The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesThe Prophets [Al-Anbiya] - Kyrgyz translation
Surah The Prophets [Al-Anbiya] Ayah 112 Location Maccah Number 21
Адамдарга өздөрүнүн эсеби (Кыямат) жакындап калды.[1] Алар болсо (Аллах буюрган парыздардан) жүз үйрүгөн бойдон кайдыгер жүрүшөт.
Аларга Раббилери тарабынан жаңы зикир (аят) келсе, (мушриктер) оюнкарактык менен угушту,
жүрөктөрү кайдыгер болуп. Жана залим (каапыр) адамдар: «Бул (Мухаммад) эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу жөнөкөй эле адам (ал «аят» деген нерселер болсо, сыйкыр). Силер көрүп туруп сыйкырга келе жатасыңарбы?» (деп) шыбырап сүйлөшүштү.
(Пайгамбар) айтты: «Менин Раббим Асмандагы, Жердеги сөздү билет. Ал – Угуучу, Билүүчү!»
«Андай эмес», – дешти алар (Мухаммад айтып жаткан нерселер) түштөгү жобурануу, жок, аларды өзү ойлоп чыгарган, жок андай эмес, ал акын. (Эгер пайгамбарлыгы чын болсо, абалкы(пайгамбар)ларга жиберилген сыяктуу бир керемет келтирсинчи, кана?!»
Алардан мурунку Биз кыйраткан шаарлар(дын элдери) ыйман келтирбеген нерсеге ушулар ыйман келтирмек беле?!
(Оо, Мухаммад) Биз сенден мурун (периште же болбосо аял затынан эмес) жалаң эркек кишилерди гана пайгамбар кылып, аларга вахий жибергенбиз. Эгер билбесеңер Зикир (Ыйык Китеп) ээлеринен сурагыла.
Биз пайгамбарларды тамак-аш жебей турган дене (адаттан сырткары табияттуу адам) кылып жаратпадык. Алар түбөлүк жашоочулардан да эмес.
Кийин Биз пайгамбарларга берген убаданы аткарып (каапырларга азап жиберип), пайгамбарларды жана Өзүбүз каалаган (ыймандуу) адамдарды куткарып, чектен чыккандарды кыйратып салдык.
(Оо, пайгамбар менен мусулмандар!) Биз силерге Китеп (Куран) түшүрдүк. Анын ичинде силердин шоорат-даңкыңар бар. Акылыңарды иштетпейсиңерби?[1]
Жана Биз (өткөндө) нечен-нечен залым (каапыр) шаарларды кыйратып, алардан кийин (ордуна) башкаларды жараттык.
Алар Биздин азабыбызды(н белгисин) байкаар замат шаардан качып жөнөштү.
«Качпагыла, көңүл ачуучу жайыңарга жана үйүңөргө кайткыла, балким (өлтүрүлбөй бирөөңөрдөн-бирөөңөр) суралган бойдон калаарсыңар» (дешти азаптоочу периштелер какшык менен).
Алар болсо: «Ох, бизге өлүм болсун! Биз залымдардан болуп калган элек!» дешти.
Биз аларды орулган (чөп сыяктуу) кылып тындырып салганыбызга чейин ушул (армандуу) дубалары токтобой турду.
Биз Асман менен Жерди жана ал экөөнүн ортосундагы нерселерди оюн-эрмек үчүн жараткан жокпуз.[1]
Эгер (асман-жерди) эрмек кылып алууну кааласак, Биз аны (эрмек-зоокту) Өзүбүздүн алдыбыздан (асмандардын үстүндөгү жогорку Арштан) деле тапмакпыз, эгер табууну кааласак.
Биз Акыйкатты (Куранды) жалгандын үстүнө таштайбыз жана ал аны эзип, жанчып салат! Анан жалган жок болот. (Оо, Аллахтын шериги, аялы, баласы бар дегендер!) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге (Уайл)[1] азап болсун!
Асмандар менен Жердеги нерселердин баары Аллахтын мүлкү. Анын алдындагылар (периштелер) Ага ибадат-кулчулук кылуудан текеберленишпейт жана чарчашпайт.
(Тескерисинче,) түнү-күнү чарчабай-зерикпей Ага тасбих айтышат.
Же болбосо, жердин өзүнөн эле тирилтүүчү «кудайларды» таап алышканбы?
Эгер Асман менен Жерде Аллахтан башка кудайлар болгондо, экөө тең ойрон болмок. (Улуу, Бийик) Арштын Раббиси болгон Аллах мушриктер сыпаттаган нерселерден Аруу-Таза![1]
Аллах Өзүнүн иши боюнча эч кимге жооп бербейт. Алар жооп беришет (суралышат).
Же, алар Аллахтан башкаларды кудай кылып алыштыбы?! Айткын: «(Андай болсо) далилиңерди алып келгиле! Мына мендеги нерсенин (Курандын) сөздөрү жана менден мурунку нерселердин (Тоорат менен Инжилдин) сөздөрү! Жок, Алардын көпчүлүгү Акыйкатты билишпейт. (Мунун себеби) Алар жүз буруп кетишкен!
(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун жиберген ар бир пайгамбарга Биз: «Менден башка (ибадатка ылайык) кудай жок. Өзүмө гана сыйынгыла деп аян-кабар кылдык.
(Мушриктер): «Чексиз Ырайымдуунун[1] баласы бар» дешти. Аллах бала күтүүдөн Аруу-Таза. Андай эмес, алар (периштелер) урматтуу пенделер.[2]
Алар Андан (Аллахтан) озунуп сүйлөшпөйт. Алар анын буйругун гана аткарышат.
(Аллах) Алардын келечектерин да, өтмүштөрүн да билет. Алар (Аллахтын алдында) Ал каалагандар үчүн гана колдоочу боло алышат. Алар Аллахтан коркуп, ырайымына жалдырап турушат.
Алардын кимиси «мен – кудаймын» десе Биз аны тозок менен жазалайбыз. Биз залимдерди ушундай жазалайбыз.
«Каапырлар билишпейби, асмандар менен жер (мурда) бири-бирине жабышып турган болчу. Кийин Биз алардын ортосун бөлүп койдук. Жана Биз ар бир тирүү нерсени суудан[1] жараттык. Ыйман келтиришпейби?!»
Жана адамдарды жер бетинде бекем кармап турсун деп тоолорду жараттык. Жана элдер туура жол таап (адашпай) жүрсүн деп өрөөн – жолдорду жасап койдук.
Жана асманды корголгон там кылдык.[1] Алар Биздин (бул) аян-белгилерибизден жүз бурушууда!
Ал күндүз менен караңгылыкты, Күн менен Айды жаратты. Бардыгы Асманда сүзүп жүрүшөт.
(Оо, Мухаммад!) Сенден мурун да эч бир адамды түбөлүк жаратпадык. Эмне, сен өлүп, алар (мушриктер) түбөлүк жашайт бекен?!
Ар бир жан өлүмдү(н даамын) татуучу. (Ошого чейин) Биз силерди (кээде) жакшылык, (кээде) жамандык менен сынайбыз. Жана (өмүрүңөр бүткөндө) Өзүбүзгө кайтарыласыңар.
Эгер сени каапырлар көрсө (бири-бирине) силердин (Аллахтан башка) кудайыңарды (буларга сыйынып болбойт деп) тилге алган ушулбу?» деп шылдыңдашат. Алар Чексиз Ырайымдууну эскерүүдөн каапыр болушууда.
Инсан сабырсыз жаратылган. (Оо, каапырлар,) жакында силерге белгилеримди (азапты) көргөзөмүн, Мени шаштырбагыла!
Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, жанагы убада (азап) качан?» – дешет.
Эгер каапырлар жүздөрүнөн жана жондорунан тозок отун тосо албай, жардамсыз калган мезгилди (кыяматты) билгенде (андай сөздөрдү айтпайт эле).
(Кыямат) Аларга капыстан келет. Ошондо алар аны кайтаруудан алсыз болуп, коркуудан селейип калышат. (Анда) аларга (тообо кылуу үчүн) мөөнөт берилбейт![1]
(Оо, Мухаммад! Алардын шылдыңына чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн.
Айткын: «(Эй, каапырлар) Силерди түндө же күндүзү (азап жиберчү болсо) Чексиз Ырайымдуудан ким коргой алат?! Тескерисинче, алар Раббилерин(ин азабын) эскерүүдөн жүз бурушту.
Же Бизден бөлөк коргоочу кудайлары барбы?! Ал кудайлар (силерге эмес) өздөрүнө да жардам бере албайт. Жана Бизден да эч бир жардамга ээ боло алышпайт.
Жок, аларды да, ата-бабаларын да өмүрү узун болгонго чейин Биз пайдалантуудабыз. Алар көрбөй жатабы, Биз жерди ар тараптан кыскартып жатабыз го?![1] Эмне, алар (Аллахтын тагдырына моюн сунбай), жеңүүчү болушат бекен?
قُلۡ إِنَّمَآ أُنذِرُكُم بِٱلۡوَحۡيِۚ وَلَا يَسۡمَعُ ٱلصُّمُّ ٱلدُّعَآءَ إِذَا مَا يُنذَرُونَ [٤٥]
(Оо, Мухаммад), сен аларга: «Мен силерди вахий (Аллахтан келген кабар) менен эскертип жатамын. Бирок, дүлөй адамдар эскертилген чакырыкты укпайт» деп айткын.
Эгер аларды Раббиңдин бир аз эле азабы кармаса; «Ох, өлдүк! Биз залимдерден болуп калдык!» – дешет.
«Биз кыямат күн үчүн адилет таразаларды орнотобуз. Эч бир жан(га) зулумдук кылынбайт. (Сообунан кемитилбейт). Эгер (сообу же күнөөсү) сары кычы данынчалык болсо да, аны алып келебиз. Биз жетиштүү эсепчибиз».
Жана Биз Муса менен Харунга Фурканды (ак менен караны ажыратуучу Тооратты) такыба кишилер үчүн нур жана эскерме кылып бердик.
Такыбаалар ушундай кишилер: Кайыптагы Раббисинен коркушат. Жана алар Кыямат Күндөн титиреп турушат.
Жана бул (Куран) Биз түшүргөн Зикир жана Берекет. Силер аны четке кагасыңарбы?!
Биз буга чейин Ибрахимге туура жол бергенбиз. Жана аны(н абалын) Билүүчү болдук.
Бир кезде ал атасына жана коомуна: «Силер табынып жаткан бул айкелдер(ден пайда) не?!» – деди.
«Ата-бабаларыбызды ошолорго сыйынган абалда тапканбыз» дешти алар.
(Ибрахим) Айтты: «Силер да, ата-бабаңар да анык адашууда болгонсуңар!»[1]
(Мушриктер) Айтышты: «Сен чын сүйлөп жатасыңбы же ойноп (тамаша) сүйлөп жатасыңбы?»
Айтты: «Чынын айтам; Силердин Раббиңер асмандардын жана жердин Раббиси. Аларды жараткан. Буга мен өзүм күбөгө өтүүчүмүн.
Жана Аллахка ант ичип айтамын: «Мен силер (шаардан) кеткенде айкел-кудайыңардын амалын таап коёмун!»
Анан алардын эң чоңунан башка баарын талкалап чыкты, ошого кайтышсын деп. (Шаар эли майрамдан кайтып, ибадатканага киришип:)
«Биздин кудайларыбызга муну ким жасады?! Ал анык залымдардан экен!» дешти.
(Кээ бирөөлөрү) айтышты: «Ибрахим деген жаш жигит кудайларыбызды (жамандык менен) тилге алып жүргөн».
(Чоңдору) Айтты: «Аны адамдардын көз алдына алып келгиле, (сазайын бергенибизди) көрүп коюшсун!»
«Оо, Ибрахим! Биздин кудайларыбызга ушуну сен жасадыңбы?!» – дешти.
«Жок», – деди Ибрахим. Мына бул (балта кармап турган) чоңу жасады. Эгер сүйлөчү болсо сурап алгыла».
Ошондо алар (бир саамга) эстерине келе калып, (бири-бирине) «Чын эле силер өзүңөр залим экенсиңер» – дешти.
Кийин дагы баштары айланып, «Сен булардын сүйлөбөй тургандыгын билет болчусуң! (Бизди шылдың кылба)» – дешти.
«Аллахтан башка, өзүңөргө не зыян, не пайда келтире албаган кудайларга сыйынып жатасыңарбы? - деди.
Силерден дагы, Аллахтан башка сыйынган кудайыңардан дагы тажадым! Акылыңарды иштетпейсиңерби?!» (деди Ибрахим). (Мушриктер Ибрахимдин далилдерине жооп бере албай, күч колдонууну каалашты жана):
«Аны отко ыргыткыла! Кудайыңарга жардам бергиле! Эгер жасай алсаңар, ушундай жасагыла!» - дешти.
Биз айттык: «Оо, от, Ибрахимге муздак жана саламаттык бол!».[1]
Алар муну менен (динге каршы) айлакерлик кылууну каалашты. Бирок, Биз аларды зыян тартуучу кылдык.
Жана Биз аны (Ибрахим) менен Лут экөөсүн, ааламдар үчүн берекелүү кылган жерге (Шам өлкөсүнө) куткарып (чыгарып) жибердик.[1]
Биз ага Исхакты жана (анын уулу) Якубду кошумча кылып бердик. Жана (Ибрахим, Исхак, Якубдун) баарын тең салих (жакшы) адамдардан кылдык.
Биз аларды Өзүбүздүн гана ишибизге (динибизге) баштоочу имамдардан кылдык. Жана аларга жакшы иштерди жасоону, намаз окууну жана зекет берүүнү вахий кылдык. Алар Бизге (эч нерсени шерик кошпой) ибадат кылуучулардан болчу.
Биз Лутка да өкүм (пайгамбарчылык) жана илим (шарият) бердик. Биз аны ыпластык (бачабаздык) иштерди жасаган шаардан чыгарып кеттик. Алар (шаар эли) жаман, бузук адамдар болгон.
Биз аны Өз ырайымыбызга алдык. Чынында ал салих-жакшы адамдардан.
Жана Нухту (эскер). Мурун ал (Бизге бийик добуш менен) дуба кылды эле, Биз аны кабыл алдык. Анан Биз аны менен үй-бүлөсүн улук кайгыдан (топон суудан) куткарып калдык.[1]
Биз ага аяттарыбызды «жалган» деген (каапыр) коомдон (алардын зыян келтирүүсүнөн) жардам бердик. Алар жаман адамдар болчу. Биз алардын бирин койбой (топон сууга) чөктүрдүк.
Дауд менен Сулайманды (эстегин). Бир кезде ал экөөсү бир коомдун койлору (түндөсү каптап кирип) майкандап койгону жөнүндө өкүм кылышкан, Биз алардын өкүмүнө күбө болгонбуз.[1]
Сулайманга бул чечимди түшүндүрдүк. Биз экөөнө тең (Дауд менен Сулайманга) өкүм жана илим бергенбиз. Даудга өзү менен кошо (Аллахка) тасбих айткан тоолорду жана куштарды моюн сундурдук.[1] (Ушуну) Биз жасадык.
Биз Даудга силерди сокку-зыяндан сактай турган (зоот) кийимдерди жасоону үйрөттүк. Эми шүгүр кылаарсыңар?![1]
Жана Сулайманга учкул шамалдарды моюн сундурдук. Алар анын буйругу менен, Биз берекеттүү кылган жерде[1] желип турат. Биз ар бир нерсени Билүүчүбүз.
Жана ал (Сулайман) үчүн суунун астында сүзүүчү жана мындан башка (инсан жасай албай турган) иштерди жасап бере турган жин-шайтандарды (моюн сундурдук). Аларды Биз Өзүбүз көзөмөлдөөчүбүз.[1]
Жана Аюбду да эсте. Ал Раббисине: «Мени зыян каптады! Өзүң ырайым кылуучулардын эң ырайымдуусусуң!» – деп, кайрылып дуба кылды.[1]
Кийин Биз анын дубасын кабыл кылып, андагы зыянды арылттык жана Өзүбүздөн ырайым-рахмат иретинде жана (сабырдуу) ибадат кылуучуларга эскерме-сабак болсун деп ага үй-бүлөсүн кайтарып, алар менен дагы ошончо (перзент) бердик.
Жана (оо, Мухаммад), Исмаил, Идрис, Зулкифлдерди да эстегин. Алардын баардыгы сабырдуулардан болгон.
Аларды Өз ырайымыбызга алдык. Бардыгы салих-жакшы пенделерден.
Зуннунду да эстегин.[1] Бир кезде ал ачууланып (элинен ээн жерге) кетип калды. Ал Бизди өзүн тар (жана караңгы) жерде калтырбайт деп ойлогон.[2] Ал караңгылыктарда (калып): «Өзүңдөн башка сыйынылуучу Зат жок. (Оо, Раббим!) Сен Аруу-Таза Кудайсың! Мен залимдерден болуп калдым!» – деп жалбарды.
Биз анын дубасын кабыл алдык жана кайгыдан куткардык. Биз ыймандуу адамдарды мына ушинтип куткарабыз.[1]
Жана Закарияны эсте: Ал Раббисине: «Оо, Раббим! Мени жалгыз (туяксыз) калтырба! Өзүң мурас алуучулардын (бардыгынын артында калуучулардын) эң жакшысысың!» деп дуба кылганда,
Биз анын дубасын кабыл алып, ага Яхьяны белек кылганбыз жана төрөбөс аялын да айыктырып койгонбуз. Алар (пайгамбарлар) жакшылык (сооп) иштерге тез киришүүчү пенделер эле. (Жакшылыктардан) үмүт кылып (жамандыктардан) коркуп дуба кылышчу. Жана алар Биз үчүн кичипейил пенделер болгон.
Жана абийирин сактаган кызды (Мариямды) да эстегин. Кийин Биз ага Өз Рухубуздан үйлөдүк. Аны жана анын уулун ааламдар үчүн (Өз Кудуретибизден) белги кылдык.[1]
(Оо, адамдар!) Силердин бул үммөтүңөр (диниңер) бир үммөт[1] жана Мен силердин Раббиңер боломун. Демек, Мага гана ибадат кылгыла!
Бирок, (кийин) адамдар иштерин (дин-ишенимдерин) бөлүп салды. (Кантсе да) Бардыгы Өзүбүзгө кайтышат.
Ким ыймандуу абалында жакшы (сооп) амалдарды жасаса, анын аракети текке кетпейт. Биз анын пайдасына жазып коюуучубуз.
Биз (күнөөлөрү себептүү) кыргын салган шаарларга (кайра бул дүйнөгө келип жашоо) арам. Алар эч качан кайтышпайт.
Тээ качан гана Яжуж-Маьжуж (тосмосу) ачылганда, алар (Яжуж-Маьжуж эли) ар кайсы дөбөдөн агылган бойдон келишет.[1]
Акыйкат убада (Кыямат) жакындап калды. Ал келгенде каапырлар көздөрү чанагынан чыгып: «Өлдүк эми! Биз бул нерседен бейкапар болчубуз! Жок, (бейкапар гана эмес) залымдардан (ишенбегендерден) болчубуз!» дешет.
(Оо, Каапырлар!) Силер жана силер сыйынган Аллахтан башка «кудайыңар» тозокко отун болосуңар! Силер (сөзсүз) ага киресиңер!
Эгер алар (чыныгы) кудайлар болсо, тозокко келбейт болчу. Эми алардын (жалган кудайлардын) баары тозокто түбөлүк калышат.
Анда (тозокто) алар (азаптан) онтоп, кыйкырышат. Анда алар (өз кыйкырыгынан бөлөк) эч нерсе угушпайт.
Алар үчүн мурдатан Биз тараптан (Тагдыр Китебине) жакшылык жазылган адамдар[1] тозоктон алыста болушат.
Алар (жана бейиштеги алардан башка адамдар) тозоктун шыбырын да угушпайт. Жана алар көңүлдөрү күсөгөн жыргалчылыктардын ичинде түбөлүк калышат.
Аларды улуу коркунуч кайгыга салбайт. Периштелер утурлап (тосуп) чыгып: «Бул силерге убада кылынган күнүңөр» (дешет).
«Ошол күнү Биз асманды кат жазылган китепти жапкан сыяктуу жаап койобуз. (Калк-калайыкты) абалкы жолу жараткан калыбына кайтарабыз. Бул (кайра жаратуу) Биздин милдетибиздеги убада. Биз аны аткарабыз».
Биз Зикирден (Лавхул Махфуздан) кийин Забур китебинде да «Жерди[1] Менин салих (ыймандуу) пенделерим мурас кылып алышат» деп жазып койгонбуз:
Албетте, мында (Куранда) ибадат кылган адамдар үчүн жеткиликтүү насаат бар.
(Оо, Мухаммад!) Биз сени ааламдарга ырайым (болушуң) үчүн жибердик.
Айткын: «Мага (Аллах тарабынан): «Силердин илах-кудайыңар жалгыз Илах. Силер (ошол илахка) моюн сунасыңарбы?!» (деп айтуу) вахий кылынды».
Эгер баш тартышса, айт: «Мен силерге тегиз угуздум. Бирок, мен силерге убада кылынган нерсе (кыямат азабы) алыс же жакын экенин билбеймин.
Албетте Ал (Аллах) сөздөрдөн жарыя айтылгандарын да, ичиңерге жашырганыңарды да билет.
(Эй, Мушриктер! Силерге азап-жаза келбей турушу) балким силер үчүн сыноодур же убактысы келгенге чейин (кенен берилген) пайдалануудур, мен муну билбеймин».
Оо, Раббим Өзүң акыйкат менен өкүм кыл! (Эй, мушриктер!) Биздин Раббибиз, силер сыпаттаган (ширк) нерселерден коргоо сурала турган Чексиз Ырайымдуу Зат!