عربيEnglish

The Noble Qur'an Encyclopedia

Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languages

Those who set the ranks [As-Saaffat] - Kyrgyz translation

Surah Those who set the ranks [As-Saaffat] Ayah 182 Location Maccah Number 37

Сап тартып турган периштелерге ант!

(Шамалдарды) айдоочу периштелерге ант!

(Ар дайым) Зикирди (Куранды) окуп туруучу периштелерге ант!

Силердин кудайыңар чынында Жалгыз!

(Ал) асмандардын, жердин жана экөөсүнүн арасындагы (бардык) нерселердин Раббиси. Жана Ал чыгыштардын (жана батыштардын) да Раббиси!

Чынында, Биз Дүйнө асманын жылдыздар зыйнаты менен кооздодук.

Жана (асмандарды) ар бир бейбаш шайтандан сактадык.

Алар жогорку жамаатты(н сөзүн) уга албайт.[1] (Эгер угууга аракет кылса) ар тараптан (учар жылдыздар менен) атып урулат.

(Ушинтип) айдап жиберилет. Аларга (тиги дүйнөдө) үзгүлтүксүз азап бар.

Ал эми, кимиси (кайып кабарынан) бир гана сөз уурдап алган болсо, ага күйдүрүп жиберүүчү куйруктуу жылдыз кууп жетет (жана өрттөп жиберет).

Сен алардан (мушриктерден) сурачы, аларды жаратуу кыйынга турабы же Биз жараткан (асман, жер, периште сыяктуу) нерселердиби? Биз аларды жабышчаак ылайдан эле жаратып койгонбуз.

Сен (алардын ишенбегенине) таң каласың. Алар (болсо, сени) шылдыңдашат.

Эгер эскертилчү болсо, эсине (акылына) келбейт.

Эгер бир аят-далил көрүшсө (андан бетер) шылдыңдашат.

(Дагы алар:) «Эгер биз өлүп, сөөк жана топурак болуп калсак, кайрадан тирилебизби?

Илгерки ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилеби)?!» – дешет.

Айткын: «Ооба. Силер (мушрик ата-бабаңар дагы) кор болгон абалыңарда (тирилесиңер).

Ал болгону (Исрафил периште тарта турган «Сур» кернейинин) бир гана добушу. Анан алар (тирилип, Кыямат окуяларына) карап турган болушат»

Жана: «Оо, бизге кайгы! Бул Кыямат го!» (дешет. Ошондо аларга кайыптан үн угулат:)

«Залим (каапыр) адамдарды (каапыр) жубайлары менен, сыйынган «кудайларын» кошуп чогулткула!

Аллахтан башка(га сыйынышкан эле). Жана тозок жолуна айдагыла!

Жана аларды (Махшар майданында) токтоткула.[1] Алардан суралат:

«Эмне үчүн бири-бириңерден жардам сурабай жатасыңар?!».[1]

Жок! Алар бүгүн эрксиз туткундар!

(Анан) алар (өз-ара жаңжал-сүрөөн көтөрүп) бирин-бири (күнөөлөп) собол ыргытышат.

(Ээрчигендер башчыларга) айтат: «Силер бизге оң тарап (күч кубат, зордук) менен келгенсиңер (жана бизди ката жолго мажбурлагансыңар)»

(Башчылар) айтат: «Жок! Өзүңөр ыйманды кабыл албай койгонсуңар.

Силердин үстүңөрдө биздин бийлик жок болчу. Тескерисинче, өзүңөр акыйкатка каршы коом элеңер.

Эми, Раббибиздин Сөзү (азабы) бардыгыбызга ырас болду. Биз чынында азап тартуучуларбыз.

Биз силерди (мажбурлаган жокпуз) азгырганбыз. Өзүбүз деле азгырылган кишилер элек».

Эми, алар ушул күнкү азапта дагы окшош-шерик болушат.

(Дүйнө жашоосунда) аларга «Эч бир кудай жок, бир гана Аллах бар (ошого гана сыйынгыла)» деп айтылганда текеберленишкен.

Жана: «Биз өзүбүздүн кудайларыбызды ушул жинди акын (Мухаммад) үчүн таштайт белек?!» дешет (болчу).

Жок! (Андай эмес! Мухаммад) акыйкатты алып келген жана пайгамбарларды тастыктаган![1]

(Оо, мушриктер!) Силер албетте жан ооруткан азапты татасыңар!

Жасаган (күнөө) ишиңерге жараша жаза аласыңар!

Ал эми Аллахтын ыкластуу (жалгыз Өзүнө ибадат кылган) пенделери...,

Аларга белгиленген ырыскылар бар.

Мөмө-жемиштер..., жана алар урмат-сый көргөзүлгөн абалда,

Эң жакшы (нээматтуу) бейиштерде,

(Кооз, дарыялар жээгиндеги) сөрүлөрдө бири-бирине бет маңдай (олтурушат).

Аларга (бейиштеги) агып турган булактан шарап кеселери айлантып турулат.

Алар ап-апак, ичүүчүлөр үчүн таттуу,

Баш айланткан зыяндуулугу жок, (андан) мас болушпайт.

Жана алардын алдында көздөрүн (өз жубайынан башкаларга) каратпаган бакыраң-көз сулуулар бар.

Алар аздектеп коюлган жумуртка сыяктуу!

(Бейиштегилер) бет маңдай отурушуп, бири-бирине суроо берип сүйлөшүшөт.

Алардан бирөөсү айтты: «Менин бир жакын таанышым бар эле.

Ал (мага): «Сен (кайра тирилүүнү) тастыктоочулардансыңбы?

Эмне, биз өлүп, топурак жана сөөк болуп калсак деле (кайрадан тирилтилип, бул дүйнөдө) жасаган ишибизге жооп беребизби?» – деген. (Бейиши Адам шериктерине:)

«Силер да карап көрбөйсүңөрбү» деди.

Карады. Аны тозоктун чок ортосунда (азапта турганын) көрүп (мындай деди:)

«Аллахка ант! Сен мени өлтүрө жаздаган экенсиң!

Эгер мага Раббимдин (ыйман) нээматы болбогондо, мен дагы (тозок үчүн) даярдалган (бактысыз) кишилерден болуп калмакмын!

Биринчи өлүмүбүз менен гана өлдүк. (Анан кайра тирилгенде) азапка салынбадык?

Амал кылгандар ушундай жеңиш үчүн амал кылышсын!»

(Оо, адамдар!) ушул (бейиштеги жашоо) жакшыбы же Заккум дарагы жакшыбы?[1]

Биз аны залымдарга сыноо[1] болушу үчүн жараттык.

Ал–тозоктун тереңинен өсүп чыккан дарак.

Анын бүчүрлөрү шайтандардын башына окшойт.

Алар (тозоктогулар) андан курсактарын толтура-толтура жешет.

Кийин анын үстүнөн аларга (ичкенде бетти, оозду күйдүрүп, ичегилерди үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу ичирилет![1]

Кийин алар (дагы да терең) тозокко кайтарылышат!

Чынында, алар ата-бабаларын адашкан (Аллахтан башка «кудайларга» сыйынган) абалда табышкан эле.

Ошолордун изинен чуркап кетишти.

Алардан мурун, абалкылардан көпчүлүгү дагы адашып кетишкен.

Биз алардын ичине эскертүүчү пайгамбарларды жиберген элек.[1]

Эми карачы, эскертилген адамдардын акыбет-көргүлүктөрү эмне болгонун!

Ал эми, Аллахка ыклас менен (жалгыз Өзүнө) ибадат кылган пенделер адашкан жок.

(Бир кезде) Бизге Нух бийик добуш менен(«Оо, Раббим! Жер бетинде бир дагы каапырлардын үйүн калтырба!» деп) дуба кылды. Биз эң жакшы жооп берүүчүбүз.

Биз аны менен үй-бүлөсүн (каапыр уулунан башкасын)[1] чоң балээден куткардык.

Жана анын урпактарын гана (аман) калуучулардан кылдык.

Жана аны(н ысымын) кийинки муундар арасында (даңазалуу) калтырдык.

Нухка ааламдарда (түбөлүк) салам болсун!

Биз (жакшынакай ибадат кылган) мухсиндерди ушинтип сыйлайбыз.

Ал Биздин момун пенделерибизден болчу.

Кийин Биз башкаларды чөктүрүп жибердик.

Ибрахим (пайгамбар) дагы анын (Нухтун) жамаатынан (ыймандуу пенделерден) эле.

Бир кезде ал Раббисине (ширктен) таза жүрөк менен келди.

(Жана) атасы жана коомуна (мындай) деди: «Эмнелерге эле сыйынып жатасыңар?!

Аллахтан башка өзүңөр ойлоп тапкан (жасалма) кудайды тандайсыңарбы?!

Ааламдардын Раббиси (Аллах) жөнүндө кандай ойлойсуңар? (Күндөрдүн биринде чоң элдик майрам болуп, бардыгы майрам талаасына кетип жатышты. Ибрахимди да «жүр» дешкенде ал:)

Жылдыздарга бир карап алып:

«Мен ооруп турам» – деди.

Бардыгы андан бурулуп (талаага) кетишти.

Анан Ибрахим алардын (ибадатканадагы) «кудайларына» тез жетип келип: «(Алдыңардагы тамактан) жебейсиңерби?»,

Эмнеге сүйлөбөй жатасыңар?!» - деди.

Анан аларды күч менен уруп (талкалап) салды (жана балтаны чоң «кудайдын» колуна илип койду).

(Эли кечинде) ага чуркап келишти. (Жана аны омуроолоп, кандай жаза берсек экен деп, чуру-чуу түшүп турганда, Ибрахим учурдан пайдаланып дааватын улантып:)

Айтты: «Өзүңөр жонуп жасаган нерселерге ибадат кыласыңарбы?!

Силерди да, силердин ишиңерди[1] да Аллах жараткан!

(Мушриктер) айтышты: «Ал үчүн (отундан) «үйлөрдү» куруп (жандырып) отко таштагыла!

Ага каршы (ушундай) амалды тандашты. Биз аларды(н өзүн) төмөн (жеңилген) кылып койдук.[1]

(Ибрахим) айтты: «Мен Раббиме кетемин! Ал мени туура жолго баштайт!» (Ибрахим Шам жерине кетип, ошол жакта жашап калды. Өмүрү бир кыйла өтүп калса да, перзент көрбөгөндөн улам Раббисине дуба кылды:)

«Оо, Раббим! Мага салих (таза) инсандардан (боло турган бир перзент) берчи?!».

Анан Биз ага бир жумшак пейил перзент (көрүшү) менен сүйүнчү кабар бердик.

Качан ал перзент (сүймөнчүк болуп) Ибрахим менен бирге жүрүү курагына жеткенде, (ага) «Оо, балакайым! Мен түшүмдө сени курман чалып жатканымды көрүптүрмүн. Ойлонуп көр, эмне дейсиң?! деди. «Атакем, – деди ал, – буюрулганды аткара бериңиз. Аллах кааласа мени сабыр кылуучулардан экенимди көрөсүз».

Экөөсү (Аллахтын буйругуна) моюн сунуп, атасы аны маңдайы менен жерге жаткырганда…

«Оо, Ибрахим! – деп добуш кылдык.

Сен түшүңдү (анда берилген буйрукту) ырас билип аткардың. Биз жакшы амал кылуучу адамдарды ушинтип сыйлайбыз».

Жана Биз Ысмайылдын ордуна улук курмандык бердик.[1]

Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

Ибрахимге (Аллахтын) салам(ы) болсун!

Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

Чынында, ал Биздин ыймандуу пенделерибизден болгон.

Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири.

Биз ага (Ибрахимге) Жана Исхакка (көп) берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылган(дар) да чыкты.

Биз Муса менен Харунга да жакшылык кылдык.

Жана ал экөөсү менен алардын коомун чоң балээден куткардык.

Жана (душмандарына каршы) аларга жардам бердик. Натыйжада экөө жеңүүчүлөрдөн болушту.

Жана ал экөөсүнө анык баяндалган Китеп (Тоорат) берип,

Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

Муса менен Харунга салам болсун!

Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден.

Иляс дагы пайгамбарлардан эле.[1]

Бир кезде ал коомуна (мындай) деди: «(Аллахтан) коркпойсуңарбы?!

Эң мыкты Жаратуучуну (Аллахты) таштап, «Баьлга» дуба кыласыңарбы?!

Силердин да, абалкы ата-бабаңардын да Раббиси Аллах эле го?!»

Бирок, коому аны жалганга чыгарды. Натыйжада (азапка) даярдалгандардан болушту.

Ал эми, Аллахтын мухлис (Өзүнө гана ибадат кылган) пенделери (андай эмес).

Жана Биз аны(н ысымын) акыркылардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык.

Иляска (Аллахтан) салам болсун!

Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз.

Ал Биздин ыймандуу пенделерибиздин бири.

Лут дагы элчи-пайгамбарлардан эле.

Бир кезде Биз аны жана анын үй-бүлөсүнүн бардыгын (асмандан жааган таш балээсинен) куткарганбыз.

Бир гана кемпир(и) азапта калуучулардын арасында калды. (Себеби ал ыймандуу болбогон).

Анан Биз башкаларды кыйраттык.

(Эй, Мекке мушриктери!) Силер алардын (кыйраган элдин чалдыбарларынын) үстүнөн ары-бери өтөсүңөр го, эрте менен

жана кечинде. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

Чынында, Юнус дагы элчи-пайгамбарлардан бири.

Бир кезде ал (элине таарынып, жеринен) качып чыгып, толуп калган кемеге отурду.[1]

Анан чүчүкулак тартышты эле, ал жеңилгендерден болуп калды.

Анан ал (башкалар тарабынан) жемеленип турганда чоң балык жутуп жиберди.

Эгер ал (Аллахты) аруулагандардан болбогондо,

Балыктын курсагында кайра тирилген күнгө чейин калып кетмек.

Анан аны (жээктеги) жалаң жерге ыргытып жибердик. Ал ооруп калган эле.[1]

Биз анын үстүнө ашкабак өсүмдүгүн өстүрүп (көлөкөсү менен калкалап) койдук.[1]

Юнусту жүз миң же андан көбүрөөк элге пайгамбар кылган элек.

Анан алар (тообо кылып) ыйман келтиришти. Биз аларды (белгилүү) мөөнөткө чейин (өмүр нээматы менен) пайдалантырдык.

(Оо, Мухаммад!) Сен алардан (периштелерге сыйынган мушриктерден) сурачы, Раббилерине кыз перзенттерди, өздөрүнө уул перзенттерди ыраа көрүшөбү?[1]

Же болбосо, Биз периштелерди ургаачы кылып жаратканыбызды көрүшүптүрбү?!

Уккула, Алар ойдон чыгарылган жалгандарында (мындай) дешет:

«Аллахтын баласы бар». Алар – жеткен жалганчылар!

(Аллах) уулдардын ордуна кыздарды тандап алыптырбы?!

Силерге эмне болгон?! Кандай гана (жаман) өкүм чыгарып жатасыңар!

(Аллахтын баласы болбостугун) эстебейсиңерби?!

Же (колуңарда) анык далил барбы? (Же силерге Курандан башка ыйык китеп түштүбү?)

(Анда) алып келгиле, китебиңерди, эгер чынчыл болсоңор!

Алар Аллах менен жиндердин арасында (өздөрүнчө) тууганчылык бар дешет. (Андай эмес). Жиндер өздөрүнүн (суракка) даярдалганын билишет!

Аллах алар сыпаттаган (кемчилдиктүү) сыпаттардан Аруу-Таза!

Ал эми, Аллахтын жакшы амал кылган пенделери (Аллахты кемчилдиктүү сыпаттар менен сыпаттабайт).

(Оо, мушриктер!) Силер дагы, силер сыйынган «кудайыңар» дагы

эч кимди адаштыра албайсыңар!

(Эзелки Тагдыр Китебинде) тозокко кирүүчү (болуп жазылган) адамдарды гана (адаштыра аласыңар).

(Периштелер айтат:) «Биздин бардыгыбыздын белгилүү орун-даражаларыбыз бар.

Жана биз (Аллахтын кызматында) сап тартып туруучуларбыз.

Жана биз, чынында (Аллахка) тасбих айтуучуларбыз!» (Кийинки аяттарда мушриктердин жалганчылыгы ашкереленет).

«Эгер биздин алдыбызда абалкылардын зикири (баяндалган Ыйык Китеп) болсо...,

Биз деле мухлис (Аллахтын Өзүнө сыйынган) пенделери болмокпуз».

Анан ага (өздөрү самаган Китепке) каапыр болушту. Эми тез арада (адашкандыктарын) билип алышат.

Элчи-пайгамбар кылып жиберилген пенделерибиз үчүн (Тагдыр Китебинде төмөндөгүчө) сөзүбүз жазылган:

«Чынында алар гана жардам берилген адамдар!

Чынында Биздин аскерибиз гана жеңүүчүлөр!»

Сен алардан (мушриктерден) белгилүү убакытка чейин жүзүңдү бур!

Жана аларды(н акыбетин) карап тур! Өздөрү да тез эле көрүп калышат!

Алар Биздин азабыбызды шаштырып жатышабы?![1]

Эгер азап алардын турак-жайларына түшчү болсо, эскертилген адамдардын таңы жаман (өтө караңгы) болуп калат!

Сен белгилүү убакытка чейин алардан жүзүңдү бур!

Жана аларды(н акыбетин) карап тур. Өздөрү да тез эле көрүп калышат!

Кудуреттүүлүк Ээси болгон Раббиң алардын (кемчилдиктүү) сыпаттоолорунан Таза!

Пайгамбарларга салам болсун!

Ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун!