Settings
Surah Mutual Disillusion [At-Taghabun] in Kyrgyz
يُسَبِّحُ لِلَّهِ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَمَا فِى ٱلْأَرْضِ ۖ لَهُ ٱلْمُلْكُ وَلَهُ ٱلْحَمْدُ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَىْءٍۢ قَدِيرٌ ﴿1﴾
Аллахты(н Атын) асмандардагы жана Жердеги бардык (жандуу-жансыз) нерселер аруулашат. Мүлк Аныкы, мактоо Өзүнө гана таандык! Ал - бардык нерсеге Кудуреттүү!
هُوَ ٱلَّذِى خَلَقَكُمْ فَمِنكُمْ كَافِرٌۭ وَمِنكُم مُّؤْمِنٌۭ ۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ ﴿2﴾
(Оо, инсандар!) Ал силерди жараткан. Силердин араңарда каапыр да бар, ыймандуу да бар. Аллах бардык ишиңерди Көрүүчү!
خَلَقَ ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضَ بِٱلْحَقِّ وَصَوَّرَكُمْ فَأَحْسَنَ صُوَرَكُمْ ۖ وَإِلَيْهِ ٱلْمَصِيرُ ﴿3﴾
Ал асмандар менен жерди акыйкат менен жаратты, силерге эң сонун келбет берди жана көрүнүшүңөрдү көрктүү кылды. Кайтып баруу – Өзүнө!
يَعْلَمُ مَا فِى ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلْأَرْضِ وَيَعْلَمُ مَا تُسِرُّونَ وَمَا تُعْلِنُونَ ۚ وَٱللَّهُ عَلِيمٌۢ بِذَاتِ ٱلصُّدُورِ ﴿4﴾
Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерсени билет жана силердин сырыңарды да сыртыңарды да билет. Аллах жүрөктөрдө катылган нерселерди да Билүүчү!
أَلَمْ يَأْتِكُمْ نَبَؤُا۟ ٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ مِن قَبْلُ فَذَاقُوا۟ وَبَالَ أَمْرِهِمْ وَلَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌۭ ﴿5﴾
(Оо, мушриктер!) силерге мурдагы каапыр жамааттардын кабары келбеди беле? Алар өз кылмыштарынын жазасын тартышкан.[1] Жана аларга (Кыяматта) катуу азап бар.
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُۥ كَانَت تَّأْتِيهِمْ رُسُلُهُم بِٱلْبَيِّنَٰتِ فَقَالُوٓا۟ أَبَشَرٌۭ يَهْدُونَنَا فَكَفَرُوا۟ وَتَوَلَّوا۟ ۚ وَّٱسْتَغْنَى ٱللَّهُ ۚ وَٱللَّهُ غَنِىٌّ حَمِيدٌۭ ﴿6﴾
Мунун себеби, аларга пайгамбарлары анык далилдерди алып келгенде «бизди адам перзенти туура жолго баштайт бекен?» деп, каапыр болуп, жүз буруп кетишти.[1] Аллах аларга муктаж эмес. Аллах – Беймуктаж, Макталган!
زَعَمَ ٱلَّذِينَ كَفَرُوٓا۟ أَن لَّن يُبْعَثُوا۟ ۚ قُلْ بَلَىٰ وَرَبِّى لَتُبْعَثُنَّ ثُمَّ لَتُنَبَّؤُنَّ بِمَا عَمِلْتُمْ ۚ وَذَٰلِكَ عَلَى ٱللَّهِ يَسِيرٌۭ ﴿7﴾
Каапырлар «биз эч качан кайра тирилбейбиз» деп ойлошту. Айткын: «жок, андай эмес! Раббиме ант ичип айтамын: силер шексиз (Аллахтын кудурети менен) кайра тирилесиңер жана албетте, силерге жасаган ишиңердин кабары берилет. Бул Аллах үчүн жеңил.
فَـَٔامِنُوا۟ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلنُّورِ ٱلَّذِىٓ أَنزَلْنَا ۚ وَٱللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌۭ ﴿8﴾
Эми, (эсиңерге келип) Аллахка, Анын пайгамбарына жана биз түшүргөн Нурга (Куранга) ыйман келтиргиле! Аллах бардык ишиңерден Кабардар!
يَوْمَ يَجْمَعُكُمْ لِيَوْمِ ٱلْجَمْعِ ۖ ذَٰلِكَ يَوْمُ ٱلتَّغَابُنِ ۗ وَمَن يُؤْمِنۢ بِٱللَّهِ وَيَعْمَلْ صَٰلِحًۭا يُكَفِّرْ عَنْهُ سَيِّـَٔاتِهِۦ وَيُدْخِلْهُ جَنَّٰتٍۢ تَجْرِى مِن تَحْتِهَا ٱلْأَنْهَٰرُ خَٰلِدِينَ فِيهَآ أَبَدًۭا ۚ ذَٰلِكَ ٱلْفَوْزُ ٱلْعَظِيمُ ﴿9﴾
(Аллах) силерди чогулуш күнүнө чогулткан (Кыямат) күндү (эстегиле). Ал – Тагаабун Күнү![1] Ким Аллахка ыйман келтирип, жакшы амалдарды кылган болсо, (Аллах) анын күнөөлөрүн кечирип, астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизет. Алар анда түбөлүк калышат. Бул – Улуу жетишкендик!
وَٱلَّذِينَ كَفَرُوا۟ وَكَذَّبُوا۟ بِـَٔايَٰتِنَآ أُو۟لَٰٓئِكَ أَصْحَٰبُ ٱلنَّارِ خَٰلِدِينَ فِيهَا ۖ وَبِئْسَ ٱلْمَصِيرُ ﴿10﴾
Ал эми, каапыр болуп, Биздин аяттарыбызды жалган дегендер тозок ээлери болуп, анда түбөлүк калышат. Кандай жаман акыбет!
مَآ أَصَابَ مِن مُّصِيبَةٍ إِلَّا بِإِذْنِ ٱللَّهِ ۗ وَمَن يُؤْمِنۢ بِٱللَّهِ يَهْدِ قَلْبَهُۥ ۚ وَٱللَّهُ بِكُلِّ شَىْءٍ عَلِيمٌۭ ﴿11﴾
(Пенделерге) жеткен ар бир балээ Аллахтын гана уруксаты менен болот. Ким Аллахка ыйман келтирсе, анын жүрөгүн туура жолго багыттап койот. Аллах бардыгын Билүүчү!
وَأَطِيعُوا۟ ٱللَّهَ وَأَطِيعُوا۟ ٱلرَّسُولَ ۚ فَإِن تَوَلَّيْتُمْ فَإِنَّمَا عَلَىٰ رَسُولِنَا ٱلْبَلَٰغُ ٱلْمُبِينُ ﴿12﴾
Аллахка моюн сунгула, пайгамбарга моюн сунгула! Эгер моюн сунбасаңар (өзүңөргө зыян). Биздин элчибиздин милдети (акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат.
ٱللَّهُ لَآ إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۚ وَعَلَى ٱللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ ٱلْمُؤْمِنُونَ ﴿13﴾
(Ал –) Аллах! Бир Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Ыймандуулар Аллахка гана тобокел кылышсын!
يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓا۟ إِنَّ مِنْ أَزْوَٰجِكُمْ وَأَوْلَٰدِكُمْ عَدُوًّۭا لَّكُمْ فَٱحْذَرُوهُمْ ۚ وَإِن تَعْفُوا۟ وَتَصْفَحُوا۟ وَتَغْفِرُوا۟ فَإِنَّ ٱللَّهَ غَفُورٌۭ رَّحِيمٌ ﴿14﴾
Оо, ыйман келтирген пенделер! (Кээ бир учурда) силерге аялдарыңар менен перзенттериңер арасынан (Аллах Жолунан тосуучу) душмандар чыгат. Алардан абайлагыла! Эгер аларды кечирип, айкөлдүк кылсаңар (билип алгыла) Аллах - Кечиримдүү, Ырайымдуу!
إِنَّمَآ أَمْوَٰلُكُمْ وَأَوْلَٰدُكُمْ فِتْنَةٌۭ ۚ وَٱللَّهُ عِندَهُۥٓ أَجْرٌ عَظِيمٌۭ ﴿15﴾
Чынында, мал-дүйнөңөр менен бала-чакаңар силерге сыноо. Аллахтын алдында улуу сооптор бар.
فَٱتَّقُوا۟ ٱللَّهَ مَا ٱسْتَطَعْتُمْ وَٱسْمَعُوا۟ وَأَطِيعُوا۟ وَأَنفِقُوا۟ خَيْرًۭا لِّأَنفُسِكُمْ ۗ وَمَن يُوقَ شُحَّ نَفْسِهِۦ فَأُو۟لَٰٓئِكَ هُمُ ٱلْمُفْلِحُونَ ﴿16﴾
Аллахтан алыңар жеткенче такыба кылгыла жана (пайгамбардын өкүм-насааттарын) угуп, моюн сунгула. Жана (Аллах Жолунда) садака кылгыла. (Бул ишиңер) өзүңөргө жакшы. Ким напсинин ачкөздүгүнөн сактана алган болсо, дал ошолор жеңишке жеткендер.
إِن تُقْرِضُوا۟ ٱللَّهَ قَرْضًا حَسَنًۭا يُضَٰعِفْهُ لَكُمْ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ۚ وَٱللَّهُ شَكُورٌ حَلِيمٌ ﴿17﴾
Эгер Аллахка жакшынакай карыз берсеңер,[1] силерге бир нече эсе[2] көбөйтүп кайтарат жана (буга кошумча иретинде) күнөөңөрдү да кечирет. Аллах жакшылыктаррга шүгүр кылуучу жана (пейили) Жумшак.
عَٰلِمُ ٱلْغَيْبِ وَٱلشَّهَٰدَةِ ٱلْعَزِيزُ ٱلْحَكِيمُ ﴿18﴾
(Аллах) кайыпты да, ашкерени да Билүүчү, Кудуреттүү, Даанышман!