Main pages

Surah Alms Giving [Al-Maun] in Kyrgyz

Surah Alms Giving [Al-Maun] Ayah 7 Location Makkah Number 107

أَرَءَیۡتَ ٱلَّذِی یُكَذِّبُ بِٱلدِّینِ ﴿1﴾

(Оо, Мухаммад)? сен динди «жалган» деген кишини көрдүң беле?!

فَذَ ٰ⁠لِكَ ٱلَّذِی یَدُعُّ ٱلۡیَتِیمَ ﴿2﴾

Мынаке ал, жетимди(н акысына кыянаттык кылып,) түрткүлөгөн адам!

وَلَا یَحُضُّ عَلَىٰ طَعَامِ ٱلۡمِسۡكِینِ ﴿3﴾

Жана ал жакырды тамактандырууга (элдерди) үгүттөгөн эмес.[1]

فَوَیۡلࣱ لِّلۡمُصَلِّینَ ﴿4﴾

(Кээ бир) намаз окуучуларга азап-тозок болсун!

ٱلَّذِینَ هُمۡ عَن صَلَاتِهِمۡ سَاهُونَ ﴿5﴾

Алар намаздарын унутуп коюшат.[1]

ٱلَّذِینَ هُمۡ یُرَاۤءُونَ ﴿6﴾

Алар (намазда жана башка ибадаттарда) рия[1] кылышат.

وَیَمۡنَعُونَ ٱلۡمَاعُونَ ﴿7﴾

Жана (муктаждардан) буюм-шаймандарды кызганышат.