The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesThe Table Spread [Al-Maeda] - Kyrgyz translation - Ayah 48
Surah The Table Spread [Al-Maeda] Ayah 120 Location Madanah Number 5
وَأَنزَلۡنَآ إِلَيۡكَ ٱلۡكِتَٰبَ بِٱلۡحَقِّ مُصَدِّقٗا لِّمَا بَيۡنَ يَدَيۡهِ مِنَ ٱلۡكِتَٰبِ وَمُهَيۡمِنًا عَلَيۡهِۖ فَٱحۡكُم بَيۡنَهُم بِمَآ أَنزَلَ ٱللَّهُۖ وَلَا تَتَّبِعۡ أَهۡوَآءَهُمۡ عَمَّا جَآءَكَ مِنَ ٱلۡحَقِّۚ لِكُلّٖ جَعَلۡنَا مِنكُمۡ شِرۡعَةٗ وَمِنۡهَاجٗاۚ وَلَوۡ شَآءَ ٱللَّهُ لَجَعَلَكُمۡ أُمَّةٗ وَٰحِدَةٗ وَلَٰكِن لِّيَبۡلُوَكُمۡ فِي مَآ ءَاتَىٰكُمۡۖ فَٱسۡتَبِقُواْ ٱلۡخَيۡرَٰتِۚ إِلَى ٱللَّهِ مَرۡجِعُكُمۡ جَمِيعٗا فَيُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمۡ فِيهِ تَخۡتَلِفُونَ [٤٨]
«(О, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н баардык артыкчылыктарын) ичине камтыган китепти Акыйкаттык менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллах түшүргөн Китеп менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (О, адамдар!) Биз силердин баарыңар үчүн өз алдынча шарият жана жол-жөрөлгөлөрдү кылдык.[1] Эгер Аллах кааласа, баарыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парздарда) силерди сыноо үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен атаандашып жасагыла. Баарыңардын кайтууңар – Аллахка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (ишиңерде) эмнеден өзгөчөлөнгөнүңөрдүн кабарын билдирет».