The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesThe Story [Al-Qasas] - Kyrgyz translation
Surah The Story [Al-Qasas] Ayah 88 Location Maccah Number 28
Та. Син. Мим.[1]
Булар анык Китеп аяттары.
(Оо, Мухаммад!) Биз сага (сен аркылуу ыймандуу адамдарга) Муса менен Фараондун окуясын акыйкат менен окуп беребиз.
Чынында, Фараон жер бетинде (өзүнүн байлыгы, бийлиги, аскер күчү менен) текеберленип чектен чыкты. Жана (байыркы Египет) элдерин бөлүктөргө бөлүп салды. Алардан бир тайпа элге (Исраил урпактарына) зулум көргөзүп, эркек балдарын союп, кыз балдарын тирүү калтырып жатты.[1] Чынында ал бузуку адамдардан болгон.
Анан биз жерде (Мисирде) зулумдук көргөн адамдарга (Исраил урпактарына) жакшылык кылып, аларды жол башчылар жана (жерде) мураскорлор кылууну кааладык.
Жана Биз аларды жерде бекем жайгаштырууну, Фараон, Хаман[1] жана экөөсүнүн аскерлерине ушулар тарабынан өздөрү кооптонгон нерсени көргөзүүнү (кааладык).
Биз Мусанын апасына (мындай деп) илхам бердик: «Аны эмизе бер. Эгер (аскерлер келип) ага (зыян жетишинен) корксоң (сандыкка салып, Нил) дарыясына агызып жибер. Коркпогун жана кайгырбагын. Биз балаңды сага кайтарып беребиз жана аны пайгамбарлардан кылабыз».
(Дарыяга агызылганда) аны Фараондун үй-бүлөсү, өздөрүнө душман жана кайгы болушу үчүн таап алды. Чынында, Фараон, Хаман жана экөөсүнүн аскерлери күнөө кылган (жазага ылайык) адамдар эле.
Жана Фараондун аялы[1] айтты: «Бул бала мен үчүн да, сен үчүн да көз кубанычы! Аны өлтүрбөй эле койгулачы?! Бизге (чоңойгондо) пайдасы тийэр, же болбосо бала кылып аларбыз». Алар (келечекте эмне болоорун) сезишкен жок.
Ал эми, Мусанын апасынын көңүлү бошоп (капаланып) калды. Эгер Биз ыймандуулардан болушу үчүн анын жүрөгүн (сабыр) менен байлабаганда, аны (Мусаны) билдирип коюуга аз эле калган.
Ал (баласын агызып жиберип) Мусанын эжесине: «Мусаны көзөмөлдөп бар» деди. (Ал жээк менен, акмалап барып, Фараондун үй-бүлөсүнүн кармап алганын көрдү) Ал Мусаны алыстан карап турду. Алар эч нерсени сезбей турушту. (Бөбөктү сарайга алып барышып, энекенин колуна тапшырышып, ага эмизүүчү жалдашты. Бирок…)
Биз мындан мурда эле (тагдырда) (апасынан башка) эмизүүчүлөрдү(н көкүрөгүн сорууну) арам кылып койгон элек. (Ошондо Мусанын эжеси келип:) айтты: «Силер үчүн анын кепилдигин ала турган үй-бүлөнү көргөзөйүнбү? Алар буга насаат кылуучу (тарбиячы) болушат».
Ошентип, Биз аны менен сүйүнсүн, кайгырбасын жана Аллахтын («кайгыга түшпө. Биз аны сага кайтарып беребиз» деген) убадасы акыйкат экенин билсин үчүн аны апасына кайтардык. Бирок, адамдардын көпчүлүгү муну (Аллахтын даанышмандыгын) билишпейт.
Ал эми Муса эр жетип, (акыл-эси) жеткилең болгондо, Биз ага өкүм жана илим (пайгамбарчылык) бердик. Биз жакшы иш жасоочуларды ушинтип сыйлайбыз.[1]
(Муса пайгамбар боло электе) элдери бейпил-бейкапар убакытта шаарга кирди. Анда эки адамдын мушташып жатканын көрдү. Бирөөсү өз жамаатынан, экинчиси душмандарынан. Өз жамаатынан болгон адам душман жамааттан болгон адамга каршы Мусадан жардам сурады эле, аны бир муштап өлтүрүп койду. (Анан бушайман болуп): «Бул шайтандын ишинен. Ал (инсанга) түбөлүк душман жана азгыруучу!» деди.
(Дагы) айтты: «Оо, Раббим! Мен өзүмө зулумдук кылып алдым! Мени кечире көр! Анан Аллах аны кечирди. Чынында, Бир Өзү гана (күнөөлөрдү) Кечирүүчү, Мээримдүү!
(Дагы) айтты: «Оо, Раббим! Эми, мага жакшылык кылып берген нерселериң (күч-кубат, илим, даанышмандык) менен, эч качан күнөөкөр адамдарга жардамчы болбоймун!».
Эртеси (эртең менен) шаарда, алаңдап, коркуп бара жатса, капыстан, кече жардам сураган киши (дагы) жардамга чакырып калды. Муса ага: «Сен анык азгырылган (шайтан жолдон урган) адам экенсиң» деди. (Бирок, өз уруусундагы кишини жардамсыз калтырууну каалабады. Жок дегенде ажыратып коеюн деп…)
Экөөсүнө тең душман болгон адамды (Египеттик кишини) күч менен кармоону каалады эле, ал (мени кармайт экен деп ойлоп): «Оо, Муса! Кечээ бир жанды өлтүргөнүң сыяктуу, мени да өлтүрөйүн дедиңби?! Сен жер бетинде зордукчул болууну каалап калгансың го! Сен (абалды) оңдоочулардан болууну каалабайсың!» - деди.
Анан шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «Оо, Муса! (Фараон коомунун) төбөлдөрү сени өлтүрүү жөнүндө кеңешип жатышат. (Шаардан тез) чыгып кет. Мен сага насаат айтуучуларданмын!» – деди.
Муса, тараптарын баамдап, коркуп: «Оо, Раббим! Мени залым коомдордон куткара көр» деген бойдон (шаардан) дароо чыгып кетти.
وَلَمَّا تَوَجَّهَ تِلۡقَآءَ مَدۡيَنَ قَالَ عَسَىٰ رَبِّيٓ أَن يَهۡدِيَنِي سَوَآءَ ٱلسَّبِيلِ [٢٢]
Ал Мадян тарапка жөнөгөндө (ээн чөлдө баратып): «Раббим мени туура жолго баштайт чыгаар» – деди.
Качан Мадяндын суусуна (кудуктарына) жетип келгенде, анын үстүндө (үймөлөнүшүп, талашып-тартышып, кой эчкилерин) сугарып жаткан эркек кишилерди көрдү. Жана алардын алдында эки кыздын (сууга умтулган койлорун) кайтарып турганын көрдү. «Силерге эмне болду?» деди (Муса). Алар айтышты: «Биз (мына бул эркек) чабандар кайтып кетмейинче сугара албайбыз (аларга аралашуудан ыйба кылабыз). Ал эми, атабыз болсо, картайган чал.
Анан Муса (чабандарды ары-бери сүрүп) экөөсүнө койлорун сугарып берди.[1] Кийин көлөкөгө кайтып барып: «Оо, Раббим! Өзүң мага түшүргөн кандай жакшылык болбосун, мен ага муктажмын!» – деди.
Эки кыздан бири анын жанына ыйбаа менен басып келип: «Атам сизди чакырууда, бизге (койлорубузду) сугарып бергениңиздин сыйлыгын бериш үчүн» – деди. Анын алдына барып, ага башынан өткөндөрүн айтып бергенде, ал: «Коркпогун. Сен (Аллах кааласа) залым адамдардан кутулдуң» - деди.[1]
Эки кыздын бири: «Атаке, аны (кой кайтарганга) жалдап алып кал. Чындыгында жалдангандардын эң жакшысы күчтүүсү жана аманаткөйү» – деди.[1]
«Мен сага мына бул эки кызымдан бирин никелеп берүүнү каалаймын - деди (абышка)[1] - анын ордуна сен мага сегиз жыл жалчы болосуң. Эгер он жыл кылып, толуктап койсоң, анда сен тараптан (кошумча жакшылык) болот. Бирок, мен сага машакат жүктөгөндү каалабаймын. Аллах кааласа, жакында менин жакшы адам экенимди билип аласың».
«Бул мени менен сиздин арабыздагы (келишим болсун). Эки мөөнөттүн кай бирин аткарсам да, мага андан да кошумча тоскоолдук болбосун. Мен айткан сөздөргө Аллах Өзү күбө!» - деди (Муса).
Муса мөөнөттү бүтүп, үй-бүлөсү менен жолго чыкты. Тур тоосунун (оң) тарабынан от көрдү жана үй-бүлөсүнө: «(Ушул жерде жылбай) тургула. Мен от көрдүм. Балким андан бир кабар же болбосо (тутантууга) бир тутам чок алып келсем. Жылынып алаар белеңер» деди.
Отко жакындап барганда, берекеттүү (ыйык) жердеги өрөөндүн оң жагындагы дарак тараптан : «Оо, Муса! Акыйкатта, Мен – ааламдардын Раббиси Аллахмын!» – деген үн чыкты.
Таягыңды (жерге) ташта! (Таштаганда анын) тез кыймылдаган жыландай көргөндө, аркасына карабай качып жөнөдү. «Оо, Муса! Бери кел, коркпо! Албетте сен, амандыкта болуучулардансың!
Колуңду жакаңа (мойнуңдан ылдый) сал, ал эч бир жамандыксыз (ала оорусуна окшобогон) аппак болуп чыгат. Канатыңды (эки колуңду) коркуу (кетүү үчүн) өзүңө (көкүрөгүңө) кысып ал. Ушул экөө (таяк менен ак-нурлуу кол) Фараон жана анын (каапыр) элине (аларды ишендирүү үчүн) Раббиң тарабынан (сага берилген) далилдер». Чынында алар бузулган адамдар.
(Муса) айтты: «Оо, Раббим! Мен алардан бир жанды өлтүрүп койгонмун. Эми мени да өлтүрүп коюууларынан коркомун.
Менин бир тууганым Харун, ал мага караганда тагыраак сүйлөйт. Аны мага жардамчы-пайгамбар кылып бер. Мени тастыктап турат. (Анткени,) алар мени жалганга чыгарууларынан коркомун».
(Аллах) айтты: «Биз сени бир тууганың менен кубаттандырабыз жана экөөңө ушундай бийлик беребиз, алар экөөңө (жамандык менен) жете албай калышат. Биздин аяттарыбыз менен сен экөөң жана экөөңө ээрчигендер жеңүүчү болосуңар».
Эми, качан гана Муса Биздин анык баян-далилдерибиз менен аларга келгенде (жана жылан-далил менен кол-далилди көргөзгөндө): «Бул ойдон чыгарылган сыйкырдан башка нерсе эмес. Биз мындайды абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз» – дешти.
(Муса) айтты: «Өзүнүн алдынан ким туура жол алып келгенин жана акыбет (бейиш) коргону кимдер үчүн болушун Раббим жакшыраак билет. (Силерге окшогон) залимдер эч качан (тозок азабынан) кутулушпайт!».
Фараон айтты: «Эй, төбөлдөр! Мен силер үчүн Өзүмдөн башка кудай бар экенин билбеймин. Эй, Хаман! Ылайга оттон жагып (бышык кыш жасап) мага (бийик) мунара куруп бергиниң. Балким, ошого чыгып Мусанын (асмандагы) Кудайын көрөрмүн! Мен Мусаны анык эле жалганчылардан деп эсептеймин».
Фараон менен анын желдеттери жер бетинде акыйкатсыздык менен аша чаап текеберленишти. Жана өздөрүн Бизге кайтып келбейт деп ойлошту.
Анан Биз аны жана анын желдеттерин (азап менен) кармап, деңизге чөктүрүп жибердик! Залымдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал.
Биз аларды (каапырларды) тозокко чакыра турган жол башчылар кылдык.[1] Жана алар кыямат күнү эч кимден жардам ала алышпайт!
Биз аларга ушул дүйнөдө наалат-каргыш ээрчитип койдук. Кыямат күндө да алар жийиркеничтүү адамдардан болот.
Жана Биз Мусага Китепти (Тооратты) адамдар үчүн ырайым, туура жол жана (акыйкатты көрсөтүүчү) нур кылып бердик, абалкы муундарды (жалпысынан) кыйратканыбыздан кийин.[1] Кана эми, (адамдар) сабак алышса!
(Оо, Мухаммад!) Биз Мусага ишти (динди) өкүм кылган мезгилде сен (Тур тоосунун) батыш тарабында жок болчусуң. Жана сен (Биздин Мусага сүйлөгөнүбүздө) күбө да болгон эмессиң.[1]
Бирок (андан кийин) Биз эл-улуттарды жараттык. Алар (бири өткөндөн соң экинчиси келип) көп-көп өмүр сүрүштү. Сен (оо, Мухаммад!) Мадян элинин арасында туруп, аларга Биздин аяттарыбызды окуп берген да эмес болчусуң. Бирок, Биз сени пайгамбар кылган элек. (Ошондуктан, Биз үйрөткөн вахийден улам Мадян окуясын адамдарга айтып жатасың)
Жана Биз (Мусага) сүйлөгөнүбүздө сен Тур тоосунун жанында жок болчусуң. Бирок, сенден мурун (алыс жылдар бою) аларга эскертүүчү - пайгамбар келбей калган коомго (Курайш арабдарына) эскертүү беришиң үчүн, Раббиң тарабынан ырайым-боорукерлик иретинде (сага ошол окуялар билдирилди). Кана эми, алар эскеришсе!
Өз колдору менен жасаган кылмыштары себептүү аларга бир кайгы жеткенде «Оо, Рабби! Эгерде бизге бир элчи-пайгамбар жибергениңде, аяттарыңа ээрчимекпиз жана момундардан болмокпуз» деп айтышмак.
Эми качан аларга (сен аркылуу) Биздин акыйкатыбыз келгенде: «Кана эле, эгер бизге да Мусага берилген сыяктуу берилсе»[1] дешет. Алар мындан мурун Мусага берилген Тооратка да каапыр болушпады беле?! «Экөө (Куран менен Тоорат) бири-бирине жардам берүүчү эки сыйкыр» – дешкен. Дагы айтышты: «Биз бардыгына ишенбейбиз!».
(Аларга) айт: «Анда өзүңөр Аллахтын алдынан экөөсүнөн туурараак бир китеп алып келгиле, мен ошого ээрчийин, эгер чынчыл болсоңор».
Эгер сага жооп беришпесе, билгин, алар өз напси-каалоолоруна ээрчип жатышат. Аллах тарабынан келген туура жолго ээрчибей, өз напсинин каалосуна ээрчиген адамдардан көбүрөөк адашкан киши бар бекен?! Аллах, албетте залим коомдорду туура жолго баштабайт!
Биз Сөздү (Куранды) аларга бирин-бирине улап (бөлүп-бөлүп, чечмелеп) жеткирдик. Кана эми акыл насаат алышса!
Курандан мурун Биз Китеп (Тоорат жана Инжил) берген элдер ага (Куранга) ыйман келтиришет.
Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо; «Биз буга ыйман келтирдик. Бул чынында Жаратканыбыздан келген акыйкат. Биз мындан мурун да Аллахка моюн сунуучу (мусулман) болгонбуз» дешти.[1]
Алар эки эсе сооп ала турган адамдар.[1] Себеби, алар сабыр кылышты, күнөө иштерди сооп иштер менен өчүрүп турушту жана Биз ырыскы кылып берген нерселерден (жакшылыктарга) сарпташты.
Жана пайдасыз сөздөрдү укканда, ага көңүл бурушпай: «Бизге өз ишибиз, силерге өз ишиңер. Силерге салам болсун! Жана Биз наадандардан болууну каалабайбыз» дешти.[1]
(Оо, Мухаммад!) Сен өзүң сүйгөн адамдарды туура жолго баштай албайсың. Бирок, Аллах гана Өзү каалаган адамын туура жолго баштайт. Туура жолго ким түшөөрүн Анын Өзү жакшы билет.
Алар (мушриктер): «Эгер биз сени менен бирге туура жолго ээрчисек, жерибизден ажырап калабыз» – дешти.[1] Биз аларды (Ибрахим негиздеген) ыйык жерге жашатып койбодукбу? Ал шаарга түрдүү-түмөн мөмөлөр Бизден ырыскы болуп келет го! Бирок, алардан көпчүлүгү (муну) билишпейт.
Биз жашоосунда кесирлик кылып,чектен чыккан нечендеген шаарларды кырып-жоюп салдык! Мына, алардын мекендери! Алардан кийин бир аз эле адамдарды айтпаганда, эч ким жашабай (ойрону чыгып) жатат! Аларга Биз мураскор болдук![1]
Сенин Раббиң эч бир негизги шаарларды(н элинин) арасына Биздин аяттарыбызды окуп берүүчү бир пайгамбар жибермейинче кыйратпайт. Биз элдери (ошол пайгамбарга баш ийбей) залим болгон шаарларды гана кыйратуучубуз.
Силерге (бул жашоодо) берилген нерселер дүйнө жашоосунун пайдалары жана кооздуктары гана. Ал эми Аллахтын алдындагы нерсе (бейиш) жакшы жана түбөлүктүү. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!
Биз ага сонун жашоону (бейишти) убада кылган жана ага (сөзсүз) жетүүчү киши бул дүйнөдө Биз ага пайдаларды (аябай) берип, кийин кыямат күндө (тозок алдына) алып келинген кишиге окшойбу?!
Ал күндө (Аллах) аларга айтат: «Силер (Мага шерик деп) ойлогон «кудайларыңар кана?!».
(Анан) Алардын үстүнө Сөз (азап) түшүүсү анык болуп калгандар:[1] «Оо, Рабби! Мына бул биз азгырган кишилер, биз аларды Өзүбүз азгырылган сыяктуу азгырганбыз. Биз Сага Өзүбүздү (алардан) актайбыз. Алар Бизге ибадат кылышкан эмес» – дешет.
(Анан мушрик элдерге) айтылат: «Мага шерик кылган «кудайыңарды» (жардамга) чакыргыла!» Чакырышат. Бирок, аларга («кудайлары») жооп бербейт. Кийин алар азапты көрүшөт. Кана эми, алар (бул дүйнөдө) туура жолдо болушканда. (Азапты көрбөй, бейишке түшмөк эмес беле!)
Ошол күнү (Аллах) аларга: «Пайгамбарларга эмне деп жооп берген элеңер?!» – дейт.[1]
Ал күнү (коркуунун күчтүүлүгүнөн дүйнөдөгү айтып жүрүшкөн далилдердин) кабары аларга берилбей калат жана бири-биринен да сурай алышпайт.
Ал эми тообо кылып, жакшы иштерди жасаган ыймандуулар (тозоктон) кутулуучулардан болушу күтүлөт!
Сенин Раббиң Өзү каалаган нерсени жаратат жана ыктыяр кылат. Аларга (Аллахка каршы чыгууга) ыктыяр жок.[1] Аллах алардын ширктеринен аруу-таза!
Жана сенин Раббиң алардын (пенделердин) көкүрөктөрү жашырган нерселерди да, ашкере кылган нерселерди да билип турат.
Ал – Аллах! Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Дүйнө-акыретте мактоолор жалгыз Өзүнө! Өкүм дагы Өзүнүн колунда! Жана Өзүнө кайтасыңар!
Айт (оо, Мухаммад): «Эмне дейсиңер, эгер Аллах силердин үстүңөрдө түндү кыямат күнүнө чейин кеткис (түбөлүк) кылып койсо, Аллахтан башка кайсы «кудайыңар» силерге жарыкты алып келе алат? Эми (акыйкатты) укпайсыңарбы?!»
Айткын: «Эмне деп ойлойсуңар, эгер Аллах үстүңөрдөгү күндүздү тээ кыяматка чейин түбөлүк кеткис кылып койсо, силер эс ала турган түндү Аллахтан башка кайсы «кудайыңар» келтирмек?! (Бул кереметтерди) көрбөй жатасыңарбы?
Силер анда эс алууңар үчүн жана Өзүнүн жакшылыгынан издешиңер үчүн түн менен күндүздү жаратып койгону Аллахтын ырайымдуулугунан. Кана эми, шүгүр кылсаңар!
Жана ошол күнү (Аллах) аларга: «Силер (шерик деп) күмөн кылган Менин «шериктерим» кана?» – дейт.
Анан Биз ар бир үммөттөн бир күбөнү (өздөрүнүн пайгамбарын) чыгарып (анын көзүнчө мушрик болгондорго): «Далилиңерди алып келгиле» дейбиз.[1] Анан алар акыйкат (кудайлык) Аллахка гана таандык экенин анык билишет. Өздөрү ойлоп тапкан (кудайлары) жок болуп кетет.
Чынында, Карун[1] Мусанын коомунан болгон. Ал аларга (өз элине) зулумдук көргөздү. Биз ага ачкычтары эле күчтүү жамаатка оор жүк болчудай казыналарды берген элек. Бир кезде коому ага (мындай) деди: «Оолукпагын, Аллах (текеберленип), оолуккандарды сүйбөйт!»
«Аллах сага берген байлык менен акырет конушун талап кылсаңчы! Бирок, бул дүйнөдөн да насибиңди унутпа! Аллах сага жакшылык кылган сыяктуу, сен да (элдерге, динге) жакшылык кыл! Жер бетинде бузукулукту издебе! Аллах бузукуларды сүйбөйт!»[1]
(Карун) айтты: «Бул байлыктар өзүмдүн билермандыгым себептүү берилген». Ал билбейт беле, Аллах андан мурунку муундардан андан да күчтүү, андан да бай адамдарды кыйратып салганын?! (Булар сыяктуу) күнөөкөр адамдар күнөө-кылмыштарынан суралып отурбайт![1]
Ал (Карун) зыйнат-кооздуктары менен элине чыкканда, дүйнө жашоосун(ун ырахат-жыргалын) каалагандар: Кана эми, бизге да Карунга берилгендей нерселер берилсе! Ал улук кут-насиптин ээси!» – дешти.
Ал эми, илимдүү адамдар болсо: «Азап болсун силерге, ыйман келтирип, жакшы иштерди кылгандар үчүн Аллахтын (акыреттик) сообу жакшы го! Аллахтын сообуна сабыр кылгандар гана жетет!» (дешти).
Анан Биз аны (Карунду) үй-жайы менен кошуп жерге жуткуруп жибердик! Ага Аллахтан (коргоп) жардам берүүчү жамаат болбоду! Жана анын өзү да (азапты) жеңүүчүлөрдөн болгон жок.
Кечээ гана анын (коомдогу) ордуна тамшанган адамдар: «Таң каласың! (Аллахтын кудуретине) пенделеринин арасынан Өзү каалагандарына гана ырыскыны кенен жана тар кылып коёт турбайбы?! Эгер Аллах бизге жакшылык кылбаганда (кечээки сөзүбүз үчүн) бизди деле жерге жуткуруп жибермек! Билбепбиз көрсө, каапырлар (Аллахтын азабынан) кутулбайт турбайбы?!» — деп калышты.
Биз тиги жактагы акырет конушун жер бетинде бузгунчулук жана текеберленүүнү каалабаган (ыймандуу) адамдар үчүн (насип) кылабыз. Акыбет такыба кишилер үчүн!
Ким (акыретке) сооп-жакшылык алып келсе, ага (өзү алып келген) жакшылыгынан жакшыраак сыйлыктар берилет. Ал эми, кимде-ким жамандык (күнөө) алып келсе, жамандык жасагандар өз кылмыштарына гана жараша жаза алышат.
(Оо, Мухаммад!) Чынында, сага Куранды түшүрүп, (аны жеткирүүнү, буйруктарын аткарууну парз кылган Зат сени эч шексиз кайтчу жерге (дүйнөдө Меккеге жеңиш менен, акыретте бейишке) кайтарат. Айткын: «Менин Раббим ким туура жол алып келгенин жана ким анык адашуучулукта болгонун эң жакшы билет».
Сен (оо, Мухаммад), өзүңө Китеп түшүрүлүүсүн оюңа да келтирген эмес болчусуң. Бирок, (бул) Раббиңден Ырайым болду. Эми сен каапырларга жардамчы болбо!
Сага (бекем, өзгөргүс болуп) түшүрүлгөндөн кийин Аллахтын аяттарынан (каапырлар) сени тосуп койбосун![1] Жана Раббиңе (Ага ыйман келтирүүгө) чакыр. Эч качан мушриктерден болбогун!
Аллахка шерик кылып башка «кудайга» сыйынба! Андан башка (сыйынууга татыктуу) кудай жок. (Себеби) бардык нерсе жок болот, Бир Жүзү (Өзү) гана (түбөлүк) калат! Өкүм жалгыз Өзүнө таандык! Жана бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!