Settings
Surah Solace [Al-Inshirah] in Kyrgyz
Surah Solace [Al-Inshirah] Ayah 8 Location Makkah Number 94
أَلَمْ نَشْرَحْ لَكَ صَدْرَكَ ﴿1﴾
(Оо, Мухаммад!) Биз сенин көкүрөгүңдү кеңейтпедикпи?[1]
وَوَضَعْنَا عَنكَ وِزْرَكَ ﴿2﴾
Сенден күнөө(лөрү)ңдү алып салдык.
ٱلَّذِىٓ أَنقَضَ ظَهْرَكَ ﴿3﴾
Ал сенин желкеңди эзип турган.
وَرَفَعْنَا لَكَ ذِكْرَكَ ﴿4﴾
Жана Биз сенин атагыңды көтөрдүк.[1]
فَإِنَّ مَعَ ٱلْعُسْرِ يُسْرًا ﴿5﴾
Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
إِنَّ مَعَ ٱلْعُسْرِ يُسْرًۭا ﴿6﴾
Албетте, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар.
فَإِذَا فَرَغْتَ فَٱنصَبْ ﴿7﴾
Эми, качан (намаздан) бошосоң (көп дуба кылууга) тырыш
وَإِلَىٰ رَبِّكَ فَٱرْغَب ﴿8﴾
жана Раббиңе[1] гана умтул!