عربيEnglish

The Noble Qur'an Encyclopedia

Towards providing reliable exegeses and translations of the meanings of the Noble Qur'an in the world languages

The Clot [Al-Alaq] - Kyrgyz translation

Surah The Clot [Al-Alaq] Ayah 19 Location Maccah Number 96

Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен![1]

Ал инсанды уюган кандан жаратты.

Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!

Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү.

Инсанга билбегенин (Куранды жана башка илимдерди) билгизди.

Жок! Чынында, инсан чектен ашат

өзүн бай-беймуктаж көргөндө![1]

Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана.

Көрдүңбү сен тыюу салган кишини

намаз окуган пендеге?

Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо...

Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса…

(Оо, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе?

Билбейби ал Аллах көрүп турганын?!

Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз!

Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан!

Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин!

Биз дагы (“Забания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз!

Жок, сен ага[1] моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллах таалага) жакын бол![2]