раббисинен бир (көзгө көрүнгөн) керемет алып келсе кана» – дешти. Аларга байыркы барактардагы (Тоорат менен Инжилдеги) нерселердин баяны (Куран) келбеди беле?!

Эгер Биз аларды ага (Мухаммадга дин келгенге) чейин бир азап менен өлтүргөн болсок, албетте: «Оо, Рабби! Эгер бизге бир пайгамбар жиберсең, мындай шерменде жана кор болбой туруп, сенин аяттарыңа ээрчимекпиз» – дешет болчу.

Айткын: «Бардыгыбыз күтүүдөбүз.[1] Силер да күтө бергиле. Жакында ким туура жолдун ээси болуп (адашпай) баратканын билип аласыңар.