عربيEnglish

The Noble Qur'an Encyclopedia

Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languages

The Fig [At-Tin] - Kyrgyz translation - Shamsuddin Hakimov

Surah The Fig [At-Tin] Ayah 8 Location Maccah Number 95

Анжирге ант, Зайтунга ант!

Жана Синай (өрөөнүндөгү) Тур тоосуна ант!

Жана мына бул тынч шаарга (Меккеге) ант![1]

Чынында Биз инсанды эң сонун келбетте жараттык.

Кийин Биз аны (эгер ибадат кылбаса тозоктогу) эң төмөн жерге кайтарабыз.

Ал эми, ыйман келтирип салих амал кылгандарга (бейиштеги бийик орундарда) түгөнгүс сооп-сыйлыктар бар.

(Оо, инсан!) Ушундан кийин сени динди “жалган” дешке эмне мажбур кылды?

Аллах эң даанышман өкүмдар эмеспи?