The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesThe congregation, Friday [Al-Jumua] - Kyrgyz translation
Surah The congregation, Friday [Al-Jumua] Ayah 11 Location Madanah Number 62
Аллахка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал – Падыша, Таза-Пакиза, Кудуреттүү жана Даанышман!
Ал уммий адамдар[1] арасына өздөрүнүн ичинен (тандап алган) пайгамбарды жиберди. Ошол (пайгамбар) аларга Аллахтын аяттарын тилават кылат, аларды (ширк жана башка күнөөлөрдөн) тазартат жана Китеп менен Сүннөттү таалим берет. Алар мындан мурда анык адашууда болушкан.
Жана (Аллах ал пайгамбарды) али аларга кошулбаган башка элдерге[1] да жиберди. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.
Бул Аллахтын каалаган пенделерине бере турган пазилети. Аллах улуу пазилет Ээси![1]
Тооратты (колдорунда) көтөргөнү менен, кийин аны(н өкүм-буйруктарын иш жүзүнө аткара) көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Аллахтын аяттарын жалганга чыгарган коомдун тамсили кандай жаман! Аллах залым коомду туура жолго баштабайт!
(Оо, Мухаммад!) Айткын: «Оо, яхудилер! Эгер силер «Бардык адамдар эмес, мына биз гана Аллахтын сүйгөн пенделерибиз» деп ойлосоңор, анда өлүмдү тилегиле, эгер чынчыл болсоңор».
وَلَا يَتَمَنَّوۡنَهُۥٓ أَبَدَۢا بِمَا قَدَّمَتۡ أَيۡدِيهِمۡۚ وَٱللَّهُ عَلِيمُۢ بِٱلظَّٰلِمِينَ [٧]
(Жок,) алар жасаган (көп күнөө) иштери себептүү эч качан өлүмдү сагынышпайт. Аллах залымдарды Билүүчү.
Айт: «силер качып (коркуп) жүргөн өлүмгө албетте жолугасыңар. Кийин, көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге жасаган ишиңердин кабарын билдирет.
Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер Жума күнү (Жума намазына чакырып) азан айтылчу болсо, тезинен Аллахты эскерүүгө (мечиттерге) шашылгыла жана сооданы (намаз бүткөнгө чейин) токтоткула. Бул өзүңөр үчүн жакшы, эгер билсеңер.
Ал эми, намаз бүткөндө Аллахтын ырыскыларын издеп, жер бетине жайылгыла жана Аллахты көп эстегиле. (Ошондо) жеңишке (бейишке) жетээрсиңер!
Алар (кээ бир мусулмандар) сооданы жана оюн-тамашаны көргөндө ошого чуркап кетишти. Сени болсо, (мечиттин минбарында) турганың бойдон калтырышты. Сен айткын: «Аллахтын алдындагы сооп соодадан жана оюн-тамашадан жакшы. Аллах эң жакшы ырыскы берүүчү.[1]