Main pages

Surah The Opening [Al-Fatiha] in Kyrgyz

Surah The Opening [Al-Fatiha] Ayah 7 Location Makkah Number 1

بِسۡمِ ٱللَّهِ ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ ﴿1﴾

Ырайымдуу, Мээримдүү Аллахтын аты менен (баштаймын).

ٱلۡحَمۡدُ لِلَّهِ رَبِّ ٱلۡعَـٰلَمِینَ ﴿2﴾

Ааламдардын Раббиси – Аллахка алкыш-мактоолор болсун![1]

ٱلرَّحۡمَـٰنِ ٱلرَّحِیمِ ﴿3﴾

Ал - Ырайымдуу, Мээримдүү.

مَـٰلِكِ یَوۡمِ ٱلدِّینِ ﴿4﴾

Кыямат Күндүн падышасы.

إِیَّاكَ نَعۡبُدُ وَإِیَّاكَ نَسۡتَعِینُ ﴿5﴾

Жалгыз Сага гана сыйынабыз жана Сенден гана жардам сурайбыз! [1]

ٱهۡدِنَا ٱلصِّرَ ٰ⁠طَ ٱلۡمُسۡتَقِیمَ ﴿6﴾

(О, Жараткан!) Бизди туура жолго баштагын! [1]

صِرَ ٰ⁠طَ ٱلَّذِینَ أَنۡعَمۡتَ عَلَیۡهِمۡ غَیۡرِ ٱلۡمَغۡضُوبِ عَلَیۡهِمۡ وَلَا ٱلضَّاۤلِّینَ ﴿7﴾

Өзүң жакшылык берген адамдардын[1] жолуна (баштагын). Каарыңа учурагандардын жана адашкандардын[2] жолуна эмес.