عربيEnglish

The Noble Qur'an Encyclopedia

Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languages

Ya Seen [Ya Seen] - Kyrgyz translation

Surah Ya Seen [Ya Seen] Ayah 83 Location Maccah Number 36

Йаа, Сиин.[1]

Даанышман Куранга ант:

Сен чынында, пайгамбарлардансың.

(Куран) Ырайымдуу, Кудуреттүүнүн түшүргөнү,

Коом(уң)ду эскертишиң үчүн. Алардын ата-бабалары (эч бир пайгамбар тарабынан) эскертилген эмес, өздөрү да наадан-билимсиз адамдар эле.[1]

Алардын көпчүлүгүнө сөз (азап келиши) акыйкат болуп калды. Эми алар ыйман келтиришпейт.

Биз алардын моюндарына ээктерине чейин кишен ороп койгонбуз. Анан алар какайып (ийиле албай) калышкан.

Биз алардын алдынан, артынан (ыймандан тосо турган) тосмолорду коюп, эч нерсени көрө албай турган кылып (наадандык пардасы менен) ороп салдык!

Эми аларды эскертесиңби же эскертпейсиңби – айырмасы жок: ыйман келтиришпейт.

(Оо, Мухаммад!) Сен Зикирге (Куран акыйкатына) ээрчиген жана кайыптагы (көрүнбөгөн) Чексиз Ырайымдуудан корккон кишини гана эскерте аласың. Сен ага (Аллах тарабынан боло турган) кечиримдин жана улук сооп-сыйлыктын кубанычтуу кабарын бер!

Албетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте[1] (алдын ала) эсептеп койгонбуз.

Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.[1]

Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Биз силерге жиберилген элчилер болобуз» - дешти.

(Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллах) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»

Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз.

Биздин вазыйпабыз (силерге акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат».

(Каапырлар) айтышты: «Биз силерден (кара-жолтой деп) ырым кылып жатабыз. Эгер (дааватыңарды) токтотпосоңор силерди таш-бараңга алабыз жана бизден (силерге) жан ооруткан азап жетип калат!»

«Ырымыңар өзүңөргө «сыйлоо»! Эмне, эгер (биз себептүү) эскертилсеңер эле (ошенте бересиңерби) ?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!» – дешти (пайгамбарлар).

(Ошондо) шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «Оо, коом! Пайгамбарларды ээрчигиле!

Өздөрү туура жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!» – деди. (Мушриктер аны курчап алып: «Сен жалгыз кудайга сыйынып калдыңбы?» - деп кыйнаганда, мындай жооп берди:)

«Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңар!

Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт!

(Эгер Аллахтан башканы кудай кылып алсам) анда мен анык адашууда болуп каламын!

Мен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага)

айтылды: «Бейишке Кир»! Ал киши айтты: «Кана эми, менин коомум билсе,

Раббим мени кечиргенин жана урматтуу адамдардан кылганын!»

Анын (өлтүрүлгөн мусулмандын) артынан Биз (каапыр) коомдун үстүнө асмандан (периштелерден куралган) аскерлерибизди түшүрбөдүк. Түшүрбөйт да болчубуз.

(Себеби): Бир гана ач айкырык болду! Анан ..., бардыгы (өлүп, кыйрап) тынып калышты.[1]

Кайран гана пенделер! (Айып өздөрүндө!) Аларга бир пайгамбар келсе эле (дароо) шылдыңдай башташат.

Көрүшпөйбү, Биз алардан мурун нечендеген (каапыр) муундарды кыйратып салдык! Эми алар өздөрүнө (бул дүйнөгө) кайтып келишпейт!

Албетте, алардын (кыйрагандардын) бардыгы (кыяматта) Биздин алдыбызда (суроо-жооп үчүн) даяр турушат.

Аларга (кудуретибизден дагы бир) белги – өлүк жер. Биз аны (жамгыр менен) тирилттик жана андан данды (өндүрүп) чыгардык. Эми, ошондон жеп жатышат.

Жана Биз жерде курмалардан, жүзүмдөрдөн бак-бостондорду жараттык. Жана анын боорун жарып, булактарды чыгардык,

ошол бактардын мөмөсүнөн жесин деп. Ал мөмөлөрдү алардын колу жасаган жок! Шүгүр кылышпайбы, эми?!

Жер өстүрүп чыгарган нерселерден, өздөрүнөн жана өздөрү да билбеген (көп) нерселерден бардык жуп-жубайларды жараткан Аллах – Аруу,Таза!

Аларга (дагы бир) белги – түн. Биз андан күндүздү сыйрып алаарыбыз менен, алар караңгыда калышат.

(Дагы бир белги –) Күн, өзүнө белгиленген орунда гана (айланып) жүрөт. Бул – Кудуретүү, Билүүчүнүн тагдыр кылганы.

Биз Айга да, курманын эски шиңгили сыяктуу болуп (ийрейип) калганга чейин бир нече орундарды белгилеп койгонбуз.

Күн (өз айлануусунда) Айга жетиши мүмкүн эмес, түн дагы күндүздөн озуп кете албайт.[1] Бардыгы асманда сүзүп жүрүшөт.

Аларга (дагы бир) белги: (Нухтун доорунда) Биз алардын урпактарын (айбандар жана ыймандуу адамдар менен) толтурулган кемеде (топон суунун бетине) көтөрүп койгонубуз.

Дагы (бир белги) Биз аларга ошол кеме сыяктуу (бирок, башка түрдөгү) мине турган нерселерди жаратып бердик.[1]

Эгер кааласак Биз аларды (кеме менен сапарга чыккан араб мушриктерин) чөктүрүп жиберебиз. Кийин аларга эч бир жардамчы болбойт жана куткарылышпайт.

(Бирок, качан) Биз тараптан ырайым болсо жана белгилүү убакытка чейин пайдалануулары үчүн куткарылышы мүмкүн.

Эгер аларга алдыңардагы жана артыңардагы (азаптан) корккула, ажеп эмес ырайымына жолуксаңар деп айтылчу болсо, (такыр кулак салышпайт.)

Аларга Раббилеринин аят-белгилеринен бири келсе, андан да жүз бурушат.

Эгер аларга: «Аллах ырыскы кылып берген нерселерден (муктаждарга) садака кылгыла» – деп айтылса, каапырлар момундарга: «Аллах Өзү тамактандырууну каалаган кишилерди биз тамактандырабызбы?! Силер анык адашууда экенсиңер!» – дешет.[1]

Жана айтышат: «Эгер чынчыл болсоңор (айткылачы) бул убада (кыямат) качан келет?»

Алар (эч нерседен бейкапар) өз-ара жаңжалдашып турганда (жандарын) ала турган бир айкырыкты гана күтүп калышты.[1]

(Аларга өлүм келгенде) осуят кылууга да үлгүрбөй калышат. Жана үй-бүлөлөрүнө да кайтып бара алышпайт.

Жана (Кыяматта) Сур (кернейи экинчи ирет) тартылат. Кийин, капыстан алар Раббилерине (сурак берүү үчүн) мүрзөлөрүнөн суурулуп чыгышат.

(Жана) айтышат: «Оо, шорубуз! Бизди уйкубуздан (өлүмдөн) ким тургузду экен?! Бул Рахмандын (кайра тирилүү жөнүндөгү) убадасы турбайбы! Пайгамбарлар туура сүйлөгөн экен!»

Бир гана айкырык (Сур кернейинин добушу) болот. Анан дароо алардын баары Биздин алдыбызда туруп калышат.

Ал күндө эч бир жан зулумдук көрбөйт. Жана силер өзүңөр жасаган ишиңерге гана ылайык жаза (же) сыйлык аласыңар.

Ал Күнү бейиш элдери кубаныч менен гана алек.

Жубайлары менен көлөкөнүн астына коюлган сөрүлөрдө жөлөнүп отурушат.

Ал жерде алар үчүн мөмөлөр, тилеген бардык нерселери бар.

Ырайымдуу Раббилери тарабынан «Cалам» деген сөз (айтылат).

Эй, күнөөкөрлөр! Бул күндө силер (жакшылардан) бөлүнгүлө!

Оо, Адам урпактары! Мен силерге: «Шайтанга ибадат кылбагыла! Ал силерге анык душман!

Өзүмө гана ибадат кылгыла! Туура жол – ушул!» деп буюрбадым беле?!

Ал силерден көп муундарды азгырып жиберди го! Акылыңарды иштетпейт белеңер?!

Силерге убада кылынган тозок – ушул!

Каапыр болгонуңар себептүү бүгүн ага киргиле!»

Ал күндө алардын оозуна мөөр басып койобуз. Бизге анын кылмыштары жөнүндө колдору сүйлөйт, буттары күбөлүк берет.

Жана эгер кааласак, көзүн тегиздеп (сокур кылып) койобуз. Анан бейиш жолун издегенге шашылышат. Көрмөк кайда эми!

Жана эгер кааласак аларды турган жеринде катырып койобуз. Алдыга басканга да артка кайтканга да кудурети келбей калат.

Биз кимге узун өмүр берсек, анын түзүлүшүн начар кылып койобуз. Акылдарын иштетишпейби?![1]

Биз ага (Мухаммадга) ыр үйрөткөнүбүз жок. (Акын болуу) ага ылайык эмес. Ал (Мухаммад окуган нерселер) Зикир (эскертүү) жана анык Куран![1]

Тирүү адамдарды эскертүү үчүн жана каапырларга (азап жөнүндөгү өкүм) сөздү чындыкка чыгаруу үчүн (түшүрүлгөн эскертүү).

Алар көрбөй жатышабы, Биз алар үчүн Өз Колубуз жасаган нерселерден чарба айбандарын жаратып, колдоруна мүлк кылып бердик.

Жана аларга ал(айбанд)арды моюн сундуруп бердик. Алардан арасынан мингендери бар, этин жегендери бар…

Жана аларда пайдалар (айран, сүт сыяктуу) ичимдиктер бар. Шүгүр кылышпайбы?! (Шүгүр кылмак кайда! Кайра, ошол нерселерди Аллах эмес, арбактар, бут-статуялар жаратып бергенсип)

Аллахтан башка нерселерди кудай кылып алышты. Алардан жардам болсо кана!

(«Кудайлары») аларга жардам берүүгө кудуреттүү эмес.[1] (Бирок ошого карабай…) аларга даярдалган аскерлер (сыяктуу кызматын кылып, сыйына беришет).

(Оо, пайгамбар!) Сени алардын сөздөрү кайгыга салбасын. Биз алардын жашыруун, ашкере иштерин билип турабыз.

Инсан билбейби, Биз аны (бир тамчы) суудан жараттык эле, анан капыстан Бизге анык душман болуп чыга келди.

Жана, өзүнүн (эмнеден) жаралганын унутуп, (чириген сөөктү колуна кармап): «Чирип кеткен сөөктү ким (кайрадан) тирилте алат?» – деп, Бизге (каршы) мисал келтирет!

Айткын: «Аны биринчи ирет (оболу топурактан, анан бел суудан) жараткан Кудай (кайра дагы ошол топурактан) тирилтет. Ал ар бир макулукту (кандай жаратаарын жакшы) билет.

Ал силерге көк (жана ным) дарактан от(ун) жасап берген. Силер аны жагып жатасыңар.

Асмандарды жана Жерди жарата алган Зат алардын окшошун (экинчи ирет) жаратууга кудуреттүү эмеспи? Жок! Кудуреттүү! Ал эң мыкты жаратуучу жана эң илимдүү.

Эгер бир нерсени (жаратууну) кааласа, Анын иши «Бол!» деп айтуудан гана турат. Анан ал нерсе болуп калат.

Бардык нерселердин бийлик-өкүмдарлыгы Өз колунда болгон Аллах (мушриктердин «жарата албайт» деген сыпаттоосунан) Таза! Бардыгыңар Өзүнө кайтарыласыңар!