عربيEnglish

The Noble Qur'an Encyclopedia

Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languages

The Table Spread [Al-Maeda] - Kyrgyz translation - Ayah 3

Surah The Table Spread [Al-Maeda] Ayah 120 Location Madanah Number 5

حُرِّمَتۡ عَلَيۡكُمُ ٱلۡمَيۡتَةُ وَٱلدَّمُ وَلَحۡمُ ٱلۡخِنزِيرِ وَمَآ أُهِلَّ لِغَيۡرِ ٱللَّهِ بِهِۦ وَٱلۡمُنۡخَنِقَةُ وَٱلۡمَوۡقُوذَةُ وَٱلۡمُتَرَدِّيَةُ وَٱلنَّطِيحَةُ وَمَآ أَكَلَ ٱلسَّبُعُ إِلَّا مَا ذَكَّيۡتُمۡ وَمَا ذُبِحَ عَلَى ٱلنُّصُبِ وَأَن تَسۡتَقۡسِمُواْ بِٱلۡأَزۡلَٰمِۚ ذَٰلِكُمۡ فِسۡقٌۗ ٱلۡيَوۡمَ يَئِسَ ٱلَّذِينَ كَفَرُواْ مِن دِينِكُمۡ فَلَا تَخۡشَوۡهُمۡ وَٱخۡشَوۡنِۚ ٱلۡيَوۡمَ أَكۡمَلۡتُ لَكُمۡ دِينَكُمۡ وَأَتۡمَمۡتُ عَلَيۡكُمۡ نِعۡمَتِي وَرَضِيتُ لَكُمُ ٱلۡإِسۡلَٰمَ دِينٗاۚ فَمَنِ ٱضۡطُرَّ فِي مَخۡمَصَةٍ غَيۡرَ مُتَجَانِفٖ لِّإِثۡمٖ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٞ رَّحِيمٞ [٣]

Силерге өлүмтүк (тарп), (мууздаганда бүркүп чыккан) кан, доңуздун (чочконун) эти, Аллахтан башканын атын атап союлган жандыктын эти, муунуп өлгөн, урунуп (соккудан) өлгөн, бийиктиктен кулап өлгөн, сүзүшүп өлгөн жана жырткычтар тиштеп-тытып[1] өлтүргөн айбандардын эттери арам кылынды. Ал эми мууздап алганыңар арам эмес.[2] Дагы буттарга (мазарларга) арнап союлган жандыктын эти жана «азлам»[3] менен төлгө салууңар арам кылынды. Бул ишиңер (Аллах арам кылганды жасооңор) – бузукулук. Мына бүгүн (Мекке силердин колуңарга өткөндөн кийин) силерди диниңерден (кайтаруудан) каапырлардын үмүтү үзүлдү. Эми алардан коркпогула. Менден гана корккула! Мына бүгүн Мен силерге диниңерди толук кылып, жакшылыктарымды бирин калтырбай берип, силерге Исламдын гана дин болушун кааладым. Ал эми, ким ачарчылык азабына чыдабай (жанагы арам тамактардан) өзөк жалгаар даражада жегенге мажбур болсо, Аллах Кечиримдүү, Ыйрамдуу.