The Noble Qur'an Encyclopedia
Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languagesThe heights [Al-Araf] - Kyrgyz translation - Shamsuddin Hakimov - Ayah 155
Surah The heights [Al-Araf] Ayah 206 Location Maccah Number 7
وَٱخۡتَارَ مُوسَىٰ قَوۡمَهُۥ سَبۡعِينَ رَجُلٗا لِّمِيقَٰتِنَاۖ فَلَمَّآ أَخَذَتۡهُمُ ٱلرَّجۡفَةُ قَالَ رَبِّ لَوۡ شِئۡتَ أَهۡلَكۡتَهُم مِّن قَبۡلُ وَإِيَّٰيَۖ أَتُهۡلِكُنَا بِمَا فَعَلَ ٱلسُّفَهَآءُ مِنَّآۖ إِنۡ هِيَ إِلَّا فِتۡنَتُكَ تُضِلُّ بِهَا مَن تَشَآءُ وَتَهۡدِي مَن تَشَآءُۖ أَنتَ وَلِيُّنَا فَٱغۡفِرۡ لَنَا وَٱرۡحَمۡنَاۖ وَأَنتَ خَيۡرُ ٱلۡغَٰفِرِينَ [١٥٥]
Анан, Муса Биздин убадалашкан убактыбыз үчүн коомунан жетимиш адамды тандады.[1] Анан аларды күрүлдөк(түү чагылган) урганда (Муса) айтты: “О, Раббим! Эгер кааласаң мени да, аларды да мындан мурдараак (коомум музоого табынганда эле) өлтүрөт элең. Эми, биздин арабыздагы акмактардын ишинин кесепетинен бардыгыбызды кыйратасыңбы?! Бул иш (Сенин музоого табынгандарды кечиришиң жана мына бул акмактардын “Аллах кечире берет экен” деп, чектен чыгып, Сага адепсиздик кылышканы) Сенин сынооңдон башка нерсе эмес. Бул сыноо менен Сен каалаганыңды туура жолго баштап, каалаганыңды адаштырасың. Сен – биздин башчыбызсың. Бизди кечир жана бизге ырайым кыл! Сен эң жакшы кечирүүчүсүң![2]