عربيEnglish

The Noble Qur'an Encyclopedia

Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languages

Crouching [Al-Jathiya] - Kyrgyz translation

Surah Crouching [Al-Jathiya] Ayah 37 Location Maccah Number 45

Хаа, Миим.[1]

(Бул) Китептин түшүүсү Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан.

Чынында, асмандарда жана жерде момун адамдар үчүн (Аллахтын Кудурет-Даанышмандыгына) белгилер бар.

Жана силердин жаратылууңарда, (Аллах жаратып, мейкиндиктерге) таратып жиберген жан-жаныбарларда анык ишенген адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар.

Жана түн менен күндүн алмашып турушунда, Аллах асмандан түшүрүп, аны менен өлүк жерди тирилткен жамгырда, жана шамалдардын жүргүзүлүшүндө акылын иштеткен элдер үчүн белгилер бар

Бул – Аллахтын аяттары. Биз сага аларды акыйкат менен айтып берүүдөбүз.[1] Аллахтан, Анын (акыйкат) аяттарынан кийин (булар) дагы кандай сөзгө ишенишет?!

Ар бир күнөөкөр-дооматчыга өлүм болсун!

Ал өзүнө окуп берилген аяттарды угуп, такыр эч нерсе укпагандай текеберлигин улантты. Сен ага жан ооруткан азапты «сүйүнчүлөп» кой.

Ал (текебер адам) биздин аяттарыбыздан бир нерсе билип, (угуп) калса, (аны) мазактайт. Андай адамдарга кордоочу азап бар!

(Аларга өлүмдүн) ар жагында тозок бар! Тапкан дүйнө-мансаптары жана Аллахтан башка тутунган дос-кудайлары аларга пайда бере албайт. Аларга улук азап бар!

Бул (Куран) – туура жол! Ал эми, Раббисинин аяттарына каапыр болгон адамдарга жан ооруткан азап арналган!

Аллах Өз каалоо буйругу менен (деңизде) кемелер жүрүшү үчүн жана (кемеге байланыштуу өнөр-кесиптер себептүү) Өзүнүн ырыскы-пазилетин издешиңер үчүн силерге деңизди моюн сундурду. Шүгүр кылсаңар ажеп эмес!

Жана Ал силер үчүн Өзүнүн пазилетинен асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди моюн сундурду. Мында пикир кылган адамдар үчүн (Аллахтын Кудуретине) белгилер бар!

(Оо, Мухаммад!) Ыйман келтирген адамдарга айт, Аллахтын (Акыреттеги) күндөрүн(өн эч нерсени) үмүт кылбагандарды кечиришсин. (Аллах Таала ал) коомду өз иштерине жараша (Акыретте) жазалашы үчүн.

Ким жакшы иш жасаса, өзүнө пайда. Ким күнөө иш жасаса, өзүнө зыян. Кийин (баарыңар) Раббиңерге кайтарыласыңар.

Биз аныгында Исраил урпактарына (Тоорат) китепти, өкүмдү жана пайгамбарлыкты берип, таза-адал нерселерден ырыс-насип жегизип (бардык) ааламдардан (адамдардан) абзел кылган элек.[1]

Жана аларга анык иш (Дин-Шарият) бердик. Алар өздөрүнө келген илимден кийин гана (Дин ишинде) талашып калышты, өз-ара көралбастыктан улам. Албетте, Раббиң Кыямат күнү алардын арасында талашкан нерселерине өкүм (ажырым) чыгарат.

Кийин Биз сени Динден болгон жолдун – Шарияттын үстүндө (жүрүүчү) кылдык. Эми ошону гана ээрчигин. Билбеген адамдардын каалоолорун ээрчибегин.

(Эгер аларды ээрчисең) Аллахтын эч бир азабын сенден кайтара алышпайт. Чынында, залымдар бири – бирине дос болушат. Аллах болсо такыба кишилердин досу.

Бул (Куран) адамдар үчүн акылчырак, туура жол жана анык ишенген элдер үчүн ырайым!

Же болбосо, күнөө иш кылган адамдар, Биз аларды ыйман келтирип, салих амал кылган адамдар сыяктуу (абзел кылышыбызды жана) өздөрүнүн жашоолору менен өлүмдөрү да (алардыкы менен) бир (даражада) болушун ойлоштубу? Кандай жаман өкүм чыгарышат!

Аллах асмандар менен жерди Акыйкат менен жана эч бир жан(га) зулумдук кылынбаган абалда, өз ишине жараша жаза (же сыйлык) алышы үчүн жаратты.

Сен өз (напсинин) каалосун кудай кылып алган жана (натыйжада) Аллах аны (хидаятка ылайык эмес экенин) билип, адаштырып койгон, кулагына, жүрөгүнө мөөр баскан жана көзүнө парда тосуп койгон адамды көрдүң беле? Аллахтан башка ким аны Туура Жолго баштай алмак?! Эсиңерге келбейсиңерби эми!

(Каапырлар) айтышат: «Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Өлөбүз, жашайбыз. Бизди заман(дын өтүшү) гана өлтүрөт (Аллах өлтүрбөйт)». Бул жөнүндө аларда илим жок. Алар болгону күмөнгө таянышат.

Качан аларга биздин анык-далилдүү аяттарыбыз окуп берилсе «Эгер (кайра тирилүү бар» деген) сөзүңөрдө чынчыл болсоңор, бизге (өлүп кеткен) ата-бабаларыбызды (тирилтип) алып келгилечи?!» деген сөздөн башка «далилдери» болбойт.

Айткын: «Силерге Аллах өмүр берет, кийин Өзү өлтүрөт. Андан соң күмөнсүз Кыямат күн үчүн баарыңарды чогултат. Бирок, (муну) көп адамдар билбейт.

Асмандар жана жердин мүлкү Аллахка таандык. Ал эми Кыямат болгон күндө жалганчылар зыян тартып калышат.

Жана сен (ал күнү) ар үммөттү чөгөлөгөн абалда көрөсүң. Ар бир үммөт өз китебине чакырылат. Ал күнү баарыңар кылмышыңарга жараша үлүш (жаза же сыйлык) аласыңар.

Бул Китебибиз силерге акыйкатты (гана) сүйлөйт. Биз силер жасаган иштерди (периштелерге) жаздыртып койгонбуз.

А бирок, каапыр болгон адамдар(га айтылат): «Силерге Менин аяттарым окуп берилбедиби?! Анан силер текеберленип, күнөөкөр коом болдуңар!

Силерге: «Аллахтын убадасы – акыйкат! Кыяматтын болушунда шек жок!» – деп, айтылганда, «Кыямат эмне экенин билбейм. («Болбой калышы да мүмкүн» деп) ойлоймун. Анык билбейбиз» - дегенсиңер.

Алардын жасаган (күнөө) иштери анык билинди жана алардын башына өздөрү (дүйнөдө) мазактаган нерсе (тозок азабы) түштү.

Анан аларга айтылды: «(Дүйнө жашоосунда) ушул күнүңөрдү «унутуп койгонуңар» сыяктуу, бүгүн Биз дагы силерди «унутуп койобуз». Силердин жайыңар – тозок! Силерге эч кандай жардамчылар болбойт!

Мунун себеби, силер Аллахтын аяттарын мазактагансыңар жана силерди дүйнө жашоосу азгырып койгон. Эми бүгүн андан чыгарылбайсыңар. Жана артыңарга (дүйнөгө) да кайтарылбайсыңар!».[1]

Аллахка – асмандардын Раббисине, жердин Раббисине жана бүт ааламдардын Раббисине мактоолор болсун!

Асмандарда жана жерде (бүт) улуулук Аныкы! Ал –Кудуреттүү, Даанышман!