The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesThe Iron [Al-Hadid] - Kyrgyz translation
Surah The Iron [Al-Hadid] Ayah 29 Location Madanah Number 57
Аллахка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.
Асмандар менен жердин мүлкү Ага таандык. Ал тирилтет жана өлтүрөт. Ал – ар кандай нерсеге Кудуреттүү.
Ал эң абалкы жана эң акыркы, эң жогорку жана эң терең. (Ошондуктан) Ал бардык нерсени Билүүчү.
Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду. Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшүп жаткан жана ага көтөрүлүп жаткан бардык нерселерди билет. Силер кайда болбогула, Ал силер менен бирге.[1] Аллах силердин (бардык) амалыңарды Көрүүчү.
Асмандар менен жер мүлкү Ага таандык. Бардык иштер Аллахка кайтат.[1]
Жана Ал түндү күндүздүн ичине, күндүздү түндүн ичине киргизет.[1] Ал көөдөндөрдөгү сырларды Билүүчү.
(Оо, адамдар!) Аллахка жана пайгамбарына ыйман келтиргиле жана Аллах халифа-орунбасар кылган нерселерден[1] (Аллахтын Жолуна) садака кылгыла. Силерден ким ыйман келтирсе жана садака кылса, аларга чоң сыйлыктар бар.
Силерге не болгон, пайгамбар Раббиңерге ыйман келтирүүгө чакырып турса да, Аллахка ыйман келтирбей жатасыңар?! Эгер ыймандуу болсоңор, ал убадаңарды алган эле го?!
Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн пендесине (Мухаммадга) анык аяттарды түшүрдү. Аллах силерге өтө Ырайымдуу, Мээримдүү.
Силерге не болду, Аллах жолунда садака кылбайсыңар?! Акыры, асмандар жана жер мурасы Аллахка таандык го! Силердин эч кимиңер «Фатхтан»[1] мурун садака кылгандарга жана согушкандарга теңеле албайт. Алардын даражасы (фатхтан) кийин садака кылып, согушкандардан алда канча жогору. Ошентсе да, Аллах бардыгына сооп-сыйлык (бейиш) убада кылган. Аллах ишиңерден Кабардар.
Ким Аллахка (өзүнүн адал мүлкүнөн) жакшынакай карыз берсе,[1] ага ашыкчасы менен кайтарат жана ага улук сооп (бейиш) бар.
Сен ал (Кыямат) күнү, ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдардын алдыларынан жана оң капталдарынан (ыйман) нурлары жарытып баратканын көрөсүң. (Ошондо аларга «Эй, момундар!) Силерге бул күндөгү куш кабар: астынан дарыялар аккан бейиштер! Анда түбөлүк каласыңар! Бул – улук жеңиш!» (деп айтылат).
Ал күндө мунафык эркектер менен мунафык аялдар ыймандуу пенделерге «токтой тургулачы, нуруңардан бир аз алалы?!» - дешет. «Жоголгула артыңарга – деп айтылат аларга – башка нур издегиле, (эгер таба алсаңар!»). Анан алардын ортолоруна эшиги бар тосмо коюлат. Ал эшиктин ичи (ыймандуулар тарабы) ырайым-бейиш, сырты: (мунфыктар) тарабы болсо, азап-тозок.
(Мунафыктар) айтышат: «(Дүйнөдө) силер менен бирге эмес белек?! «Ооба. (Сыртыңардан гана биз менен бирге (мусулман) болгонсуңар). Бирок, (мунафыктык менен) өзүңөрдү азгырып, (Исламга зыян келишин) күтүп, шектенгенсиңер жана силерди, Аллахтын буйругу (өлүм) келгенге чейин жалганчы кыялдар алдаган. Шайтан дагы силерге Аллах жөнүндө жалган сүйлөгөн» дешет (ыймандуулар).
Эми ал (силер азапка салынчу) күнү силерден да, каапырлардан да фидья[1] (кабыл) алынбайт. Жайыңар тозок! Ошол гана силерге ылайык! Кандай жаман орун!
Ыймандуу адамдар үчүн, мурдагы китеп элдери сыяктуу болбой, жүрөктөрү Аллахтын зикири менен (Андан) түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен! Аларга (китеп элдерине каапырчылык) доору узун болуп, жүрөктөрү катып калган эле. Алардын көпчүлүгү бузукулар.
Билип алгыла, чынында Аллах өлүк жерди (жамгыр менен) тирилтти. Акылыңарга келээрсиңер деп (кудуретибизге) далилдерди (ушинтип) баян кылдык.
Албетте, садака кылган эркектер менен садака кылган аялдарга жана Аллахга жакшына карыз бергендерге (Аллах) ашыгы менен кайтарат. Жана аларга улуу сыйлык (бейиш) бар.
Аллахка жана пайгамбарына ыйман келтиргендер, ошолор гана сыддыктар![1] Шейиттерге болсо, Раббисинин алдында (өзгөчө) сооптору жана нурлары бар! Ал эми, капыр болуп, Биздин аяттарыбызды «жалган» дегендер – алар тозок ээлери!
Билип алгыла: Дүйнө жашоосу оюн-тамаша, зыйнат-жасалга, өз араңарда менменсинүү, мал-мүлк жана бала-чаканы көбөйтүүдөн гана турат. Анын мисалы жамгыр сыяктуу: ал өстүргөн нерселер дыйканды сүйүнтөт. Кийин (убактылуу) кулпурат. Андан кийин сен анын саргарганын көрөсүң. Андан кийин кургак чөпкө айланат. Акыретте (убактылуу дүйнөгө азгырылгандарга) катуу азап жана (ыймандууларга) Аллахтан кечирим жана ыразылык бар. (Ошентип) Дүйнө жашоосу азгырык матаадан[1] башка эмес.
(Эй, момундар!) Раббиңердин кечиримине жана кеңдиги асман менен жердей болгон бейишке шашылгыла! Ал Аллахка жана Анын пайгамбарларына ыйман келтиргендер үчүн даярдалган. Бул – Аллахтын пазилети. Аны каалаган пенделерине берет. Аллах улук пазилет Ээси.
Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (Лавхул-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил.
(Мал-дүйнө, ден-соолук ж.б.у.с.) нерселер силерден кеткени себептүү капаланбашыңар үчүн жана силерге келген нерсеге сүйүнүп-көөп кетпешиңер үчүн (Аллах бардыгын мурдатан Лавхул-Махфузга жазып койгон). Аллах ар бир текебер-мактанчаакты сүйбөйт.
Ошолор (садакадан) сараңдык кылышат жана адамдарды дагы сараңдыкка буюрушат. Ким (садакадан) жүз үйрүсө, (билип алгыла) Аллах – Беймуктаж, Макталган.
Биз пайгамбарларыбызды анык далилдер менен жиберип, алар менен Китепти жана адилетти түшүрдүк, адамдар теңдик менен (жашап) туруулары үчүн. Дагы Биз (аларга асмандан) темирди түшүрдүк – анда күч-кубат жана адамдар үчүн (көп) пайдалар бар – Аллах (ошол темир-курал менен) Өзүнө жана пайгамбарларына (алар) жокто[1] жардам берген адамдарды билиши үчүн. Аллах Кудуреттүү, Жеңилгис.
Биз Нухту жана Ибрахимди пайгамбар кылып жибердик жана алардын урпактарынын арасында(гы тандалган адамдарга ар кайсы мезгилдерде) пайгамбарлык менен (ыйык) китепти бердик. Анан ал урпактардын арасынан кээ бирөөлөр туура жол табышты. Бирок, көпчүлүгү бузукулар эле.
Кийин алардын изинен (башка) пайгамбарларыбызды жибердик. Марямдын уулу Исаны да алардын артынан жиберип, ага Инжилди бердик жана ага ээрчиген адамдардын жүрөгүнө ырайым-мээрим салдык. Ал эми, кечилдикти болсо, Биз парыз кылбасак деле, Аллахты ыраазы кылабыз деп өздөрү ойлоп табышты. Бирок, аны чындап аткара алышпады. Биз алардын арасынан (Аллахка жана Мухаммадга) ыйман келтиргендерге соопторун беребиз. Алардан көпчүлүгү бузукулар.[1]
Оо, (Мусага жана Исага) ишенгендер! Аллахтан корккула жана Анын пайгамбарына (Мухаммадга) да ыйман келтиргиле! Ошондо силерге Өз ырайымынан эки эсе берет,[1] аны менен (Кыямат караңгылыгында) жүрө турган нур тартуулайт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу.
(Мухаммадга ыйман келтирбеген) китеп элдери билип алышсын: алар Аллахтын пазилетинен эч нерсеге ээ эмес. Пазилет Аллахтын гана Колунда, аны каалаган пендесине берет.[1] Аллах улук пазилет Ээси!