عربيEnglish

The Noble Qur'an Encyclopedia

Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languages

THE ANT [An-Naml] - Kyrgyz translation

Surah THE ANT [An-Naml] Ayah 93 Location Maccah Number 27

Та, син. Булар – Курандын жана ачык-айкын (катасы жок) китептин аяттары.

Туура жол жана ыймандууларга сүйүнчү кабар.

Алар (ыймандуулар) намазды толук окушат, зекетти беришет жана акыретке бекем ишенишет.

Ал эми акыретке ишенбеген адамдарга Биз (күнөө) иштерин кооз көргөзүп койдук. Эми алар адашып-тентип жүрө беришет.

Алар үчүн азаптын эң жаманы болот жана алар акыретте эң көп зыян тартуучулар!

«Жана чынында (сага түшүрүлгөн) Куран – Билүүчү, Даанышман (Аллах) тарабынан берилген».

(Оо, Мухаммад эстегин), бир кезде Муса (Мадяндан келе жатып) өз үй-бүлөсүнө: «Мен (алыстан) от көрдүм. Дароо андан кабар же силерге бир аз чок ала келейин, (аны менен) жылынып алаарсыңар» - деди.

Ал отко (жакындап) келгенде (кайыптан): «Оттун жанындагы кишиге жана тегерегиндегилерге береке болсун![1] Ааламдардын Раббиси – Аллах аруу!» - деген добуш угулду.

«Оо, Муса бул Мен – Кудуреттүү, Даанышман Аллахмын!

Таягыңды ташта!» (таягын жерге таштады эле) Анын чоң жылан болуп сойлогонун көрүп артына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! – (деди кайрадан жанагы добуш) – коркпогун, Менин алдымда пайгамбарлар коркушпайт.

Ал эми, зулумдук кылган адамдар (Менден коркушат)ظ (Бирок) кийин күнөөсүн сооп ишке алмаштырса, Мен Кечиримдүү, Ырайымдуумун.

(Оо, Муса), колуңду колтугуңа киргиз, ал жамандыгы жок[1] аппак болуп чыгат. (آТаяк менен ак кол) Фараон жана анын коомуна арналган тогуз кереметтин[2] (экөөсү). Чынында алар бузулган коомдор.

Ал эми, качан аларга Биздин кереметтер келгенде! «Бул анык сыйкыр» дешти.

Жана өздөрү (чындык экенин) билип турса да, зулумдук, текебердик менен четке кагып коюшту. Эми сен бузулган адамдардын акыбет-натыйжасы кандай болгонун көрүп кой.[1]

Биз Дауд менен (анын уулу) Сулайманга илим (пайгамбарлык) бердик. Анан алар: «Аллахка мактоолор болсун! Ал Өзүнүн көп ыймандуу пенделеринен бизди артыкчылыктуу кылды!» дешти.

Сулайман Дауддан (илими менен пайгамбарлыгын) мураска алды жана: «Оо, адамдар, Бизге куштардын тили үйрөтүлдү жана (ушул кезге чейин, эч кимге берилбеген) бардык нерселер берилди. Акыйкатта бул (Аллах тарабынан берилген) анык артыкчылык!» - деди.

Жана (күндөрдүн биринде) Сулайманга жиндерден, инсандардан, куштардан турган аскерлери чогултулду жана тизилип турушту.

Алар качан гана кумурскалардын өрөөнүнө жетип келишкенде, бир кумурска: «Э-э-й, кумурскалар! Уяңарга киргиле! Сулайман менен аскерлери байкабастан силерди тебелеп-жанчып кетишпесин!» - деди.

Анын сөзүнө Сулайман жылмайып күлдү да, (дуба кылып, мындай) деди: «Оо, Раббим! Мага жана ата-энеме берген жакшылыктарыңа шүгүр кылууга жана Өзүң ыраазы боло турган иштерди аткарууга мени жөндөмдүү кыл жана жакшы, ыймандуу пенделериңдин катарында Өз ырайымыңдын астына киргиз!».

(Бир жерде) куштарды кароодон өткөрдү жана: «Мага эмне болгон, үпүптү көрбөй жатамын? Же ал (бир жагына) көрүнбөй кеттиби?

Мен аны катуу азап менен жазалаймын: же союп жиберемин же болбосо мага (жоголгонунун) анык-ишенимдүү далилин алып келсин!» деди.

Көп турбай (үпүп келип калды) жана ошол замат (маалымат берип мындай) деди: «Мен сен билбеген нерсени билип келдим. Мен сага Саба[1] элинен анык кабар алып келдим.

Мен аларга бийлик кылган (Билкийс деген) аялды таптым. Ага бүткүл (керектүү кубаттуулуктун, бийликтин) себептери берилиптир. Жана анын улук тактысы да бар экен.

Мен ал аял менен анын коомун, Аллахты коюп, күнгө сажда (табынып) жатканын көрдүм. Шайтан аларга (ширк) амалдарын кооздоп көргөзүп туура жолдон тосуп коюптур. Алар (ошондуктан, туура жолго) түшүшкөн жок.

Аллахтын Өзүнө сажда кылышса болбойт беле?! Ал асмандардагы жана жердеги жашыруун нерселерди чыгарган жана силер жашырган же жарыя кылган (бардык) нерселерди билет!

Аллах(тын) бир Өзүнөн башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок! (Ал) улук Арштын Раббиси! (Үпүп өз маалыматын ушинтип бүтүрдү. Сулайман аны уккан соң...,)

(мындай) деди: «Чын сүйлөдүңбү же жалганчылардан болдуңбу, (муну) азыр эле байкап көрөбүз.

Менин мына бул катымды алып жөнөгүн. Аларга алпарып таштагын дагы, өзүң ыраак болуп, карап тур: эмне жооп айтышаар экен. (Үпүп куш катты алпарып таштады да, буюрулганы сыяктуу, окуянын кандай уланышын бир четте карап турду. Саба канышасы катты ачып, мындай)

деди: «Оо, кадырмандар, мага бир урматтуу кат келиптир.

Сулаймандан экен. Анда «Ырайымдуу жана Мээримдүү Аллахтын ысымы менен (баштаймын).

(Оо, Сабалыктар,) өзүңөрдү менден бийик сезбей, моюн сунган абалда мага келүүңөрдү (буюрамын» деп жазыптыр)».

(Дагы) айтты: «Кана, (акылман) улуктар, мага ишимде кеңеш бергиле. Качан силер (бир нерсеге) күбөлүк бермейинче, мен эч кандай чечим чыгарбаймын».

(Улуктар) айтышты: «Биз Кудуреттүү жана күчтүү кошуун ээсибиз.[1] Бирок, ыктыяр өзүңүздө. Эмне буйрук чыгарууну өзүңүз карап көрүңүз». (Каныша ойлонуп, эң жакшы чечимге келди жана:)

Айтты: «Чынында падышалар бир айылга (айыл, шаарларга) басып кирсе, анын ойронун чыгарып, кадырлуу элин кор кылышат. Дал ушундай кылышат.

А, мен болсо аларга (кымбат баалуу) белектер жиберемин. Көрөйүнчү, элчилер(им) кандай кабар менен кайтаар экен».

(Элчилер кымбат белектер менен) Сулайманга келгенде, ал: «Силер мага мал-дүйнө менен жардам берейин дедиңерби-ыя! Аллах берген нерселер (чексиз мүлк, илим жана пайгамбарлык) силер алып келгендерден артык. (Бул) белек-бечкегиңер менен өзүңөр сүйүнө бергиле!

(Бул белегиң менен) аларга кайтып жөнөгүн! Эми Биз алардын үстүнө (адамдар, жиндер жана куштардан болгон) туруштук бере албай турган аскер менен барып, моюн сунган, кордолгон абалда журтунан сүрүп чыгарабыз!».[1]

(Анан) айтты: «Оо, аскерлерим! Кимиңер мага анын тактысын, өзү моюн сунган абалда келгенге чейин жеткирип келе аласыңар?».

Жиндерден «Ифрит» деген бирөөсү: «Мен аны сен ушул ордуңдан турганга чейин алып келе аламын жана ушуга мен кудуреттүү, ишенимдүүмүн» - деди.

Ал эми, китептен илими болгон анын (Сулаймандын) алдындагы бир адам: «Мен аны көзүңдү жумуп ачканга чейин эле, келтире аламын» деди. (Сулайман көзүн ачып) тактыны өз алдында орношуп калганын көргөндө: «Бул Раббимдин мени, шүгүр кыламынбы же шүгүрсүз боломунбу, (ушуну) сынаш үчүн мага берген өзгөчөлүгү, артыкчылыгы. Ким шүгүр кылса, өзүнө пайда. Ал эми, ким каапыр (шүгүрсүз) болсо, Раббим (андан) Беймуктаж жана Улук!» - деди.

(Анан) айтты: «Анын тактысын өзгөртүп койгула. Көрөбүз, ал тааныйбы же тааныбагандардан болобу».[1]

(Билкийс) жетип келгенде «Сенин тактың ушундай беле?» деп суралды. «Дал өзү го!» - деди ал. (Анда Сулайман айтты): «Бизге мындан мурун илим (пайгамбарлык жана башка илимдер) берилген жана биз мусулмандардан болдук».

Ал эми, канышаны болсо, өздөрү ибадат кылган, Аллахтан башка «кудайлары»(на болгон ишеними, Аллахка ыйман келтирүүдөн) тосуп турган. Ал каапыр коомдордон эле.

(Анан ага): «Сарайга кириңиз» деп айтылды. Сарайды көргөндө..., аны суу деп ойлоп, (бутун чечип, кийимин) балтырына чейин көтөргөндө,[1] (Сулайман): «Бул тегизделген жылмакай айнектен жасалган сарай» - деди. (Сулаймандын Аллахтын Кудуретинен жардам алган пайгамбар экенине эми Саба канышасында эч шек-күмөн калбады. Ошондуктан:) «Оо, Раббим! Мен өз жаныма зулум кылып жүргөн экенмин! Мен Сулайман менен бирге ааламдардын Раббисине моюн сундум!» - деди.

Биз Самуд элине өздөрүнүн тууганы Салихти «Аллахка ибадат кылгыла!» (деп буюрушу үчүн) пайгамбар кылып жибердик. Анан алар эки бөлүк (мусулман-каапыр) болуп талашып-тартыша баштады. (Каапырлар Салих пайгамбарды жалганчы дешип, «эгер чын пайгамбар болсоң, биздин башыбызга бир азап түшүрчү, кана» деп кыстай баштады. Анда:)

(Салих) айтты: «Оо, коомум! Эмнеге силер жакшылыктан мурун (азапка алып баруучу) күнөөлүү иштерге шашыласыңар?! (Андан көрө) Аллахтан кечирим сурасаңар болбойбу?! Ырайымына арзып калышыңар ажеп эместир!».

(Каапырлар) айтты: «Сенден жана сени менен бирге болгондордон (кесепеттүү экенсиңер деп) жаман жышаан кылып жатабыз» (Салих) айтты: «Жаман жышааныңар Аллахтын алдында. Жок! (Силер айткандай эмес) Чынында, силер сыналып жаткан коомсуңар».[1]

Шаарда, жер бетинде жакшылык эмес, бузукулукту таратып жүргөн тогуз киши бар эле.

Алар:«Аллахтын аты менен бири-бириңерге ант бергиле. Салих менен үй-бүлөсүн түн ичинде өлтүрүп, кийин тууган(дар)ына «Анын үй-бүлөсүнүн өлгөнүнөн кабарыбыз жок, биз чын сүйлөгөн кишилербиз – дейбиз» дешти.

Алар (ушундай) айла кылышты Биз дагы айла кылдык. Алар билбей калышты.[1]

Карачы, алардын айлакерликтеринин акыбети эмне болгонун: Биз аларды (тогуз мыкаачыны) бардык (каапыр) коомдору менен бирге кыйратып койдук!

Мына алардын үйлөрү! Зулумдук (каапырлык) кылгандары себептүү бош калды! Билген адамдар үчүн бул окуяда (кудуретибизге) белги бар.

Ал эми, ыйман келтирген адамдарды, биз куткардык. Алар такыба кишилер болчу.

Жана (оо, Мухаммад!) Лутту да (эстегин). Бир кезде ал коомуна: «Силер көрүп, билип туруп бузукулук жасай бересиңерби?!

Аялдар калып, эркектерге кумар менен (артынан) келе бересиңерби?! Жок! Силер тап-такыр (чектен чыккан) наадан коом экенсиңер!» деди.

Коому ага (шылдыңдаган абалда): “Луттун үй-бүлөсүн (жана аны менен бирге болгон ыймандууларды) айылыңардан четке чыгарып таштагыла! Алар таза адамдар экен!” – деген сөз менен гана жооп берди.[1]

Анан Биз Лут менен анын үй-бүлөсүн куткардык. Бир гана аялы(н куткарбадык). Биз ага кыйрагандардын (бири) болууну тагдыр кылган элек.

Жана алардын үстүнө (таш) жамгырын жаадырдык. Эскертилгендердин[1] «жамгыры» аябай жаман болду.

Айт (оо, Мухаммад): «Аллахка мактоолор, тандап алган пенделерине (пайгамбарларга) салам болсун! Аллах жакшыбы, же силер (Аллахка) шерик кылып жаткан «кудайларбы»?!

Асмандар менен жерди жаратып, силерге асмандан суу түшүргөн ким?» Биз ал суу менен кооз-көркөм бактарды өндүрдүк. Силер ал бактардын дарактарын өндүрүп-өстүрө албайт элеңер. (Эми, айткылачы, ушуларды) Аллах менен бирге (шерик) болгон «кудайлар» жасадыбы?! Жок! Алар (Аллахка башка «кудайды») тең кылган адамдар!

Же болбосо, жерди ким (инсаниятка) башпаанек кылды? Анын араларына (ким) дарыяларды агызып, үстүнө тоолорду орнотуп, эки деңиздин (дарыя менен деңиздин) арасына (ким) тосмо койду? (Аллахбы) же Аллах менен (силер ага шерик кылган) «кудайбы»?! Жок! Алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт.

Же болбосо, зарыккан-муктаждын дубасына ким жооп берип, жамандыкты ким кетирет? Жана силерди жер бетине бириңердин артынан бириңерди калуучу орун басар кылган (ким)? (Аллахбы) же, Аллах менен (силер Ага шерик кылган башка) «кудайбы»?! Өтө аз ойлоносуңар!

Же болбосо, силерге кургактык менен деңиздердин караңгылыктарында жол көргөзгөн ким? Жана Өз ырайымы астынан, сүйүнүчтүн элчиси катары шамалдарды жиберген ким? (Аллахбы) же, (силердин оюңардагы) Аллах менен бирге (шерик) болгон «кудайбы»?! Аллах алардын ширк амалдарынан (Аруу Таза жана) Бийик!

Же болбосо, (инсанды) абалкы ирет жаратып, кийин аны (өлгөндөн соң) кайрадан жарата турган ким?! Жана силерге асмандан жана жерден ырыскы бере турган ким?! (Аллахбы) же Аллах менен бирге болгон (силер шерик кылган) «кудайбы?!» Айт (оо, Мухаммад): «Эгер (Аллахтын шериги бар деген сөзүңөрдө) чынчыл болсоңор, далилиңерди алып келгиле!»

Айт: «Асмандардагы жана жердеги эч ким кайыпты[1] билбейт. Бир гана Аллах билет! Качан кайрадан тирилишин сезишпейт.

Жок, (сезбейт гана эмес) алардын акырет жөнүндө илимдери алсыз. Жок, (алсыз гана эмес) алар акыреттен шектенишет. Жок, (шектенүү менен гана чектелбейт) алар акыреттен таптакыр сокур! (Эч нерсе билишпейт жана ишенишпейт).

Каапырлар: «Биз жана ата-бабаларыбыз (өлүп, чирип) топурак болуп калсак да (кайра тирилип мүрзөбүздөн) чыгарылабызбы?!

Бизге жана ата-бабаларыбызга бул (кайра тирилүү,) буга чейин (пайгамбарлар тарабынан) убада кылынган. Бул (сөздөр) абалкылардын жөө-жомогунан башка нерсе эмес!» - дешти.

Айт: «Жер жүзүн кезгиле жана (өзүңөргө окшогон) күнөөкөрлөрдүн акыбети эмне болгонун көрүп алгыла».[1]

(Оо, Мухаммад!) Сен аларга кайгырба жана айлакерликтеринен сыгылба.

Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, бул убада (азап) качан?» дешет.

Айткын: «Шаштырып жаткан нерсеңердин кээ бири мүмкүн силерге жакындап калды.[1]

Жана сенин Раббиң, акыйкатта адамдарга ырайымдуу. Бирок, алардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт.

Чынында, сенин Раббиң алардын көөдөндөрү эмнени жашырып, эмнени ашкере кылганын эң жакшы билет.

Асмандагы жана Жердеги бардык кайып нерселер анык Китепте (Лавхул Махфузда) жазылуу.

«Чынында, бул Куран Исраил урпактарына алар талашып-тартышкан көп маселелерин(ин анык жообун) баяндап берет».

Ал ыймандуулар үчүн ырайым жана туура жол.

Албетте, сенин Раббиң Өзүнүн (Курандагы) өкүмү менен алардын арасында өкүм жүргүзөт. Жана Ал Кудуреттүү, Билүүчү.

Эми сен (ушундай Кудуреттүү, Билүүчү) Аллахка өзүңдү тапшыр (тобокел кыл). Чынында, сен анык акыйкаттын үстүндөсүң. (Бирок, сенин жолуң, колуңдагы Куран канчалык акыйкат болсо да, аны руху өлгөн адамдар укпайт. Ошондуктан...)

Сен «өлүктөргө» угуза албайсың. Үгүт-чакырыкты тескери басып бараткан «дүлөйлөргө» да угуза албайсың.

(Ошондой эле), сен сокурларды адашуучулугунан туура жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтиргендерге гана (акыйкатты) угуза аласың.

Качан адамдарга (убада кылынган) сөз (кыямат) келип (жакындап) калганда, аларга жерден бир жаныбар чыгарабыз.[1] Ал аларга адамдар Биздин аяттарыбызга ишенишкен жок деп сүйлөйт.

Биз ар бир үммөт арасындагы, аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардан бир топторун чогултуп, анан алар (Биздин алдыбызда) тизилип калган күндү (кыяматты эстегин).

Качан алар келгенде (Аллах) айтты: «Менин аяттарымды толук билбей (түшүнбөй) туруп, аны жалганга чыгардыңарбы?! Же анда эмне кылгансыңар?!»

Ошентип, зулум (каапырчылык) кылгандары себептүү алардын үстүнө Сөз (азап) түштү! Алар (анда) бир да сөз сүйлөй албай калышат. (Ошондой азапка учурап калуудан мурун, бул дүйнөдө:)

Карашпайбы (ойлонушпайбы): Биз түндү жаратып койдук, анда эс алып, тыныгуулары үчүн..., Жана күндүздү жаратып койдук, көрүүлөрү (жана жашоо тиричилигин өткөрүүлөрү) үчүн?! Буларда ыйман келтирген адамдарга анык белгилер бар!

Сур (кернейи) тартылган күнү, асмандардагы жана жердеги, Аллах каалагандардан башка бардык жандуулар катуу коркунучка түшөт. Жана экинчи ирет тартылганда бардык адамдар Аллахка моюн сунган абалда келишет.[1]

Жана сен (кыямат күнү) тоолор (ордунда) катып турат деп ойлойсуң (жок, андай болбойт). Алар (ал күнү) булуттар учкан сыяктуу учуп жүрөт.[1] Бул ар бир нерсени мыкты жасаган Аллахтын жасаганы. Ал силердин бардык ишиңерден Кабардар.

Ким (тигил дүйнөгө) жакшылык (сооп иш) алып келсе, ага анысынан жакшыраак (сыйлык) берилет жана алар ошол (кыямат) күндүн коркунучунан аман болушат.

Ал эми, ким жамандык (күнөө) алып келсе, алар жүздөрү менен тозокко ташталат жана: «Өзүңөрдүн ишиңерге жараша гана жаза аласыңар» (деп айтылат).

(Айткын): «Мен ушул шаардын (Меккенин) Раббисине ибадат кылууга буюрулдум. Аллах ал шаарды ыйык кылган. Бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Жана мен мусулмандардан болууга буюрулдум.

Жана Куранды окуп берүүгө (да буюрулганмын). Эми, ким туура жолго түшсө, өз пайдасы үчүн. Ал эми, кимде-ким адашса, айткын: «Чынында, мен эскертүүчүлөрдүн биримин».

Жана айткын: «Аллахка мактоолор болсун! Жакында Ал силерге Өзүнүн аят-белгилерин көргөзөт. Анан аларды таанып аласыңар». Сенин Раббиң (эч бир) ишиңерден бейкапар эмес!