عربيEnglish

The Noble Qur'an Encyclopedia

Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languages

The cattle [Al-Anaam] - Kyrgyz translation

Surah The cattle [Al-Anaam] Ayah 165 Location Maccah Number 6

Асмандарды жана жерди жаратып, нур менен караңгылыктарды бар кылган Аллахка мактоолор![1] Кийин, Раббисине каапыр болгон адамдар Ага башкаларды тең (шерик) кылып жатышат!

Ал (оболу) силерди ылайдан жаратты. Кийин (ушул дүйнөдө жашооңор үчүн, “өмүр” деген) мөөнөттү белгиледи. Анын алдында (дагы бир) белгиленген мөөнөт (Акырет жашоосу) бар. Ушундан кийин (о, каапырлар) силер дагы эле (Кыяматтан) шектенип жатасыңар.

Ал, Асмандарда да, Жерде да (жалгыз) Аллах. Ал силердин (бардык) жашыруун жана ашкере ишиңерди билет. Дегеле, бардык жасаган ишиңерди билип турат.

Аларга (каапырларга) Раббисинин (чындыкты анык көргөзгөн) аяттарынын бири келээр замат (аны угуп, ой жүгүртүп көрүүнүн ордуна) дароо андан жүз буруп кетишти.

Алар өздөрүнө келген кезде акыйкатты[1] жалганга чыгарышты (жана шылдыңдашты). Эми жакында аларга шылдыңдаган нерселеринин кабары келет.

Алар көрүшпөйбү: Биз алардан мурда нечендеген (каапыр) муундарды жок кылганбыз. (О, каапырлар!) Биз силерге бербеген жердеги орундарды аларга берген элек, (үстүнөн) жамгырды берекелүү жаадырып, астынан дарыяларды агызып койгон элек. Анан Биз аларды күнөөлөрү үчүн (апаат-кырсыктар менен) кыйратып, артынан башка муунду алып келдик.

(О, Мухаммад!) Эгер Биз сага кагазга жазылган китепти (бүтүн бойдон) түшүрсөк жана аны өз колдору менен кармап көрүшсө да, каапыр болгон адамдар: “Бул - анык сыйкыр” – деп айтышмак.

Алар: “Ага (Мухаммадга жардам берүүчү) бир периште түшсө болбойт беле?” - дешет. Эгер биз периште түшүрчү болсок (жана алар аны өз көздөрү менен көргөндөн кийин деле ишенишпесе) анда, ошол замат иш бүтмөк. Аларга мөөнөт берилмек эмес.[1]

Эгер Биз аны (пайгамбарды) периште кылсак деле, эркек (кейпинде) кылмакпыз жана аларга өздөрү тумандаткан нерсени (андан бетер) тумандатмакпыз.[1]

(О, Мухаммад! Алардын шылдыңына чөкпөгүн). Сенден мурунку пайгамбарларды деле шылдыңдашкан. Кийин алардын башына шылдыңдаган нерселери балээ болуп түшкөн.

Айт (О, Мухаммад: “Эгер ишенбесеңер) жер бетин кезип, (пайгамбарларды) “жалганчы” – деген адамдардын акыбети (тагдыры) эмне менен бүткөнүн көрүп койгула!”

Айт: “Асмандардагы жана жердеги нерселер кимдики?” Айткын: “Аллахка таандык!” Аллах Өзүнө Мээримдүүлүк - ырайымды жазып койгон. Аллах силерди шек-күмөнү жок Кыямат Күнүнө чогултат. (Оңолбой) өздөрүнө зыян кылгандар... Алар ыйман келтиришпейт.

Күндүзү жана түнү жашагандардын баары Аллахтын мүлкү. Ал (бардык добушту) Угуучу, (бардык кылмышты) Билүүчү.

Айткын: “Аллахтан башканы жардамчы кылмак белем?! Ал асмандар жана Жердин Жаратуучусу. Ал Өзү тамакка муктаж болбой, (бардык жан-жаныбарды) тамактандырат”. Айткын: “Мен (Аллахтын жалгыз Өзүнө) моюн сунгандардын эң алдыңкысы болууга буюрулдум” (Жана мага) “Эч качан мушриктерден болбогун!” (деп айтылды).

Айткын: “Эгер мен (ширк келтирүү менен) Раббиме күнөөкөр болсом, Улук Күндүн азабынан коркомун”.

Ошол Күндө кимден азап четтетилген болсо, демек ага Аллах ырайым кылыптыр жана бул – анык жеңиш!

Эгерде Аллах сени (кембагалдык, оору, кайгы ж.б.у.с.) зыян менен кармаса, аны Өзүнөн башка эч ким арылта албайт. Ал эми, эгер бир жакшылык менен кармаса. Ал ар бир нерсеге Кудуреттүү.

Ал пенделердин үстүнөн өкүмүн жүргүзүүчү жана ал - Даанышман, (бардыгынан) Кабардар!

Айткын: “(Менин чынчылдыгыма) эң чоң күбө кайсы?” Айт: “Аллах! Ал мени менен силердин араңарда Күбө жана мага бул Куран аян-кабар түрүндө берилди, силерди жана ал (Куран) жеткен баардык адамдарды эскертүүм үчүн». (О, аян-кабардан жүз бургандар!) Силер: “Аллах менен бирге башка кудайлар бар” - деп күбөлүк бересиңерби?!” Айткын: “Мен (андай) күбөлүк бербеймин!” Айткын: “Албетте Ал - жалгыз (сыйынууга татыктуу) Кудай! А, мен болсо, силердин ширк амалыңардан тазамын!”[1]

Биз китеп берген адамдар (өздөрүнүн ыйык китептеринде алдын ала кабар берилгени себептүү) аны (Мухаммадды) өздөрүнүн балдарын тааныгандай таанышат. Алар өздөрүнө зыян кылышты. Эми алар ыйманга келишпейт.

Эч ким (“Аллахтын баласы же шериги бар” деп) Аллахка жалаа жапкан, Анын аяттарын жалганга чыгарган адамдан өткөн залым эмес! Албетте, (андай) залымдар (тозоктон) кутулбайт.

Биз ошол (Кыямат) Күндө алардын баарын чогултуп, мушриктерге: “(Аллахтын шериктери) деп эсептеген кудайыңар кана?” - дейбиз.

Кийин алардын кыянат жооптору: “О, Раббибиз! Аллахка ант, биз мушрик эмес болчубуз” - деген сөздөр гана болот.

Карачы, өздөрүнө кандай жалгандарды ойлоп тапканын жана (ойлорунан) чыгарган «кудайларынын» алардан жок болуп калганын.[1]

Алардан (мушриктерден) кээ бирөөлөрү (Куран окуганыңда) сени (карөзгөйлүк менен) угушат. Бирок, Биз алардын жүрөктөрүн - Куранды түшүнбөсүн үчүн - көшөгөлөп, кулактарын дүлөй кылып койдук. Эгер алар бардык моожизаларды көрсө да ишенишпейт. Жадагалса, сенин алдыңа талашып-тартышып келишкен кезде, каапырлар: “Бул (Куран) абалкылардын жомоктору” - дешет.

Алар андан (башкаларды да) кайтарышат, өздөрү да алысташат. Бирок, (бул кылыгы менен) өздөрүн гана кыйроого түрткөндөрүн билбей калышат.

(О, Мухаммад!) Аларды тозоктун үстүнө (тике) тургузуп койгондо: “Аттиң, (дүйнөгө) дагы бир жолу кайтарылсак, Раббибиздин аяттарын жалган дебей, момундардан болуп жашасак кана?!”- дегендерин көргөнүңдө...

Андай эмес! Аларга мурда ичине каткан нерселери айкын болуп калган(дан улам ушинтип жатышат). Эгер (дүйнөгө) кайтарылса деле, тайманбастан (шариятта) тыйылган (арам) иштерди кылышмак. Анткени, алар - анык жалганчылар.

Алар: “Ушул дүйнөдөгү жашообуздан башка жашоо жок. Биз кайрадан тирилбейбиз” - дешти.

Алар Раббисинин алдына тургузулуп (Аллах): “Бул (кайра тирилүү) чындык эмес бекен?!”- деп сураганда, алардын: “Ооба, оо, Рабби! Чындык экен” - дегендерин жана (Аллах аларга): “Каапыр болгонуңар себептүү, эми азаптын даамын таткыла!” - дегенин сен бир көрсөң эле...

Аллахка жолугууну “жалган” деген адамдар зыян тартышты! (Анткени,) Качан аларга (Кыямат) капысынан келип калганда, күнөөлөрүн жонуна көтөргөн абалдарында: “О-о-х! Дүйнө жашоосун (пайдасыз) өткөрүп жибергенибиз үчүн бизге кайгы! деп калышты. Алардын көтөргөн күнөөлөрү кандай жаман!

Дүйнө жашоосу (тез өтүп кетүүчү) оюн-тамаша гана.Такыба кишилер үчүн Акырет жашоосу жакшы. Акылыңарды иштетпейсиңерби?!

(О, Мухаммад!) Алардын сөздөрү сени капа кылганын көрүп турабыз. Алар сени гана “жалганчы” дешкен жок. Бирок залымдар Аллахтын аяттарын дагы четке кагып жатышат.[1]

Сенден мурунку пайгамбарларга деле “жалганчы” деген жалаа жабылган жана алар бул жалаа-залымдыктарга Биздин жардамыбыз келгенге чейин сабыр кылышкан. Аллахтын (Курандагы) сөздөрүн эч ким башкасына алмаштыра албайт. Сага мурдагы пайгамбарлардын кабары келди го.

Эгер алардын (акыйкаттан) бурулуп кетүүсү сага оор болсо, (аларды ээрчитип алууга кызыксаң) колуңан келсе, жерге (түшчү) жарака, асманга (чыкчу) шаты издеп, аларга (ишендире турган) бир моожиза таап бер! Эгер Аллах кааласа, Өзү аларды туура жолго чогултуп алмак! Сен илими тайкылардан болбогун!

(О, Мухаммад, чакырыгыңа) уга турган адамдар гана жооп беришет. Ал эми, (жүрөгү) өлүктөр болсо, (бул дүйнөдө динди кабыл албайт) Аллах аларды кайра тирилтет. Анан Өзүнө кайтарылышат.

Жана (мушриктер): “Ага (Мухаммадга) Раббисинен бир далил-моожиза түшсө экен” - дешет. Айткын: “Аллах (силер тилегендей) далилди түшүрүүгө да Кудуреттүү”. Бирок, алардын көпчүлүгү (акыйкатты) билишпейт.[1]

Жерде жүргөн - сойлогондун жана эки канаты менен асманда учкандын баары силер сыяктуу эле үммөт. Биз Китепте[1] (тагдырын жазбастан) эч нерсени калтырып койгон эмеспиз. Кийин (адамдардын бардыгы) Раббисине чогултулат.

Биздин аяттарыбызды жалган дегендер (наадандык) караңгылыгында калган сокурлар жана дүлөйлөр. (Алар акыйкатты көрө да, уга да алышпайт) Аллах Өзү каалаган пендесин адаштырат жана каалаган пендесин туура жолго салат.

(Мушриктерге) айткын: “Эгер чынчыл болсоңор айткылачы, силерге Аллахтын азабы же Кыямат келип калса, Аллахтан башкага (жардам сурап) дуба кыласыңарбы?!”

Жок! Ага гана дуба кыласыңар! Ал эгер кааласа силер дуба кылып сураган нерседен (азаптан) арылтат. Ал эми, Аллахка шерик кылган “кудайыңарды” (башыңарга азап түшкөндө) унутуп койосуңар.

Биз (о, Мухаммад!) сенден мурунку элдерге да пайгамбарларды жибергенбиз. (Бирок, пайгамбарларды «жалганчы» дешкенден) кийин аларды тообо кылып, баш ийүүлөрү үчүн балээ - зыяндар менен кармадык.

Аларга биздин балээ - зыяныбыз келгенде тообо кылышса болмок! Бирок, жүрөктөрү таш болуп калган жана шайтан аларга (күнөө иштерин) кооздоп көргөзгөн!

Анан, өздөрүнө эскертилген нерселерди (балээ-зыяндарды) унутуп (шайтанга жетеленип) калышканда, Биз аларга бардык нерселердин эшигин ачык койдук.[1] Өздөрүнө берилген нерселер менен сүйүнүп турганда, капыстан, (күтпөгөн балээ менен) кармап койдук эле, дароо үмүтсүз абалда калышты.

Мына ушинтип, залым адамдардын “куйругу кесилди” (тукум курут кылынды). Ааламдардын Раббиси - Аллахка мактоолор болсун!

Айт (о, Мухаммад): “Кандай дейсиңер, эгер Аллах силердин көзүңөрдү, кулагыңарды алып жана жүрөгүңөргө мөөр басып койсо, аларды Аллахтан башка кайсы “кудай” кайтарып бере алат?!” Биз далилдерди кандай тизмектеп келтиргенибизди жана (ушуга да көзү ачылбай) кийин бурулуп кетишкенин көрүп ал.

Айткын: “(Оо, мушриктер), айткылачы, эгер силерге Аллахтын азабы капыстан же ачык эле келсе, залым (мушрик) адамдардан башка ким кыйратылат?!”

Биз пайгамбарларды (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү жана (тозоктон) эскертүүчү кылып жиберебиз. Эми, ким ыйман келтирип, жакшы иштерди жасаса, аларга коркунуч да, кайгы-капа да жок.

Ал эми, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдар, жасаган бузук иштери үчүн азапка салынат!

Айткын: “Мен силерге “Менин алдымда Аллахтын казыналары бар” дебеймин.[1] Дагы мен кайыпты да билбеймин, жана мен силерге “Мен - периштемин” деп да айтпаймын. Мен өзүмө аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчиймин”. Айткын: “Сокур менен көздүү киши тең боло алабы? Пикир кылбайсыңарбы?!”

Сен Раббисине чогулуудан корко турган адамдарды аны (Куран) менен эскерткин. Аларга Андан башка дос-башчы да, шапаатчы да жок. Такыба болушса кана!

Эртели-кеч Раббисине, Анын Жүзүн (ыраазылыгын) каалап дуба кылган кишилерди (алдыңдан) кетирбегин! Алардын эсебинен сага эч нерсе жок. Сенин эсебиңден аларга эч нерсе жок. Аларды кетирип, залым адамдардан болбогун![1]

“Биздин арабыздагы Аллах жакшылык бергендер - ушуларбы?!” деп, (текеберленип) сурагандары үчүн Биз аларды (бай-кедей кылып) бири-бири менен сынадык. Шүгүр кылгандарды Аллах көбүрөөк Билүүчү эмеспи?!

Эгер сага, Биздин аяттарыбызга ыйман келтирген адамдар келсе, аларга: “Силерге салам! Раббиңер Өзүнө ырайымдуулукту жазды. Араңардан кимде-ким билбестен күнөө иш жасап, кийин тообо кылып, жакшы иштерди жасаса, албетте, Ал (Аллах) Кечиримдүү, Ырайымдуу” - деп айткын.

Биз, кылмышкер адамдардын жолу айкын болуусу (жана силер ал жолдон сак болууңар) үчүн Өзүбүздүн аяттарды мына ушинтип толук баяндайбыз.

Айткын: “Мен, Аллахтан башка силер жалбарып, дуба кыла турган нерселерге (буттарга) ибадат кылуудан кайтарылдым”, Айткын: “Мен силердин каалооңорду ээрчибеймин. Анда мен адашып, туура жолду тапкандардан болбой калам”.

Айткын: “(О, мушриктер), мен Раббим тарабынан берилген анык далилдердин үстүндөмүн. Силер болсо, аны “жалган” деп жатасыңар. Силер шаштырып жаткан нерсе (азап) менин алдымда эмес. Өкүм Аллахтын Өзүнө гана тиешелүү. Ал акыйкатты сүйлөйт. Ал эң жакшы ажырым кылуучу.

Айткын: “Эгер силер шаштырган нерсе (азап) менде болгондо, мени менен силердин араңардагы “иш” эчак эле бүтмөк. Аллах залым адамдарды Билүүчү.

Кайыптын ачкычтары (илими) Анын гана алдында. Аны бир Өзүнөн башка эч ким билбейт. Ал (Аллах) кургактагы, деңиздеги бардык нерселерди билет. Жадагалса, бир жалбырак үзүлүп түшчү болсо – аны да билет. Кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун, (бардыгынын кабары) Анык Китепте (Лавхул Махфузда) бар.

Ал түндөсү силерди (уктатуу менен) жаныңарды алат. Күн бою эмне кылып жүргөнүңөрдү да билет. Кийин белгиленген мөөнөт (өмүр) толук болуусу үчүн Ал силерди күндүзү кайра тирилтет . Кийин (өмүр толук бүткөндө) кайтып барууңар - Өзүнө. Андан соң (Кыяматта) Ал силерге эмне кылып жүргөнүңөрдүн кабарын берет.

Ал пенделеринин үстүнөн Өкүмдар.[1] Жана Ал силерге Өзүнүн “хафаза”[2] периштелерин жиберет. Качан силердин бирөөңөргө өлүм (убактысы) келгенде, Биздин (жан алгыч периштелерден турган) элчилерибиз өз убактысынан кечиктирбей анын жанын алышат.

Кийин алар (өлгөн пенделер) чыныгы кожоюндары – Аллахка кайтарылышат. Уккула! Өкүм Өзүнө гана таандык! Ал өтө тез эсептешүүчү.

(Мушриктерге): “Кургактагы жана деңиздеги апааттарда жалбарып жана ичиңерден: “Эгер ушунан куткарса, сөзсүз шүгүр (ибадат) кылуучулардан боломун” - деп кимге дуба кыласыңар жана силерди (ошол балээден) ким куткарат?” - деп айткын.

Айткын: “Силерди ал апааттардан жана башка бардык кайгылардан Аллах гана куткарат. Кийин силер дагы эле (Ага башка “кудайларды”) шерик кыла бересиңер”.[1]

Айткын: “Ал силерге үстүңөрдөн, бутуңардын астынан азап жиберүүгө же болбосо, силерди ар түрдүү топторго аралаштырып жана бириңердин азабыңарды бириңерге таттырууга кудуреттүү!”[1] (Оо, Мухаммад, адамдар акыйкатты) түшүнүп алышсын деп, далилдерди ар кандай ыкмада тизмектеп жатканыбызды көрүп кой.

Сенин (Меккедеги) коомуң аны (Куранды) “жалган” - деди. Чынында, ал - акыйкат. Аларга: “Мен силерге кароолчу эмесмин - деп айт.[1]

Ар бир кабардын өз убактысы бар. Тез арада анын чындык экенин билип аласыңар.

Эгер сен Биздин аяттарыбыз жөнүндө чындыкка каршы сүйлөгөн адамдарды көрсөң, качан алар башка сөзгө чумкуп кирмейинче, алардан алыс бол. Эгер шайтан унуттурган болсо, (эсиңен чыгып алар менен отурган болсоң) эстегениңден кийин залым коомдор менен отурба!

Такыба (Аллахтан корккон) кишилердин мойнунда алардын (мушриктердин) эсебинен эч нерсе жок. Бирок, акыл-насаат айтуу гана бар. Мүмкүн алар дагы такыба болуп калышаар.

Диндерин оюн-тамашага айлантып, дүйнө жашоосуна алданып калган адамдардан оолак бол! Аларга Куран менен (төмөнкүлөрдү) эскерт: Ар бир жан өзүнүн гана кылган иши менен өлүмгө барат. (Ошондо) ага Аллахтан башка эч бир дос, эч бир колдоочу болбойт жана (эгер күнөөсүнүн кечирилүүсү үчүн) ар кандай (баалуу) нерсени берсе да, анысы кабыл кылынбайт. Алар өз кылмыштары менен өлүмгө (тозокко) жолуктурулат. Аларга каапыр болгондору үчүн(тозокто) кайнак суу менен жан ооруткан азап бар!

Айткын: (“О, мушриктер), биз (силерге окшоп) Аллахтан башка, пайда, да, зыян да жеткире албай турган нерселерге дуба кылмак белек?! Жана да, жер бетиндеги, (бир жагынан) шайтандар азгырып, (экинчи жагынан) өзүнүн достору “кел” деп, туура жолго чакырып турганда (орто жолдо) эмне кылаарын билбей калган адам сыяктуу, Аллах туура жолго баштап койгон соң, дагы артыбызга кайтмак белек?!” Айткын: “Туура жол - бул Аллахтын жолу жана биз ааламдардын Раббисине моюн сунууга буюрулганбыз”.

(Дагы биз) “Намазды толук окугула жана Аллахка такыба болгула” (деп буюрулганбыз). Ал – баарыңар чогулуп бара турган Аллах.

Ал - асмандар менен жерди акыйкат менен жараткан Аллах. Ал “бол!” деген күндө болуп (жаралып) калат. Анын Сөзү - чындык! «Сур» (деген чоор) тартылган күнү бүт падышалык Ага гана таандык болот. Ал көрүнгөндү да, көмүскөнү да Билүүчү! Ал – Даанышман, Кабардар.

Эстегин: Ибрахим атасы Аазарга: “(Ушул пайдасы да, зыяны да жок) таштарды ибадат кылууга татыктуу кудайлар деп эсептейсизби? Мен сизди жана коомуңузду анык адашууда деп ойлоймун” - деди.

Ошондой эле, Биз Ибрахим анык ишенүүчүлөрдөн болуусу үчүн асмандардагы жана жердеги мүлктөрдү көрсөттүк.

Аны түн (караңгылыгы) ороп алганда (чырактай) жылдызды көрүп: “Бул - менин Раббим” деди. Ал эми, жылдыз көрүнбөй калганда “Жоголуп кетүүчүлөрдү сүйбөймүн” деди.

Анан, (жаркырап) чыгып келген Айды көрө калып: “Мына, менин Раббим!” - деди. Кийин, Ай дагы жоголуп кеткенде “Эгер Раббим мени туура жолго баштабаса, адашуучулардан болуп каламын!” - деди.

Андан соң, (нур чачып) чыккан Күндү көрүп, «Раббим – ушул! Ушул эң чоңу!» деди. Анан Күн дагы батып кеткенде: (Асман-Жер мүлктөрүнүн Кудай эместигине анык ишенип, жалгыз Рабби - Аллах экенинен шек санабай) “О, элим! Мен силер (Аллахка) шерик кылып жаткан (бардык) нерселерден тазамын! - деди.

Мен адашуудан акыйкатка кайтып, асмандарды жана жерди жараткан чыныгы Кудайга (Аллахка) жүзүмдү бурдум жана (эч качан) мушриктерден болбоймун” - деди.

Ага (каршы) эли каяша айта баштаганда, ал: “Мени менен Аллах тууралуу тартышып жатасыңарбы?! Ал мени туура жолго баштады! Мен силер (Аллахка) шерик кылып жаткан “кудайыңардан” коркпоймун! (Алар эч кандай пайда-зыян тийгизе албайт) Бир гана, Раббим каалаган нерсе болот. Менин Раббим бардык нерсени Өз илими менен ороп алган. (Ушулар жөнүндө) ойлонсоңор болбойбу?!” - деди.

Силер (анын кудай экенине Аллах) эч бир далил түшүрбөгөн нерселерди Аллахка шерик кылуудан коркпосоңор, мен силер (Аллахка) шерик кылган “кудайлардан” коркуп калмак белем?! Эгер билсеңер, айткылачы, кайсыл тарап бейпилдикке көбүрөөк акылуу (силерби же менби)?

(Жалгыз Раббиге) ыйман келтирип, ыймандарына зулумдук (ширк) аралаштырбаган адамдарга гана тынчтык-амандык болот жана ошолор - туура жолго түшкөндөр!

(Мушрик болгон) коомунан жогору (келүү үчүн) Биз Ибрахимге берген далилдер – ушулар. Биз каалаган пендебиздин даражасын көтөрөбүз. Акыйкатта, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.

Биз ага (Ибрахимге) Исхак менен (анын уулу) Яькубду[1] тартууладык. Биз ал экөөнү тең туура жолго баштаганбыз жана (алардан) мурун Биз Нухту туура жолго багыттадык. Дагы анын урпактарынан Даудду, Сулайманды, Айюбду, Юсуфту, Мусаны жана Харунду (туура жолго багыттаганбыз). Жакшылык кылуучу адамдарды Биз ушинтип сыйлайбыз.

Ошондой эле Закария, Яхия, Иса, Илясты (дагы туура жолго баштадык) бардыгы салих (жакшы, такыба) адамдардан эле.

Ошондой эле Исмаил, Ал-Ясаь, Юнус, Лутту да (туура жолго багыттадык) жана баарын ааламдардан абзел-артыкча кылдык.

Алардын аталарын, урпактарын жана ага-инилерин да (башка элдердин арасынан) тандап алып, туура жолго баштадык.

Ушул - Аллахтын туура жолу. Пенделеринин арасынан Өзү каалаганын ушул жолго баштайт. Эгер алар Аллахка шерик кошчу болсо, (ким болгонуна карабай) кылган (жакшы) иштеринин баары текке кетет.

Ошолор – Биз аларга Китепти, өкүмдү жана пайгамбарлыкты берген адамдар. Эгер алар (мушриктер аяттарга) каапыр болушса, Биз аны каапыр болбой турган башка адамдарга тапшырабыз.

Ошолор (жогоруда айтылгандар) Аллах туура жолго баштаган пайгамбарлар. (О, Мухаммад!) Сен ошолордун гана жолуна ээрчигин. (Коомуңа Аллахтын сөздөрүн окуп берип:) “Мен бул үчүн силерден акы сурабаймын. Бул ааламдар үчүн эскертүү” дегин.

Алар (Мекке мушриктери менен жөөттөр) Аллахка туура баа бере албай, бир кезде: “Аллах адамзатка эч нерсе түшүргөн жок” - дешти. Айткын: “Муса адамдарга туура жол, Нур болуусу үчүн алып келген, силер аны кагаздарга жазып алып, кээ бирин гана (элге) ашкере көргөзүп, көп бөлүгүн жашырып койгон жана силер да, ата-бабаңар да билбеген нерселерди силерге үйрөткөн Китепти (Тооратты) ким түшүрдү эле?!” Айткын: “Аллах (түшүргөн)!” Кийин аларды адашуусунда тереңдеп, ойноп-күлгөн абалында таштап кой!

Биз сага түшүргөн бул Китеп Ыйык-берекелүү. Өзүнөн мурунку китептерди тастыктоочу жана шаарлардын энеси (Мекке) менен анын тегерегинде[1] жашаган адамдарга насаат-эскертүүчү болуп (түшкөн). Акыретке ыйман келтирген адамдар, ага да ыйман келтиришет жана алар намаздарын сакташат (убактысында окушат).

Өзүнө эч кандай аян-кабар келбесе деле, Аллах жөнүндө жалганды ойлоп таап: “Мага Аллахтан аян-кабар келди” жана “Мен деле Аллах түшүргөн сыяктуу Дин-Шарият түшүрө (түзө) аламын” деген адамдардан өткөн залым барбы?! Сен ошол залымдардын өлүм алдында жаткан учурун жана периштелер аларга колун созуп : “Жаныңарды чыгаргыла! Бүгүн силер Аллахтын аяттарынан текеберлене жүз үйрүп, Аллахтын атына жалган-жалааларды айтканыңар себептүү кордук азабы менен жазаланасыңар” дегенин бир көрсөң...

Бизге, биринчи жолу жаратканым сыяктуу, өзүңөр жалгыз келдиңер го. Биз берген (байлык, бийлик, дос, жардамчы ж.б.у.с.) нерселерди да артыңарга таштап келдиңер. Силер Аллахтын шериги деп эсептеген жардамчыңарды дагы көрбөй жатабыз?! Араңар үзүлдү, силер (пайда деп) ойлогон нерсеңер жок болду!

Аллах данды да, данекти да жаруучу![1] Өлүктөн тирүүнү чыгарат жана тирүүдөн өлүктү чыгарат![2] (Ал) ушундай Аллах! Дагы (Ага ибадат кылбай) кайда кетип баратасыңар?!

(Ал түндү) жарып таңды чыгаруучу жана Ал түндү башпаанек, Күн менен Айды эсеп (убакытты билдирип туруучу нерселерден) кылды. Бул – Кудуретүү, Билүүчү Аллахтын тагдыры.

Ал жылдыздарды силер, аны менен деңиздердин жана кургактыктын караңгылыгында жол табууңар үчүн жараткан. Биз (Өз кудуретибизге далил болгон) белгилерди, билген адамдар үчүн (ушинтип) толук баян кылдык.

Ал силердин жаратылууңарды бир гана жандан (Адам-Атадан) баштаган. (Бардык адамдар) түбөлүк жайда жана убактылуу орундарда (болушат).[1] Түшүнгөн адамдар үчүн Биз далилдерди толук баян кылдык.

Ал асмандан (адамдар, айбандар жана өсүмдүктөр күткөн) сууну түшүрдү. Кийин Биз ал (суу) менен түрдүү өнүп-өскөн нерселерди чыгардык. Алардан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо, тизилген дандарды (машактарды) чыгарабыз. (Ошондой эле) курмадан - анын муун-бутактарынан (терип алуучулар үчүн) ийилген кош шиңгилдер (чыгарылат). (Биз) жүзүм бактары менен бирге зайтундан, анардан бири-бирине окшогон жана окшобогондорун чыгарабыз. (О, адамдар!) Силер алардын ар биринин түйгөн жана бышып жетилген мөмөлөрүнө карагыла. Албетте, бул байкооңордо ыймандуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) далилдер бар.

(Мушриктер) Аллахга жиндерди шерик кылышты. Чынында, бардыгын Аллах жараткан. Дагы алар илимсиздик менен Анын (Аллахтын) уул - кыздары бар деп жалаа жабышты. Аллах, алар сыпаттагандан Таза жана Бийик.[1]

(Ал) Асмандарды жана жерди жоктон бар кылган. Анын аялы жок болсо, баласы кайдан болсун?! Ал бардыгын Өзү жараткан жана Ал бардык нерселерди Билүүчү.[1]

Ушул Аллах - силердин Раббиңер![1] Ибадат кылууга татыктуу эч бир кудай жок, Анын Өзү бар. Ал ар бир нерсенин жаратуучусу. Эми, Ага гана ибадат кылгыла! Ал бардык нерселердин Башкаруучусу.

Көздөр аны камтый албайт. Ал көздөрдү камтыйт.[1] Ал – Латиф[2] (жана) Кабардар

(О, Мухаммад, адамдарга айт:) «Силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер келди. Ким аларды көрсө - өзүнө пайда. Ким сокур болуп алса - өзүнө зыян! Мен силердин үстүңөрдө кароол эмесмин».

Ошентип, (о, Мухаммад, сага каапырлар “Куранды бирөөлөрдөн) үйрөнгөнсүң” деп айтуулары үчүн жана аны билген (түшүнгөн) адамдарга баян кылып беришибиз үчүн аяттарыбызды ар түрдүү таризде тизмектеп бердик.

Өзүңө Раббиң тарабынан аян-кабар кылынган нерселерди гана ээрчигин. Ибадат кылууга татыктуу эч бир кудай жок, жалгыз Ал гана бар. Сен мушриктерден жүз бур!

Эгер Аллах каалаганда, алар ширк келтиришпейт эле.[1] Биз сени аларга кароолчу кылбадык жана сен аларга өкүл (жоопкер) да эмессиң.

(О, ыймандуулар!) Аллахтан башкага дуба (ибадат) кылгандарды(н “кудайларын”) акаарат кылбагыла. Антсеңер, алар дагы душмандык кылып, илимсиздик менен Аллахты сөгүшөт. Биз бардык элдерге өз амалдарын кооз көргөзүп койдук. Кийин, бардыгынын кайтаар жери – Раббисине. Анан Ал (бардыгына бул дүйнөдө) жасаган иштеринин кабарын берет.

(Мушриктер) эгер аларга бир мужиза келсе, ага сөзсүз ыйман келтирүүлөрү жөнүндө жан үрөп Аллахтын аты менен ант ичишет. Айткын: “Мужизалар Аллахтын алдында”. Силерге эмне билдирди?! Чынында, мужиза келсе да алар ыйман келтиришпейт!

(Аларга) биринчи ирет (сунушталганда) ыйманга келбегендери сыяктуу Биз алардын көздөрүн жана жүрөктөрүн оодарып койобуз жана аларды адашуучулугунда тентиген абалда таштап коёбуз.

Эгер биз аларга (пайгамбарга жолуккан) периштелерди түшүрсөк да, эгер аларга (Мухаммад алып келген нерсенин чындыгын) өлүктөр (тирилип) айтып берсе да, (мужизанын) баарын аларга тобу менен алып келсек да ыйман келтиришпейт. Аллах кааласа гана ыйман келтиришет. Бирок, алардын көпчүлүгү наадан адамдар.

Ошондой эле, Биз ар бир пайгамбарга адам жана жинден болгон шайтандарды душман кылып койдук. Алар алдоо үчүн бир-бирине (жалган) бал сөздөрдү шыбырашышат. Эгер, Раббиң кааласа андай кылмак эмес. Эми, аларды жалгандан чыгарган жалаалары менен (бирге) таштап сал,

Ал сөздөргө Акыретке ыйман келтирбеген адамдардын жүрөктөрү муюп, ыраазы болуп, билген (арам) иштерин жасап жүрө берүүсү үчүн!

(Айткын): «Аллахтан башканы өкүмдар кылып алайынбы?! Ал силерге Китепти, (бардык адал-арамды) толук (баяндоочу) кылып түшүрдү». Биз Китеп берген элдер (яхудилер менен христиандар) Курандын Раббиң тарабынан Акыйкат менен түшүрүлгөнүн билишет. (Сен буга) шектенүүчүлөрдөн болбо!

Раббиңдин Сөздөрү бардык чындык – адилетти (баяндап) бүтүргөн. Анын Сөздөрүн өзгөртүүчү жок. Ал – Угуучу, Билүүчү.

Эгер сен жер бетиндегилердин көпчүлүгүнө моюн сунсаң, сени Аллахтын жолунан адаштырып салышат. (Анткени,) Алар күмөнгө гана ээрчишет жана жалгандарды ойлоп табышат.[1]

Албетте, сенин Раббиң, Өзүнө алып барчу жолдон адашып кеткендерди эң жакшы билет жана туура жол тапкандарды да эң жакшы билет.

(О, ыймандуулар!) Эгер Аллахтын аяттарына ыйман келтирген болсоңор, Аллахтын ысымы айтылган нерселерден гана жегиле.

Силерге эмне болду, Аллахтын ысымы айтылган нерселерден жебей жатасыңар?! Аллах силерге арам болгон нерселерди толук баяндап берди го! Бир гана аргасыз калганыңарда (жан сактоо үчүн жесеңер – уруксат). Албетте, көпчүлүк адамдар билбестиктен улам, өз каалоолорун ээрчип, адашып кетишүүдө. Раббиң чектен чыгуучуларды жакшы билет.

Күнөөлөрдүн көрүнгөнүн да, көмүскөсүн да таштагыла! (Кандай болбосун) күнөө иш жасаган адамдар кылмыштарына жараша жакында жазаларын алышат.

Аллахтын ысымы эскерилбеген нерселерден жебегиле! (Анткени,) Ал – анык бузукулук! Албетте, шайтандар өздөрүнүн досторуна (мушриктерге) силер менен талашып-тартышууну илхам кылышат. Эгер аларга моюн сунсаңар, силер дагы мушриксиңер![1]

Жаны жок кезде Биз ага жан берип, адамдар арасында аны менен (жолун жарытып) жүрө турган нурду колуна карматып койгон адам караңгылыктан чыкпай жүргөн адамга окшомок беле?[1] Ушул сыяктуу, каапырларга өздөрүнүн жасап жаткан иштери (шайтандар тарабынан) кооз көргөзүлүп коюлган.

Ошентип, Биз ар бир айыл-шаарга, ошол жерде (динге каршы) айла-амал кылуусу үчүн, күнөөкөр чоңдорун койдук. Алар амалкөйлүк кылышат, бирок сезбеген абалда өздөрүн-өздөрү алдашат.[1]

Эгер аларга (Ислам чындыгына) далил келчү болсо (текеберленишип): “Аллахтын пайгамбарларына берилген нерсе (пайгамбарлык) бизге да берилмейинче ыйман келтирбейбиз” - дешет. Аллах Өз пайгамбарлыгын кимге берүүнү жакшы билет. Күнөөкөр адамдар болсо, Аллахтын алдында, (динге каршы) айлакерликтери үчүн кор кылуучу, катуу азапка дуушар болушат.

Аллах кимди туура жолго баштоону кааласа, анын көкүрөгүн Исламга ачып койот. Ал эми, кимди адаштырууну кааласа, анын көкүрөгүн, асманга көтөрүлүп бараткан сыяктуу тар кылып койот. Аллах ыйман келтирбегендерди мына ушинтип жазалайт.

Мына ушул (айтылгандар) Раббиңдин туура жолу. Биз (Аллахты) эстеген адамдар үчүн аяттарды толук баяндап бердик.

Ошол (Аллахты эстеген) адамдарга Раббисинин алдында тынчтык үйү (бейиш) бар. Жасаган (жакшы) иштери үчүн (бейиште) аларга Аллах камкордук кылат.

Алардын баарын чогулта турган Күндө (Аллах) «О, жиндердин жамааты! Инсандардан (азгырганыңарды) көбөйтүп жибердиңер!» (дейт). Анан жиндердин (азгырыгына кабылган) инсандардан болгон достору (күнөөсүн мойнуна алып): “О, Раббибиз! Биз бири-бирибизден пайдаланган болчубуз. Эми, Өзүң бизге белгилеп койгон убакытыбызга (Кыямат сурагына) келдик” дешет. «Жайыңар тозок! - дейт (Аллах). Анда түбөлүк каласыңар! Аллах каалагандар гана (чыгарылат)» Чынында, сенин Раббиң Даанышман, Билүүчү.[1]

Ошентип, биз, жасаган кылмыштары(нын окшоштугу)на карап, залымдарды бири-бирине дос-башчы кылып койобуз.

О, жиндер жана инсандардын (каапыр) жамааты! Силерге өзүңөрдүн араңардан (Биздин) элчилер келип, Менин аяттарымды окуп берип, ушул күнүңөрдөгү жолугушуу жөнүндө силерди эскертпеди беле?! Алар: “Өзүбүзгө каршы күбө болдук!” дешет. Аларды дүйнө жашоосу(нун арам кооздуктары) алдап койгон эле. Мына эми, өздөрүнүн каапыр болгонуна өздөрү күбө болушту.

Мунун себеби: Сенин Раббиң эч бир шаарды, элдерин эскертпей туруп, адилетсиздик менен азапка дуушар кылбайт.

Ар бир адамга өзүнүн иштерине жараша даражалар бар. Сенин Раббиң алардын (пенделердин) иштеринен бейкапар эмес.

Сенин Раббиң Ырайымдуу, Беймуктаж. Эгер Аллах кааласа силерди башка коомдун тукумунан (алардын ордуна) өндүрүп чыгарганы сыяктуу, силерди да кетирип, артыңардан Өзү каалаган (башка) коомду алып келип койот.[1]

Силерге убада кылынган нерсе (Кыямат) албетте келет жана силер Аллахты алсыз кыла албайсыңар! (Ал белгилеген жазадан качып кете албайсыңар.)

Айт: “Эй, коомум! Ушул турушуңарда (билген) ишиңерди жасай бергиле. Мен да (Аллахтын буйруктарын) аткара берем. Кийин, Акырет үйүндөгү (жакшы) акыбет кимдин пайдасына болушун жакында билип аласыңар. Чынында, залымдар жеңишке жетпейт.

(Мушриктер) Аллах жараткан эгиндерден жана мал-жандыктардан Аллахка үлүш ажыратып, күмөндөрү боюнча: “Бул – Аллахка, мунусу (Аллахтан башка) кудайларыбызга” - дешти. “Кудайларына” ажыратылган нерселер Аллахка (ажыратылган үлүшкө) кошулбай, ал эми, Аллахка ажыратылган нерселер “кудайларына” (ажыратылган үлүшкө) кошула берет. (Бул) өкүмдөрү кандай жаман!

Ошондой эле, көпчүлүк мушриктерге (уруу башчыларынан жана шайтандардан болгон) “кудайлары” аларды жок кылуу жана диндерин башаламан (түшүнүксүз) кылып таштоо үчүн өз (ымыркай) балдарын өлтүрүүнү кооздоп көргөздү. Жана эгер, Аллах каалаганда (бул иштерин) жасашпайт болчу. (О, Мухаммад), аларды өздөрү ойлоп чыгарган жөрөлгөлөрү менен жөн кой![1]

Дагы алар (Аллахка жалаа жаап): “Мына бул жандыктар менен эгиндер - арам. Аларды биз каалагандан башка адамдар жебейт. Жана (мына бул) жаныбарлардын үстү(нө жүк жүктөө жана минүү) - арам. Ал эми (мына бул) жаныбарларга (аларды мууздап жатканда) Аллахтын атын айтууга болбойт” - дешти. (Бул сөздөрү) Аллахка жалаа! Аллах аларга жакында жалаа жапкандарына жараша жаза берет.

Дагы алар: “Мына бул жаныбарлардын курсагындагы (баласы) эркектерибизге - адал, аялдарыбызга - арам. Эгер өлүк (туулган) болсо, анда аял-эркеги шерик болушат (экөө тең жей берет)” - дешти. Аллах аларды (Өзү адал кылганды “арам” деп, арам кылганын “адал” деп) сыпаттагандары үчүн жакын арада жазалайт. Ал Даанышман, Билүүчү.

Илимисиздик жана кем акылдык менен балдарын өлтүрүп, өздөрүнө Аллах ырыскы кылып берген нерселерди Аллахка жалаа жабуу менен арамга чыгаргандар (өздөрүнө) зыян кылышты. Алар таптакыр адашып кетишти жана туура жолго түшүүчүлөрдөн болушпады.

Ал (силер үчүн, сөңгөктөргө) көтөрүлө турган жана көтөрүлбөй турган бактарды, курма жана ар түркүн мөмөлүү эгиндерди (бутак-жалбырагы) бири-бирине окшогон, (мөмөсү менен даамы) окшошпогон зайтун-анарларды өндүрдү. Мөмөлөгөн кезде андан жегиле жана түшүм жыйнаган күнү акысын (үшүрүн) бергиле жана ысырап кылбагыла! Ал ысырапкерлерди сүйбөйт.

Жандыктардан жүк ташыгандарын жана (мууздоо үчүн) жаткырыла тургандарын (жаратты). Аллах силерге ырыскы катары берген нерселерден жегиле. Шайтандын изинен ээрчип кетпегиле! Ал силерге анык душман.[1]

(Малдан) сегиз эркек-ургаачыны (жаратты): койдон экөө, эчкиден экөө. Айткын: “(Аллах) эки эркегин арам кылдыбы же эки ургаачысынбы. Же болбосо эки ургаачынын (ургаачы кой менен ургаачы эчкинин) курсагындагы балдарынбы? Эгер чынчыл болсоңор, мага илим менен (түшүндүрүп) айткылачы?!

Төөдөн экини (эркек-ургаачысын) жана уйдан экини (жаратты). Айткын: “(Аллах) эки эркегин арам кылды беле, же эки ургаачысынбы? Же болбосо, (бир төө, бир уйдан турган) эки ургаачынын жатынындагы нерсениби?! Же, Аллах силерге ушуну осуят кылганына күбө болдуңар беле?! Эч нерсени билбей туруп, адамдарды адаштыруу үчүн Аллахтын атынан жалган айткан адамдан залымыраак ким бар?! Аллах залым коомдорду туура жолго баштабайт!

Айткын: «Мага (Аллах тарабынан) аян-кабар кылынган нерселердин арасынан тамактануучулар үчүн (силер айткан) арам нерсени таппай турам. Бир гана тарп, төгүлгөн кан, же доңуздун эти болсо - ал ыпылас, арам! Же фасыктык менен Аллахтан башкага арнап союлган болсо (бул дагы арам)». Ал эми, ким (ошол арамдан башка жегилик таппай) аргасыздыктан, араанын агытпай, (өзөктү жалгаганга чейинки) чектен чыкпай (жесе), албетте, сенин Раббиң Кечиримдүү, Ырайымдуу.

Жана, биз яхудилерге бардык (ай) туяктууларды арам кылган элек. Ал эми, уй-койлордон болсо, аларга жонундагы, ичегилериндеги (чарбы) майларынан жана сөөккө аралашкан (чучук) майларынан башка майларын арам кылган болчубуз. Бул алардын зулум кылганы үчүн биздин жазабыз. Жана чынында, биз - Акыйкатчылбыз.

Эгер сени (яхудилер) “жалганчы” дешсе, айткын: “Раббиңердин ырайымы кенен. (Бирок, билип койгула:) Анын азабы кылмышкер коомдон кайтарылбайт!

Мушриктер сага: “Эгер Аллах каалаганда биз деле, ата-бабаларыбыз деле мушрик болбойт элек жана эч нерсени (өзүбүзчө) арам кылып албайт элек” - дешет.[1] Алардан мурунку (мушриктер) деле ушинтип Биздин азаптын даамын татканга чейин (пайгамбарды) “жалганчы” дешкен. Айткын: “Силерде илим бар беле, аны бизге чыгаргыдай?! Силер күмөнгө гана ээрчип жатасыңар! Силер жалгандан башканы сүйлөбөй жатасыңар!

Айткын: “Айкын далилдер Аллахтын Өзүндө. Эгер кааласа, бардыгыңарды туура жолго салат.

Айткын: “(Эгер сөзүңөр чын болсо) Аллах ушуларды арам кылганына күбөңөрдү алып келгиле. Эгер күбөлүк беришсе, сен аларга кошулуп күбөлүк бербе жана Акыретке ыйман келтирбей, Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарган адамдардын каалоолоруна ээрчибе! Алар Раббисине (башка “кудайларды”) тең кылышат!

Айткын: “келгиле, мен силерге Раббиңер арам кылган нерселерди (Курандан) окуп берейин: «Ага эч нерсени шерик кылбагыла! Ата-энеңерге жакшылык кылгыла! Кедейликтен коркуп өз балаңарды өлтүрбөгүлө! Силерге да, аларга да Өзүбүз ырыскы беребиз. Бузук иштердин ашкересине да, көмүскөсүнө да жакындашпагыла! (Шарият белгилеген) акы(ңар) болбой туруп, Аллах (өлтүрүүнү) арам кылган жанды өлтүрбөгүлө! Акылыңарды иштетээрсиңер деп, ушул нерселерди (Аллах) силерге буюрду».

Жетимдердин малына алар эрезеге жеткенге чейин жакындабагыла! Жакшы (ниет жана) жолдор менен болсо мейли. Өлчөөнү жана таразаны адилеттүүлүк менен толуктагыла! Биз эч бир жанды кудуретинен ашыкча жумушка буюрбайбыз. Эгер сүйлөсөңөр (ал сөз өкүм болобу, же башкабы) тууган уругуңар болсо да (жан тартпай) адилеттүү болгула! Аллахка (“моюн сунабыз” деп) берген убадаңарды аткаргыла! Ушулар силерге Аллахтын буйруктары, (акыбетти) эске алышыңар үчүн.

Бул - Менин туура жолум! Ушуга гана ээрчигиле! (Буга каршы келген башка) жолдорго ээрчибегиле, силерди Анын жолунан адаштырып койот! Такыба болоорсуңар деп, (Аллах) силерге ушуларды буюрду.

Жана (бир кездерде) Биз жакшылык кылгандарга (нээмат) кемчиликсиз болуусу, бардык нерселерге Баяндама болуусу жана Ырайым-Туура Жол болуусу үчүн Мусага китепти (Торатты) бердик. Раббисине жолугууга ыйман келтиришсе ажеп эмес!

Биз сага бул Китепти (Куранды) куттуу кылып түшүрдүк. Ушуга ээрчигиле жана (Аллахтан) корккула! Ырайымына арзып калсаңар, ажеп эмес!

Силер: “Бизден мурунку эки тайпага (яхудилер менен христиандарга) китеп түшкөн. Биз болсо, алардын сабактарын билбейбиз” дебешиңер үчүн,

же болбосо, “Эгер бизге да китеп түшсө, сөзсүз аларга караганда туура жол табуучураак болмокпуз” деп айта албашыңар үчүн силерге Раббиңер тарабынан анык далилдер, туура жол жана Ырайым (болгон Куран) келди. Эми, Аллахтын аяттарын “жалган” деп, андан баш тарткан адамдан залымыраак ким бар?! Биз жакында аяттарыбыздан жүз бурган адамдарды баш тарткандыгы үчүн жаман азап менен азаптайбыз!

Алар эми эч нерсени күтүшпөйт. Бир гана өздөрүнө (өлүм) периштелери келүүсүн, же Раббиңдин келүүсүн же болбосо Раббиңдин кээ бир белгилери келүүсүн күтүшөт. Раббиңдин кээ бир белгилери келген күндө, эч бир жанга ыйманы пайда бербейт, эгер мурда эле ыйман келтирбеген же ыйманында бир жакшылык кылбаган болсо. Айткын: “Силер да күткүлө, биз дагы күтүүчүбүз”.

(Оо, Мухаммад!) Диндерин бөлүп алып, өзүнчө топ болуп кеткен адамдар... Сен эч бир нерседе алардан эмессиң (алар дагы сенден эмес). Алардын иштери Аллахка (кайтарылат) жана Ал аларга кылган иштеринин кабарын берет.

Ким (Акыретке) бир жакшылык алып келсе, ага (кеминде) он эсе көбөйтүп берилет. Ал эми, ким бир жамандык алып келсе, ошол жамандыгына барабар (бир) гана жаза берилет. Аларга эч зулумдук кылынбайт.

Айткын: “Чынында,, Раббим мени туура жолго, түз динге – Акыйкатка бурулган Ибрахимдин Динине багыттады. Ал (Ибрахим) мушриктерден эмес”.

Айткын: “Менин намазым, курмандыгым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын (жалгыз) Раббиси – Аллах үчүн!

Анын эч бир шериги жок! Мен ушуга буюрулдум жана мен мусулмандардын эң алдыңкысымын”.

Айткын: “Аллахтан башка Рабби издейинби?! Ал бардык нерселердин Раббиси го! Ар бир жандын жасаган жамандыгы, өзүнүн гана зыянына! Эч ким башка бирөөнүн (күнөө) жүгүн көтөрбөйт![1] Кийин баарыңардын кайтууңар - Аллахка! Анан Ал силерге (дин ишинде) өз ара талашканыңардын кабарын берет.

Ал силерди жер бетинде (бири-бириңерге) орунбасар кылган жана Өзү берген нерселерде силерди сыноо үчүн кээ бирөөңөрдү кээ бирөөңөрдөн бир нече даража жогору кылган (Аллах). Чынында, сенин Раббиң тез эсептешүүчү! Ал чынында Кечиримдүү, Ырайымдуу!