The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesOrnaments of Gold [Az-Zukhruf] - Kyrgyz translation
Surah Ornaments of Gold [Az-Zukhruf] Ayah 89 Location Maccah Number 43
Хаа, Миим.[1]
Ачык баяндоочу Китепке ант!
Силер (анын маанисин) акыл калчашыңар үчүн Биз аны арабча Куран кылдык.
Ал (Куран) Биздин алдыбыздагы Китептердин Энесинде (Лавхул махфузда) эң жогорку, даанышман (даражада турат).
(Эй, Мушриктер!) Эгер силер чектен чыккан (кылмышкер) коом болсоңор эле, Биз силерге зикирди (Куранды) багыттабай коймок белек.[1]
Биз абалкы элдерге нечендеген пайгамбарларды (Куран сыяктуу ыйык китептер менен) жибердик.
Аларга качан бир пайгамбар келсе, аны шылдыңдап күлүшкөн.[1]
Анан Биз аларды кыйраттык. Алар булардан (Курайш каапырларынан) кубаттуураак болчу жана абалкылардын мисалдары (ушул Китепте) өткөн.
Эгер сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Кудуреттүү, Илимдүү (Аллах) жараткан» дешет.
ٱلَّذِي جَعَلَ لَكُمُ ٱلۡأَرۡضَ مَهۡدٗا وَجَعَلَ لَكُمۡ فِيهَا سُبُلٗا لَّعَلَّكُمۡ تَهۡتَدُونَ [١٠]
Ал силер үчүн жерди килем (сыяктуу) кылды жана туура багыт алууңар үчүн анда жолдорду жаратты.
Жана ал асмандардан чен-өлчөм менен суу түшүрдү. Анан ошол суу менен өлүк шаарды тирилттик (жана ар түркүн өсүмдүктөр чыгардык). Силер да ушул сыяктуу (мүрзөңөрдөн) чыгарыласыңар.
Жана Ал бардык жуптарды жаратты.[1] Жана силер үчүн кемелерден, айбандардан турган унааларды, улоолорду жаратты.
Алардын үстүнө минип, андан кийин Раббиңердин нээматын эскерип: «Бизге ушуну моюн сундурган Аллах (кемчиликтүү сыпаттардан) Аруу-Таза! (Эгер Ал моюн сундурбаса) өзүбүздүн кудуретибиз жетмек эмес.
Жана биз Раббибизге кайтып барабыз» – дешиңер үчүн.
Алар Аллахка Өзүнүн пенделеринен бир бөлүктү (периштелерди «Аллахтын кыздары» деп өкүм) кылышты. Инсан чынында жакшылыкты билбейт!
(Эй, мушриктер!) же болбосо, Аллах жараткан макулуктарынан кыз балдарды Өзү алып, силерге уул балдарды тандап бериптирби?!
Эгер алардан бирине Чексиз Ырайымдуу үчүн мисал келтирген (кыз перзент туулду деп) сүйүнчүлөп барылса, ачууланып, жүзү карарып кетет.
(Жана): «Силер эмне, кооздуктардын ичинде (назик абалда) өстүрүлө турган жана талаш учурунда (бир сөздү) даана айталбай турган кыз перзенттерди (Аллахка таңуулап жатасыңарбы?!»).
Алар Чексиз Ырайымдуунун пенделери болгон периштелерди «кыздар» дешет. Эмне, алардын (кыз кылып) жаратылганын көрүп коюшуптурбу?! Алардын (бул жалган) күбөлүктөрү жазып коюлат жана (Акыретте катуу) сурак беришет!
Жана алар: «Эгер Чексиз Ырайымдуу каалаганда биз аларга ибадат кылбайт элек (жана аларды «Аллахтын кызы» дебейт элек») дешет. Бул (маселе) боюнча алардын эч кандай илими жок. Алар болгону алжып калган адамдар.
Же болбосо Биз аларга аны (далил катары) бекем кармап алгыдай,[1] Курандан мурун бир китеп түшүрүптүрбүзбү?!
Жок! Алар: «Биз ата-бабаларыбызды (ушундай) дин-ишеним үстүндө тапкан элек. Биз ошолордун изи менен (жүргөндө гана) адашпайбыз» – дешет.
Дал ушул сыяктуу, сенден мурун бир айыл-шаарга эскертүүчү-пайгамбар жиберсек, ысырапкор (бай) адамдары: «Биз ата-бабаларыбызды (белгилүү) ишенимдин үстүндө тапканбыз. Биз ошолордун изине гана ээрчийбиз» – дешкен.
(Анда пайгамбар) айткан: «Биз силерге ата-бабаңар кармаган диниңерден туурараак дин алып келсекчи? Алар (дагы эле): «Биз силер алып келген динге ишенбейбиз», – дешти.
Анан... Биз алардан өч алдык. (Аллахтын пайгамбарын) «жалганчы» деген адамдардын акыбети кандай болгонун көрүп ал.[1]
Жана (эстегин): Бир кезде Ибрахим атасына жана (мушрик) коомуна «Мен силерден жана силер сыйынган «кудайыңардан» кол үздүм!
Мени жараткан Аллахтын Өзү(нө гана сыйынамын). Ал мени туура жолго баштайт» – деди.
(Ибрахим) ал сөздү (ширк ибадатынан) кайтышса ажеп эмес (деп), (урпактарына) түбөлүк (мурас кылып) калтырды.
Мен аларды (Мекке мушриктерин) жана ата-бабаларын, өздөрүнө Акыйкат (Ислам) жана анык пайгамбар (Мухаммад) келгенге чейин (кенен жашоо-ырыскы менен) пайдалантырдым.
Ал эми, качан аларга Акыйкат келгенде: «Бул – сыйкыр! Биз буга ишенбейбиз!» – дешти.
Жана айтышты: «Бул Куран эки улук шаардагы (улук) адамдарга түшсө болмок».[1]
Раббиңдин (сага берген) ырайымын (пайгамбарчылыгын) ошолор бөлүштүргөн бекен? (Жок! Андай эмес) алардын дүйнө жашоосундагы өз-ара тиричилик-ырыскыларын да Биз бөлүштүргөнбүз жана бирин-бирине моюн сундуруп алуулары үчүн кээ бирөөлөрүнүн даражасын башкаларынан бийик кылып койгонбуз. Бирок, алар чогулткан (байлык, даңк сыяктуу) нерселерден Раббиңдин ырайымы артыгыраак.
Эгер адамдар(дын бардыгы каапырлардын байлыгына азгырылып) бир (каапыр) үммөт болуп кетүү (коркунучу) болбогондо, Биз Рахманга каапыр болгондордун тамдарын жана аларга чыга турган шатыларынан өйдө күмүштөн кылып коймокпуз.
Жана үйлөрүнүн эшиктерин, жазданып (жөлөнүп) отурчу сөрүлөрүн,
Жана (башка) жасалга-зыйнаттарын (бүт бойдон күмүштөн кылмакпыз). Бирок, булардын бардыгы дүйнө(нүн опасыз) пайдалары. Раббиңдин алдындагы Акырет (зыйнаттары) такыба кишилерге арналган.
Ким Рахмандын зикири – Курандан жүз бурса, ага Шайтанды жолдош кылып койобуз. Анан (Шайтан) анын жакыны болуп калат.
Жана ал(шайтанд)ар аларды (туура) жолдон тосушат жана алар өздөрүн туура жолдо деп ойлоп жүрө беришет.
Анан качан гана (ошол бойдон өлүп) Бизге кайтып келгенде (шайтан-шеригине карап) «Эми, экөөбүздүн арабыз эки чыгыштын[1] арасындай алыс болгон болсо кана, (атаганат)! (Сен) аябай жаман жолдошсуң!» дейт.
(Ширк жолун тандап өзүңөргө) зулумдук кылганыңар себептүү, бүгүн силерге (шериктигиңер) эч пайда бербейт. Силер азапта (дагы аны менен) шерик болосуңар!
(Оо, Мухаммад!) Сен дүлөйгө сөз уктура аласыңбы же болбосо, сокур менен анык адашуудагы адамды туура жолго баштай аласыңбы?!
Же Биз сени (алардан мурун Акырет сапарына) кетиребиз жана алардан (ошол жакта) өч алабыз.
Же болбосо, аларга убада кылган нерсебизди (баштарына түшүрчү азапты) сага (ушул дүйнөдө) көргөзөбүз. Аларга Биздин Кудуретибиз жетет!
Сен Өзүңө аян-кабар кылынган Куранды бекем карма! Сен туура жолдун үстүндөсүң!
Жана бул (Куран) сен үчүн, сенин коомуң үчүн атак-даңк (жана сыймык)![1] Жакында сураласыңар!
Биз сенден мурун жиберген пайгамбарларыбыздан сурачы, Биз (элдерге) Рахмандан башка кудайлар(га сыйынууга уруксат) бердик бекен?
Биз Мусаны аят-кереметтерибиз менен, Фараон жана анын элине жибердик. Ал (барып) «Мен (силерге) ааламдардын Раббиси тарабынан жиберилген элчимин» – деди.
Аларга биздин аят-кереметтерибизди[1] алып келгенде алардын үстүнөн күлүштү.[2]
Аларга көргөзгөн ар бир (азап-)моожизабыз (абалкы) түгөйүнөн чоңураак. (Туура жолго) кайтаар бекен деп, аларды (ушундай) азап менен кармадык.
Жана алар (Мусага) айтышты: «Оо, сыйкырчы! (Аллах) берген (пайгамбарлык) касиет(иң) менен Раббиңе дуба кыл. (Бизден балээни арылтсын) Биз туура жолго жүрөбүз».
Качан Биз алардан азапты алып койсок, ошол замат (сөздөрүнөн) кайтып кетишти.
(Жана Фараон өз элине ) бийик добуш менен ( мындай деди: «Оо, элим! Мен Мисир мамлекетинин жана бутумдун астынан агып турган мына бул (Нил) дарыяларынын падышасы эмесминби?! (Падышалыгымды) көрбөй жатасыңарбы?!
Мен мына бул (кекечтенип) араң сүйлөгөн төмөн адамдан (Мусадан) артык эмесминби?!»
«Эгер ага (асмандан) алтын билериктер ташталса, же аны жандап периштелер түшсө, (анда пайгамбар экенине ишенсе болот)».
Ал өз элин(ин акылын ушинтип) кордоду эле, эли дагы моюн сунду. Алар (түпкүлүгүндө) бузуку эл болгон.
Алар (ошол иштери менен) Биздин ачуубузга тийди. Анан Биз алардан өч алып, бардыгын (деңизге) чөктүрүп жибердик.
(Ошентип), аларды өтмүш-тарых жана кийинки муундар үчүн (ачуу) сабак кылдык.
Жана качан гана Марямдын уулу (Иса тууралуу) мисал келтирилгенде, андан сенин коомуң ызы-чуу көтөрүшөт.[1]
Жана (сага): «Биздин (арабдардын) кудайларыбыз жакшыбы же ал (Иса) жакшыбы?» дешет. Алар сага жаңжалдашуу үчүн гана мисал келтиришет. Алар жаңжалкеч элдер.
Ал (Иса) болгону Биз (пайгамбарчылыкты) жакшылык кылып берген кул(убуз). Биз аны Исраил урпактары үчүн (Өз кудуретибизден) мисал кылып (атасыз) жаратканбыз.
Эгер кааласак силердин ордуңарга, жер бетинде халифа-орун басар боло турган периштелерди жаратып коймокпуз.[1]
Жана ал (Иса) – Кыяматтын белгиси.[1] Силер андан (Кыяматтан) эч шек санабагыла. Жана Менин Өзүмө гана моюн сунгула! Туура жол – ушул!
Шайтан силерди (туура жолдон) тосуп койбосун! Ал силерге анык душман!
Жана Иса (өз элине) анык далил-аяттар менен келгенде, айткан «Мен силерге (Аллах таала тарабынан берилген) пайгамбарлык менен, силер талашып калган кээ бир нерселерди анык баяндап берүү үчүн келдим. Эми, Аллахтан коркуп, мага моюн сунгула!
Чынында, менин да, силердин да Раббиңер – Аллах! Анын Өзүнө гана ибадат кылгыла! Туура жол – ушул!
Анан (яхуди) жамааттар өз ара талашка түшүштү. Залым адамдарга азаптуу Күндүн азабынын балээси болсун!
Алар өздөрүнө Кыямат Күндүн, (эч нерсени) сезбей турган абалдарында, капысынан келип калуусунан башка нерсени күтүшкөн жок.
Ал күнү достор бири-бирине душман болуп калышат.[1] Такыба кишилер гана андай болбойт.
«Оо, Менин (такыба) пенделерим! Бүгүн силерге коркунуч жок! Силер (бүгүн) капа да болбойсуңар!»
Алар Биздин аяттарыбызга ыйман келтирип, мусулман болгон адамдар.
«(Оо, ыймандуу пенделер!) Силер жубайларыңар менен бирге сүйүнгөн абалда бейишке киргиле!»
Аларга алтын идиштер менен чөйчөктөр (тамак-шарабы менен) айлантып турулат. Ал жерде көңүл каалаган, көз кубанган бардык нерселер бар. Жана силер анда түбөлүк жашайсыңар.
Бул бейиш... Аны силер (дүйнөдө) жасаган (сооптуу) амалыңар үчүн Аллахтан мурас алдыңар.
Силер үчүн анда көп мөмө-жемиштер бар. Алардан (каалаганыңарча) жейсиңер.
(Ал эми) күнөөкөр адамдар тозок азабында түбөлүк калышат.
(Азап) алардан (эч) азайтылбайт жана алар анда (тозокто) үмүтсүз калуучулар.
Аларга Биз зулумдук кылбадык. Өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты.
Жана алар (тозоктун кызматчы периштесине): «Оо, Малик, (Раббиңе айтчы) бизге (өлүмдү) өкүм кылсынчы» дешет. (Анда) ал айтат: «Силер (ушул жерде ушул бойдон түбөлүк) туруучусуңар!
Чынында, Биз силерге Акыйкатты алып келдик, бирок, көпчүлүгүңөр аны жаман көрүп жатасыңар».
Же болбосо, (динге каршы) бир ишти эрежелештирет. Биз да (аларга каршы) эреже түзүп койгонбуз.
Же болбосо, Биз алардын сырлары менен шыбыраган добуштарын укпайбыз деп ойлошобу! Жок! Угабыз! Жана алардын алдында (бардык кыймыл-аракет, шыбыраган добушунан өйдө) жаза турган элчилерибиз (периштелер) бар.
Айт (оо, Мухаммад): «Эгер Аллахтын баласы (чындап) бар болгондо, эң оболу ага өзүм ибадат кылмакмын.
(Бирок) Асмандар менен жердин жана (улук) Арштын Раббиси силердин («баласы бар» деп) сыпаттооңордон Таза!»
(Эгер дааватыңа муюбаса) аларды жөн кой. Убада кылынган (Кыямат) күндөрүнө жолукканга чейин ойноп-күлүп, (күнөө иштерине) чумкуп жүрө беришсин!
Ал (Аллах) асманда да Кудай, жерде да Кудай. Жана Ал – Билүүчү, Даанышман!
Асмандардагы, жердеги жана экөөнүн арасындагы (бардык) нерселердин Ээси болгон Аллах Улук-Таберик! Кыяматтын илими Бир Өзүнүн алдында. Жана (бардыгыңар) Өзүнө гана кайтарыласыңар.
Алар (мушриктер) дуба кылып жаткан Аллахтан башка «кудайлардын» колунда шапаат-актоо жок! Билген абалда Акыйкатка күбө болгон[1] адамдар(га гана шапаат насип кылат).
Эгер сен алардан: «Силерди ким жараткан?» – деп сурасаң, «Аллах», дешет. Дагы кайда баратасыңар?!
Жана (Аллах пайгамбарынын): «Оо, Раббим! Чынында, тиги адамдар ыйман келтирбеген коом» – деген сөзүн да билет.
Демек, сен аларды кечир жана: «Силерге салам, (бирок) жакында билип аласыңар» – дегин.[1]